Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Саида Мирзиёева Каракалпакстанга "кам көрөт". Мураскер таптоо аракетиби?


Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуу кызы Саида Мирзиёеваны Каракалпакстан автоном республикасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткарууга жооптуу кылып дайындады.

Бул милдетти ал президенттин кеңешчиси Турсинхан Худайбергенов менен чогуу аткарары 19-августта Мирзиёевдин Каракалпакстандагы сапары учурунда жарыяланды.

Аталган аймакты өнүктүрүү программасына Өзбекстандын республикалык бюджетинен кошумча 100 миллиард сум (8 миллион доллардай), келерки жылга социалдык өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жаңылоого 1 триллион сум (79 миллион доллардан ашуун) каражат бөлүнөрү, 24 мектеп, беш бала бакча, жети медициналык мекеме курулуп, оңдолору маалымдалды. Өнөр жай ишканаларын жана ири өндүрүш объектилерин жакшыртууга 353 миллиард сум (28 миллион доллар) жумшалары да белгилүү болду.

39 жаштагы Саида Мирзиёева - учурда Өзбекстандын президентинин администрациясынын башкы жетекчиси. Ал былтыр август айында бул кызматка дайындалганга чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Саида Мирзиёева жана Турсинхан Худайбергенов.
Саида Мирзиёева жана Турсинхан Худайбергенов.

2023-жылы 20-августта жарыяланган түзүмдүк өзгөртүүлөргө ылайык, президенттик аппараттын жетекчисинин кызматы жоюлуп, аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков президенттин кеңешчиси кызматына которулган. Ошондон бери Өзбекстандын президентинин администрациясынын расмий сайтындагы "Администрация жетекчилиги" бөлүмү жаңыланган эмес.

Каракалпакстанда жаңы кызмат

Саида Мирзиёева Каракалпакстандын өнүгүүсүндө кандай роль ойной турганы азырынча белгисиз. Буга чейин расмий Ташкент жана анын аймактык башкармалыктары Каракалпакстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүcүнө түздөн-түз катышып келген.

Өзбекстандын президентинин 2018-жыл, 26-августтагы "Өзбекстан Республикасынын президентинин администрациясын түзүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, Мирзиёева жетектеген президенттик аппаратка "өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын абалын жана тенденцияларын талдоо, ишке ашырылып жаткан реформаларды өнүктүрүү жана укуктук жактан камсыздоо" милдети жүктөлгөн.

Ал эми Саида Мирзиёева президенттик администрацияга 2022-жылы июль айында Каракалпакстандагы кандуу калабада башталган кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин келген.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосу өкмөттөгү булактарына таянып, ошол кездеги администрация башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов жумурияттын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум өтөрдүн алдында чыккан нааразылык акциялар үчүн кызматтан алынганын жазды.

Ошондой эле редакциянын жеке булактары Низомиддиновдун ордуна дайындалган Сардар Умурзаков менен президенттин тун кызы Саида Мирзиёеванын ортосунда пикир келишпестик чыкканын кабарлашты.

Умурзаков былтыр августта кызматтан алынгандан бери өзбек президенти катышкан өкмөттүк жыйындарга кире элек. Расмий түрдө ал президенттин атайын тапшырмалар боюнча кеңешчиси.

2022-жылы Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда адамдар курман болгон.

Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын расмий кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Саясий мураскерби?

Талдоочулардын баамында, бул президенттик администрациянын милдетине кирбесе да, Саида Мирзиёеваны чоң маанидеги аймакка жооптуу кылып дайындоонун артында "мураскерди" таптоо аракети болушу мүмкүн.

Швейцарияда жашаган мурдагы дипломат Алишер Таксанов Өзбекстанда бийликтин президенттен кызына өтүшү реалдуу сценарий экенин белгилейт.

Алишер Таксанов.
Алишер Таксанов.

"Кыязы, бийлик Мирзиёевден кызына өтөт. Бирок бул иш ашыкча ызы-чуусуз, пиарсыз эле жүрүп жатат. Күнү келгенде Мирзиёев Саиданы мураскер катары тааныштырат. Ал эми эл болсо мурдагыдай эле унчукпай баш ийип, кабыл алат", - дейт Алишер Таксанов.

Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун жетекчиси Алишер Илхамов Саида Мирзиёева атасынын бийлигине жалгыз талапкер эмес экенин айтат. Анын пикиринде, бийлик алмашарда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын позициясы чечүүчү ролду ойнойт.

Алишер Илхамов.
Алишер Илхамов.

"Биз муну Каримов каза болгондо көрдүк. Учурда Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеп турган Ботир Турсунов - Саида Мирзиёеванын кайнатасы. Бул киши ага ылайыктуу. Ошол эле учурда атаандаштыкты да эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жерде президенттин коопсуздук кызматы да бар. Отабек Умаров бул кызматта чоң роль ойнойт. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Саида Мирзиёева менен анын ортосунда атаандаштык бар. Умаров президентке абдан жакын, аны иш сапарларында коштоп, жеке жансакчысы катары кызмат кылат. Андыктан эгер келечекте Ботир Турсуновдун таасири төмөндөп кетсе, Отабек Умаров Мамлекеттик күзөт кызматына өтүп же президенттик креслодо отуруп калса, таң калбашыбыз керек. Эгерде Саида Мирзиёева Ботир Турсуновдун ордуна өз адамын коё албаса, албетте, Умаровдун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот", - дейт Алишер Илхамов.

Президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы, 40 жаштагы Отабек Умаровдун ысымы "Азаттыктын" тууганчылык, коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы боюнча бир катар чуулгандуу иликтөөлөрүндө аталган.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясынын өкмөттөгү булагы, Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы жана президенттик администрациядагы үчүнчү адам делген Комил Алламжонов менен Отабек Умаровдун ортосунда "уруш" жүрүп жатканын кыйыткан.

"Азаттыкка" бул "уруштун" мотиви белгисиз, бирок кырдаалдан кабардар дагы бир булактын айтымында, Отабек Умаров мурдараак Ташкентте президенттин күйөө баласына тиешеси бар делген "кудуреттүү кеңсенин" ашкереленгенине ачууланганын бышыктады. Анын айтымында, Умаров "жергиликтүү ишкерлерге жана аткаминерлерге мыйзамсыз кысым көрсөттү" деген "кеңсенин" бетин ачууда "Алламжоновдун колу бар" деп божомолдогон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары бул маалыматтардан кийин "кудуреттүү кеңседе" иликтөө иштери жүргүзгөнүн, ал эми Умаров менен байланышы бар кишилер Дубайга качып кетишкенин белгилешет.

Өзбекстан тараптан бул маалыматтарга комментарий берилген эмес.

XS
SM
MD
LG