Өзбекстан: Мирзиёева-Алламжанов тандеми бузулдубу?

Комил Алламжонов

Өзбек президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Комил Алламжонов кызматынан кетти. Ал мындан ары өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенерин билдирди. 

Коңшу Өзбекстандын президентинин жардамчысы, президенттин улуу кызы Саида Мирзиёева 30-сентябрда өзүнүн расмий Teлеграм-каналында жарыяланган кыска видеосунда Алламжоновго администрациядагы иши үчүн ыраазычылык билдирип, "кийинки долбоорлоруна" ийгилик каалады.

Ал эми Алламжонов Мирзиёевага жеке сектордогу ишин улантарын айтты.

"Мамлекет башчысы белгилеген максаттарга жана идеяларга берилгендигимди дагы бир жолу белгилегим келет. Биз чоң натыйжаларга жетишкенибизге сыймыктанам. Мен экономиканын маанилүү тармактарына заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууну пландап жатам", - деди Алламжонов.

Күтүлбөгөн отставка

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосунун өздүк булактары Комил Алламжоновдун кызматтан кетиши өкмөттөгү жана администрациядагы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгонун билдиришти. Алар буга чейин 40 жаштагы Алламжонов президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын "командасында каларын" болжолдоп жатышкан.

Ал эми "Озодлик" радиосу байланышкан өкмөттөгү эки көз карандысыз булак Алламжонов жогорку кызматка дайындалышы мүмкүн экенин четке какты.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Алламжоновдун отставкасы тууралуу билдирүүсүндө анын президенттик аппараттын кызматкери катары ишмердигин жогору баалап, "жаңы ишинде ийгиликтерди каалаган" болчу.

Алламжоновдун отставкасы Өзбекстанда октябрдын аягында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында ал жаңы, жогорку кызматка дайындалат деген түрдүү жоромолдорду жаратты.

Өзбек аткаминердин эмне себептен кызматтан алынганы жана кайсы кызматка которулганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Шерзод Асадов өзүнүн Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө Алламжонов "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызматынан бошотулганын билдирди.

"Комил Алламжонов - мамлекетибизде сөз эркиндигин өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыздоо жана элге билим берүү системасын жакшыртуу боюнча Шавкат Мирзиёев койгон приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда чоң натыйжаларга жетишти", - деп жазды Асадов.

"Үчүнчү адам"

Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына былтыр август айында дайындалган.

Анда "Озодликтин" жеке булактары бул кызмат Алламжоновду президенттик администрациянын үчүнчү адамы кылганын айтышкан.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинде, Улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү фондунда, президенттик администрацияда катарлаш иштеген Мирзиёева-Алламжонов тандеминин президенттик администрациянын жаңы тепкичинде улам жогору көтөрүлүшү Саида Мирзиёеванын позициясынын бекемделиши катары чечмеленген.

Дагы караңыз

Президент Мирзиёевдин күйөө баласынын көмүскө хансарайы

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясынын өкмөттөгү булагы Комил Алламжонов менен Өзбекстан президентинин күйөө баласы Отабек Умаровдун ортосунда "уруш" жүрүп жатканын кыйыткан.

"Азаттыкка" бул "уруштун" мотиви белгисиз, бирок окуядан кабардар дагы бир булактын айтымында, Отабек Умаров мурдараак Ташкентте президенттин күйөө баласына тиешеси бар делген кеңсенин ашкереленгенине ачууланганын бышыктаган. Анын айтымында, Умаров мында "Алламжоновдун колу бар" деп божомолдогон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары бул маалыматтардан кийин "кудуреттүү кеңседе" иликтөө иштери жүргүзгөнүн, ал эми Умаров менен байланышы бар кишилер Дубайга качып кеткенин белгилешет.

Бизнестен саясатка, анан кайра бизнескеби?

2018-жылы биринчи жолу бизнестен өкмөткө кадам таштаган Комил Алламжонов соңку жылдары монополияга жана кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу бир катар чуулгандуу иштердин чордонунда болгон.

Ал өзү эл аралык журналисттердин "кызмат абалын бизнестеги кызыкчылыгы үчүн пайдаланган" деген дооматтарын четке каккан.

2018-жылдан бери Саида Мирзиёева менен тандемде иштеген Комил Алламжонов өзүн дайыма жаңы реформалардын жана басма сөз эркиндигинин активдүү жактоочусу катары көрсөтүп келет.

Саида Мирзиёева жана Комил Алламжонов.

2022-жылы июль айында президенттик администрацияга кайтып келгенден кийин, ал кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам "бардык бизнес долбоорлорду жана компанияларды башка менчик ээлерине өткөрүп берерин" жарыялаган.

Бирок Алламжоновдун бизнес кызыкчылыгына байланыштуу дооматтар кызматта турганда да токтогон эмес.

30-сентябрда Саида Мирзиёеванын Телеграм-каналында жарыяланган видеодо Комил Алламжонов "жеке сектордогу ишмердигин улантып, экономиканын маанилүү тармактарына заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууну" пландап жатканын айткан, кеңири маалымат берген эмес.

Бул Комил Алламжоновдун саясий карьерасы аяктады дегенди билдиреби, жокпу - белгисиз.