Жекшемби таң эрте Польшанын Жешув шаарына Михаил Саакашвилини колдогондор топтолушту. Алардын арасында Украинанын "Батькившина" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Юлия Тимошенко, Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Валентин Наливайченко жана башка саясатчылар да бар эле.
Саакашвили алгач Украинанын аймагына Краковец өткөрмө бекетинен өтүүнү көздөгөн, бирок күтүүсүздөн планын өзгөртүп, польшалык Перемышл (полякча Пшемысл) жергесинен "Перемышл-Киев" поезди менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылды.
Анткен менен Саакашвили отурган поезд Перемышл темир жол бекетиндеги ордунан жылган жок. Үн күчөткүч аркылуу жүргүнчүлөргө поездде Украинага кирүүгө тыюу салынган адам отурганы кабарланып, ал түшмөйүнчө поезд ордунан жылбастыгы жарыяланды
"Украина темир жолдору" компаниясы поездде кармалган жүргүнчүлөргө автобустарды сунуштады. Саясатчы үч сааттай күтүп, андан соң гана тарапташтары менен бирге "Шегини" бекетин көздөй автоунаа менен багыт алган.
- Мен чек арадан өтмөйүнчө артка кайтпайм. Мени колдогондор көп, чек аранын аркы бетинде да тосуп тургандар бар. Көптөгөн украиналык депутаттар келишти, аркы тарапта да күтүп жатышат. Бизди Европа парламентинин да айрым мүчөлөрү колдоп жатышат, кай бирлери албетте мага кошулушат, -деген Саакашвилини "Шегини" өткөрмө бекетиндеги Польшанын чек арачылары эч тоскоолдуксуз өткөргөнү менен Украина тараптан чек арачылар жолун бөгөштү. Бирок ага карабай Саакашвилини колдоп келгендер күч түзүмдөрүнүн курчоосун бузуп, экс-губернаторду Украинанын аймагына алып кирип кетишти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Саакашвилини колдогондор 10-сентябрга караган түнү "Краковец" өткөрмө бекетинин жанына топтолушуп, атургай ал жакка сахна орнотуп, чатырларды тигип жиберишкен. Уюштуруучулардын айтымында, чогулгандардын саны бир нече миңге жетти. "Жаңы күчтөр кыймылы" бекеттин жанына бир нече автобус менен Саакашвилиге каршы чыккандар да барышканын кабарлады.
Саакашвили 16-августта Фейсбук барагы аркылуу он-лайн видео кайрылуу жасап, 10-сентябрда Польшадан "Краковец" өткөрмө бекети аркылуу Украинага өтөрүн айтып, тарапташтарын чогулууга чакырган. Бул кайрылуудан кийин Украинанын президенти Петро Порошкенко Саакашвилини чек арадан өткөрүп-өткөрбөө тууралуу чечимди мыйзамдын негизинде чек ара жана миграциялык кызматтары кабыл аларын билдирген.
- Бул жакшы көрүнүш эмес. Порошенко мен ага эч кандай коркунуч жаратпай турганымды айтканы менен, мени саясий атаандаш катары көрүп, жоготкусу келип жаткандай. Демек ал мени абдан чоң коркунуч катары эсептейт. Албетте бул мен үчүн кейиштүү. Анткени андай оюм жок эле. Ал бул процессти баштады, мен эми өзүмдүн укуктарымды мыйзам чегинде коргошум керек.
Саакашвилинин айтымында, Украинанын мыйзамына ылайык, эч бир өлкөнүн жараны эмес адам катары ал бул өлкөгө бара алат жана мурда бул өлкөнүн жараны болгону үчүн туруктуу жашоого калса да болот. Саакашвили украин президенти Петро Порошенконун аны атуулдуктан ажыратуу чечими мыйзамсыз болгонун, өз укугу үчүн күрөшөрүн да белгиледи.
Губернатор кезинде ал Украинанын жогорку даражадагы аткаминерлерин, анын ичинде президент Петро Порошенкону да коррупцияга айыптап келгени маалым.
Украинанын "24" деген каналына берген маегинде Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары Василий Серватюк Саакашвилинин ички жана тышка чыга турган паспорттору жараксыз экенин айтып, ал кай жактан келсе, ошол өлкөгө кайтарылышы керектигин кошумчалады.
Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Саакашвили 26-июлда АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылган. Буга грузин саясатчысынын эки жыл мурда жарандык аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган. Тактап айтканда, документтерди толтуруп жатканда Саакашвили ага Грузияда иш козголгону тууралуу үн каткан эмес.
2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган болчу. Андан көп өтпөй Саакашвили грузин атуулдугунан да ажыратылган. Грузияда Саакашвилиге 2007-жылдагы оппозициянын митингин таркатуу чечимин кабыл алуу менен кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган, "Имеди" телекомпаниясын мыйзамсыз жапкан жана бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгына жумшаган деген айыптар тагылып келет.
Саакашвили өзү бул айыптардын саясий жүйөсү бар деп санайт. Жакында эле Грузия прокуратурасы Михаил Саакашвилини экстрадициялоо боюнча Украина бийликтерине өтүнүч жолдоду. Буга чейин расмий Киев Грузиянын Саакашвилинин экстрадициялоо жөнүндөгү өтүнүчүн кеминде эки ирет четке каккан.