Сахнада ачылган мүмкүнчүлүктөр. "Биринчи мугалим" балдардын аткаруусунда

Дүйшөн менен Алтынайдын ролун Арсен Сагынов менен Малика Халикова жаратышты.

Сектакль башталарда жабык турган көшөгө ачылып, каармандар ыктыярчылардын  коштоосунда сахнага майыптыгы бар адамдар үчүн жасалган жол аркылуу тизилип чыга келишти. Жай музыка жаңырып турду.

Дүйшөн агай балдарды мектеп менен тааныштырып жатат.

Алтынай талаадан тезек терип, кайтып келе жаткан учур.

Спектаклде "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары роль жаратты.

Алтынай сабак учурунда.

Сахнанын көрүнүшүн Германиядан келген Холгер Зертнек жеңил конструкция менен жасаган. 

Алты акттан турган спектаклди германиялык режиссёр Кристоф Штольценбург (cүрөттө оңдон экинчи) койду. Ал өзү скрипкада ойноп, айрым учурда саханада өзү ырдап жатты.

"Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борбору 1989-жылы негизделген. Аны Герта-Михайл Карла-Мария Шелике негиздеген. Аталган борбордо үч жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар билим алат. 

Буга чейин "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары 2021-жылы "Манас" спектаклин коюшкан.

Спектакль көрүүчүлөрдү толкундантып, суктантты, тамшантты, таң калтырды.