Сабалган мигрант: элчилик Орусияга нота жөнөттү

Москвадагы консулдуктун алдында. Май, 2020-жыл.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргыз жаранынын полиция тарабынан сабалышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырды. Кыргызстандык мигранттар соңку учурда полициянын кысымы күчөп, эч себепсиз айып салган учурлар көбөйгөнүн айтып жатышат.

Социалдык тармакта тараган видеодон орус полициясы кыргызстандык жаранды күч менен машинеге салууга аракет кылып, аны күч кызматкеринин бирөө чаап жибергенин көрүүгө болот.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги полиция күч колдонгон жаран 21 жашта экенин, ага административдик айып пул (500 рубль) салынып үйүнө кое берилгенин билдирди. Окуя 2-ноябрда Хорошевск районунда орун алып, полиция кыргыз жаранынын документин текшерүү үчүн токтоткон.


Мындан улам элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Назгүл Жусубакунова

"Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча ИИМдин Башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду. Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды. Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө”.

Ушул жылдын март айында Москвада дагы бир кыргызстандык жаран полициянын ур-токмогуна кабылып, мигранттарга колдоо көрсөткөн укук коргоочуларга кайрылган. Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын айтымында, полиция кызматкерлери себепсиз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Дагы караңыз Орусия: "кара тизмеге" кирген мигранттар көбөйдү

"Көчөдөн эле кармап кетишти"

Баткен облусунун тургуну Рысбек Бабаев Москва шаарына июль айында барып сентябрда депортацияга кабылган. Эми Орусияга беш жылга чейин кире албайт. Анын айтымында, 15-августта полиция кызматкерлери Рысбекти үч досу менен көчөдөн эле кармап кетип, "Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосундагы мушташка катышты" деп айыптаган. Ал бир айга жакын камакта жатып, 13-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди.

"Тажикстандын өзбек тектүү жарандары футбол ойноп бири-бири менен кыйкырышкан окшойт. Эч ким мушташпаптыр. Ошол жерде жашагандар полицияга чалып коюптур. Биз болсо такыр эле башка жерде тамак ичип отурганбыз. Чыксак эле төртөөбүздү полиция салып кетти. Автобустун ичинде дагы үч кыргызстандык бар экен. Алгач бизди "Майда ээнбаштык" беренеси менен 15 күнгө камап, андан кийин Орусияда мыйзамсыз жүргөнүбүздү айтып дагы эки аптага жаап салышты. Болбосо документтерибизди полиция кызматкерлери өзүлөрү алып алган. Үч күндө бир жолу телефон берет, андан пайдаланып элчиликке чалсак албайт. Сыртта жүргөн досторубуз дагы барып жатты. Эч нерсе кыла алган жокпуз”.

Рысбек Бабаев полиция кызматкерлерине футболдогу уруш болгон учурда McDonald's тез татым жайында тамак ичип отурганын далилдеген видео тасманы да берген. Бирок анын жүйөсүн эч ким эске алган эмес.

"Ага чейин эле кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүн айтып жатышкан. Мисалы, полиция көчөдөн документтерди текшерип жатканда жетекчилеринен "кыргыз керекпи" сурайт. Алар "ооба" дешсе жөн эле протокол түзө баштайт. Башка өлкөдө жүрсөң укугуңду коргой албайт экенсиң”, - деп кейиди Рысбек Бабаев.

Мигранттын негизги көйгөйү - каттоо

Алтынбек Урманбетов болсо эки жылдан бери Москва шаарында иштеп жүрөт. Андан бери эки жумуш алмаштырып, азыр болсо такси айдайт. Алтынбектин баамында кыргызстандыктарга болгон мамиле мигранттардын чатагынан кийин өзгөрдү.

Кыргыз-тажик жарандары катышкан мушташ 18-майда кечинде Москванын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында ондогон кыргыз жарандары депортация болуп кеткен.

Алтынбек Урманбетов

"Буга чейин мыйзамды бузбай жүрсөң полиция тийишчү эмес. Көп болсо документтериңди текшерип эле кое берчү. Бирок кыргыз-тажик мушташынан кийин кырдаал курчуп кетти. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келгендерди автобуска жүктөп кетип жатышты. Ал жерден манжанын изин алып кое беришти. Ошол учурда мигранттардын көбү өзүнүн башка мамлекетте жүргөнүн түшүндү окшойт. Ошол эле учурда бизден баргандардын көбү мыйзамды сактабайт. Көпчүлүгүнүн каттоо кагазы туура эмес”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда кыргызстандык мигранттардын саны 600 миңден жогору, бейрасмий эсепте бир миллиондон ашат. Алардын негизги көйгөйү – каттоо маселеси. Анткени, Орусиянын мыйзамы боюнча эмгек мигранты туруктуу бир жерде катталышы керек болот.

Миграция кызматынын директорунун мурдагы орун басары Самат Токтоболотов мындай деди:

Самат Токтоболотов

“Орусиянын бул мыйзамын аткарыш кыйын. Анткени, жашаган батирдин ээси менен паспорт столуна барып, ал сени катташы керек. Ал каттоого макул болсо салыкчыларга маалымат кетип, үйдүн ээси салык төлөшү керек. Буга эч ким макул болбойт. Анан биздикилер бөлөк үйлөргө каттала баштайт. Жасалма документ көтөрүп жүргөндөр дагы толтура. Ошонун айынан депортация болуп жатат. Андыктан азыр кыргызстандыктарга кысым болуп жатат деген туура эмес. Бизде го мыйзамды эч ким сыйлабайт. Бирок Орусияда андай эмес. Ал өлкөнүн мыйзамын сакташыбыз керек. Эгерде колуңда документтер туура болсо эч ким тийишпейт".

Ал арада Орусия 2022-2025-жылдар аралыгында жумушчу күчүнүн негизги донор - өлкөлөрү болгон Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда миграцияга даярдоо боюнча борборлорду ачууну пландап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын экономика министринин орун басары Дмитрий Вольвач билдирди. Орусия 2030-жылга чейин мыйзамдуу иштеген чет элдиктердин санын 3,5 миллионго чейин жеткирүүнү пландап жатат.