Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Википедияны акчага байланбагандар байытат


Кыргыз википедиясы
Кыргыз википедиясы

Интернет энциклопедия деп аталган Википедия сайтындагы кыргызча макалалардын саны 80 миңден ашты.

10-ноябрда Бишкектеги кофеканалардын бирине кыргыз Википедиясынын түзүүчүлөрү жана ондон ашуун окурмандары чогулушту. Алар кофе-чай ичкенче кыргыз википедиясындагы ийгиликтерди талкуулашты.

Бул жыйын маалымат казынасы деп аталган сайттагы кыргызча макалалардын саны 80 миңден ашканына байланыштуу "Биздин мурас" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 15 википедиячынын бири деп таанылган Чоробек Сааданбек жыйынга чогулгандарга маалымат берип, википедияга кыргызча макала чогултуу жаатындагы пикирлерин ортого салды:

- Азырынча 80 миң чектен аштык. Эмки жылы макалалардын санын андан да көбөйтүүгө аракет кылабыз.

Чоробек Сааданбек кыргыз википедиясы тууралуу маалымат берүүдө.
Чоробек Сааданбек кыргыз википедиясы тууралуу маалымат берүүдө.

Кыргызча википедияга түрдүү багыттагы макалалар жайгаштырылган. Арасында кыргыздардан чыккан жана башка элдердин көрүнүктүү инсандарынын таржымалы, окуялар камтылган. Соңку кездери интернеттин негизги колдонуучулары болгон жаш муундун суроо-талаптарына шайкеш макалалар көбөйтүлдү:

- Сахна, кино жылдыздары тууралуу маалыматтар, кызыктуу китептер, технологиядагы жаңылыктарды улам киргизип жатабыз. Соцтармактар тууралуу маалыматтарды камтыган эки миңдей макаланы жайгаштырдык.

Кыргыз википедиясында Сагымбай Орозбаков менен Курманжан Датка тууралуу макалалар топ жарып, эң көп окулду. Анын да себеби бар. Биз ал эки макаланы баш баракка жайгаштырганбыз. Ошондуктан, сайтка кирген адам дароо аларды көрөт жана ачып окуйт. Демек, бул эки макала элдин өз каалоосуна жараша эң көп окулган десек калыс статистика болбой калат. Макалалардын санын 100 миңден ашырсак, балким анык статистика чыга баштайт, - деди Чоробек Сааданбек.

Википедияда алгачкы кыргыз тилиндеги баракча 2002-жылы ачылган. Бирок кыргызча макалалар 2011-жылдан тарта көбөйгөн. Учурда окурмандардын саны ай сайын бир жарым миллионго чамалайт. Күнүгө 50 миңдин тегерегинде адам сайтты ачат.

Макалалардын санын көбөйтүүгө "Сорос-Кыргызстан" уюму каржылаган WikiTranslate-2017 долбоорунун салымы чоң болду. "Биздин мурас" коомдук фонду ишке ашырган долбоордо он бештей адам эмгектенип, миңдеген маалыматтарды кыргызчага которуп, сайтка жайгаштырды. Котормочулардын бири Элмурат Аширалиев:

- Кыргызстанда википедиядагы макалаларды көбөйтүү акчага байланып калгандай. Котормого акча үмүт кылышат. Негизи, дүйнөлүк практикада википедиядагы макалаларды адамдар ыктыярдуу түрдө өз тилине которуп, жарыялайт. Андыктан, кыргыз тилиндеги макалаларды көбөйтүүгө баарыбыз кызыкдар болушубуз керек.

Элмурат Аширалиев
Элмурат Аширалиев

​Интернеттеги Википедия сайтынан 300гө жакын тилдерде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга макала киргизип же буга чейин жазылгандарды түзөтө алат. Бирок маалыматтар ишенимдүү булактар менен бышыкталган болушу кажет. Андай шилтемелер болбосо, макала өчүрүлөт.

Аталган сайтта макалалардын саны боюнча кыргызча баракча 67-орунда турат. Боордош элдерден казак жана өзбек тилиндеги баракчалар бир топ алдыда.

Маалымат казынасында кыргызча макалалардын көбөйүшүнө салым кошкондор арасында Чоробек Сааданбек, Аида Бишкек, Тынчтыкбек Чоротегин жана башка кишилердин ысымдары аталып жүрөт.

Википедия сайтын 2001-жылы 15-январда америкалык Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер түзүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG