«Саламдын» кадамы арбый элек

"Кыргызтелеком".

Былтыр август айында ишке кирген «Salam» уюк оператору 15 миңдин тегерегинде гана кардар топтоду. Чоң-чоң убадалар менен башталган долбоордун иши анча жылбай турат.

Маалыматка караганда, «Salam» кеминде 500 миңге чейин абонент тартып, эки жыл аралыгында кирешелүү оператор болмок. Бирок ал максат орундала элек.

2019-жылы «Альфа Телеком» жана «КТ-Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүлгөн.

Жаңы байланыш операторунун тармагында былтыр август айында биринчи чалуу аткарылып, «0880» коду менен Сим-карталар сатыла баштаган. «КТ-Мобайл» ишканасынан «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, ушул тапта уюк оператордун 15 миңдин тегерегинде кардары бар.

Бул чуу менен түзүлгөн компаниянын унутулуп бараткан ишине кайрадан сын жана дооматты пайда кылды.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев «Salam» оператору түзүлөр алдында берилген убадаларды эске салды.

Марлен Маматалиев.

«Компания бизге көрсөткөн бизнес долбоор боюнча алар белгилүү бир убакыт ичинде 15 миң эмес, 500 миңдей кардар топтомок. «500 миңге чейин абонент биздики болот. Рынокту алабыз» деп айтышкан. «Байланышты бардык операторлордон арзан кылабыз. Ошондо рынок бизге өтөт. Ушуга байланыштуу акча да көп кеткени жатат» деп маалымат беришкен. Азыр 15 миң эле абоненти болсо, иш начар экен», - деди Маматалиев.

«Salam» өз алдынча техникалык тейлөө борборун курбайт. Ал «Альфа Телеком» компаниясынын техникалык жабдуусун, станцияларын колдонуп жатат. Ошондуктан, виртуалдык оператор катары иш жүргүзүүдө.

«КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчиси Мирлан Кубаталиев айтылган сынга макул эмес. Ал уюк оператор «Кыргызтелеком» ишканасынын стационардык телефондору менен байланышта иштеп, чөнтөк телефондон бекер чалууга мүмкүнчүлүк алганын, бул «Salam» операторунун артыкчылыгы экенин айтууда.

Кубаталиевдин сөзүнө караганда, Кыргызстандын шартында уюк операторлор чыгымды аз убакытта актабайт.

«Уюктук оператор - чоң бизнес. Ал өзүн бир жылда актабай турганын түшүнүшү керек. Кеминде беш жылда натыйжа берсе жакшы. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Анын үстүнө Кыргызстанда үч оператор бар. Биз бул тармакка төртүнчү болуп кирдик. «Salam» операторунун алдыга койгон тапшырмасы бар. Бирок ал бир жылда эле аткарылып калбайт».

«Salam» операторунун эн белгиси.

Төртүнчү оператордун дымагы

Кыргызстанда «Salamдан» башка үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.

Депутат Марлен Маматалиев атаандаштык жана алдыдагы тобокелдиктерге карабастан «Salam» оператору аз убакытта кирешелүү ишкана болору тууралуу убадалар берилгенин айтты.

«Ошол учурда «1,5-2 жылдын ичинде эбегейсиз киреше алып келген компания болобуз. Компанияга берилип жаткан акчаны кайра үч жылда кайтарып беребиз» дешкен. Азыр бизнес долбоордо айткан максатка жете албай жатат. Биз болсо бул долбоорго акчаны берип салдык. Бизге ушул оператор керек беле убакыт көргөздү».

Талдоочулар өлкөдө кардарлардын санын эске алганда төртүнчү байланыш операторун түзүүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроо боюнча кайчы пикирде.

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев виртуалдык оператор түзүү жакшы тажрыйба болгонун айтып жатат.

Айбек Күрөңкеев.

«Өлкөдө байланыш операторлорунун кардарларына бул жакшы. «Salam» Кыргызстанда төртүнчү оператор деп саналганы менен биринчи виртуалдык оператор болуп жатат. Бул биздин техникалык жактан жетишкендигибизди көрсөтөт. Мындай операторлор Орусияда, Европада көп. Анткени оператор кошумча чыгымы жок эле кардарларды тейлей баштайт. Кыргызстанда операторлор өзүн акташы үчүн убакыт керек».

««Salam» өз алдынча иштеп кете албайт»

Эми «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компаниясынын ортосундагы келишимге келсек. «КТ Мобайл» менен иштешүү укугу үчүн тендерди утуп алган «Мегаком» компаниясы келишим боюнча өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Маалыматка караганда, бул каражат дээрлик которулуп бүттү. Акыркы акча ушул айдын аягында берилет.

Бул акча менен «КТ Мобайл» Сим-карталарды сатуу, кардарларды тейлөө иштерин акырындык менен өзүнө алмак. Бирок бул ишти дагы деле баштагыдай эле «Мегаком» ишканасы аткарып жатканын компаниянын басма сөз өкүлү Жумгалбек Өмүрканов билдирди.

««КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосунда башында кандай келишим түзүлгөн болсо ошол боюнча эле иштеп жатабыз. Ооба, «КТ Мобайл» мурдагыдай эле «Мегакомдун» түйүнүндө. Башкача айтканда, Сим - карталарды сатуу, тейлөө жана башка кызматтарды «Мегаком» аткарып жатат. «КТ Мобайл» азырынча өз алдынча иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Мунун баары келишимде жазылган. Анда «Мегаком» бардык кызматтарды өз моюнуна алат» деп жазылган. Ошол боюнча эле иштеп жатабыз».

«Salam» уюк операторунда 50 чакты адам иштеп жатканы айтылды. «КТ Мобайл» ишканасы «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам иштеп кете алган эмес.

Чырдын таржымалы

Былтыр анын виртуалдык оператор эмес, өз алдынча толук уюк компаниясы болуу планы «Альфа Телеком» менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилигинин ортосундагы чырга негиз болгон. Бул чыр саясий маселеге айланып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге сөз тийгизген.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылы мамлекетке караштуу «КТ Мобайл» ишканасы менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган. Сынакка «Скай Мобайл» («Билайн» уюк оператору) жана «Альфа Телеком» («Мегаком» уюк оператору) компаниялары катышып, соңунда «Альфа Телеком» жеңип чыгат.

Анын жыйынтыгы менен «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болмок. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек.

Бирок техникалык маселелерге келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. Тагыраагы, «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болорун жарыялаган.

Кийин бул компаниянын вице-президенттигин премьер-министр Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу ээлеп турганы, ал эми ишкананын ишине анын атасы, «Ачык өкмөт» долбоорунун катчысы Иманкадыр Рысалиев аралашканы айтылган.

Мындан соң бул маселе парламентте каралып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилиги жана өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Иманкадыр Рысалиев кызматтан кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​