Лавровдун Пхеньян сапары

Түндүк Кореянын лидери менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Пхеньяндагы кездешүүсү, 31-май 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньяга барып, Түндүк Кореянын башкы дипломаты менен кездешти. Анын бул визити АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери жолугат деп күтүлүп жаткан учурга туш келди. Бир күн мурда Ким Чен Ындын оң колу деп мүнөздөлгөн жогорку расмий өкүл АКШга келген.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин күтүлүп жаткан жолугушуусун утурлай дипломатиялык жүрүштөр жанданды.

Бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньянга келип, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана бул өлкөнүн тышкы иштер министри баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштү.

Бул визит расмий Пхеньяндын Сеул жана Вашингтон менен соңку сүйлөшүүлөрүндө Орусиянын үнүн жеткирүү аракети катары мүнөздөлүп жатат. Ким Чен Ын орус президенти Путинди лидер катары баалай турганын айтып, эки өлкөнүн мамилесин кубаттады.

- Биз кайрадан сиз баштаган делегациянын өлкөбүзгө келгенин кубаттайбыз. Сиздин визит Орусия жана Владимир Путиндин өкмөтү биздин өлкөлөрдүн мамилесин бекемдөөгө канчалык көңүл буруп жатканын билдирет.

Ким Чен Ын Путиндин ден соолугун да сурап, ага салам айттырганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан видеодон көрүүгө болот. Орус дипломаты Сергей Лавров Путин президент болуп шайлангандан кийин ага Ким Чен Ын жөнөткөн куттуктоо каты үчүн рахмат айтып, Түндүк Кореянын лидерин Орусияга келип кетүүгө чакырган.

Сергей Лавров жетектеген делегация Пхеньянда.

Ага чейин Сергей Лавров Түндүк Кореянын тышкы иштер министри менен жолугушуусу учурунда Пхеньяндын дипломатиялык аракеттерин кубаттап, бул процесске катышып жаткан бардык тараптарды жоопкерчиликти түшүнүүгө чакырды. Ал Москва Пхеньян жана Сеул менен темир жол курулушу сыяктуу биргелешкен экономикалык долбоорлорго катышууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Орусия менен Түндүк Кореянын бир нече чакырымга созулган чек арасы бар. Бул эки өлкөнүн алакасы башынан бери эле жакшы деп сыпатталып келет.

Анын бул сапарынын алдында Нью-Йоркто дагы бир олуттуу жолугушуу болду. Бул шаарда шаршемби күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын оң колу деп саналган генерал Ким Ён Чхол менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео кездешип, чогуу тамактанышты. Ким Ён Чхол акыркы 18 жылда Кошмо Штаттарга келген биринчи түндүккореялык жогорку расмий өкүл болуп калды. Ал Помпео менен 31-майда да жолукканы турат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти эки өлкө лидерлеринин саммитине даярдык көрүү үчүн бир эле маалда үч жерде сүйлөшүү өтүп жатканын билдирди.

- Сингапурдагы биздин кесиптештер болобу же демилитаризация аймагындагы кесиптештерибиз болобу, менимче жолугушууларда жүргөн ар бир топ өз тармагы боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатат. Алардын деталдарын айта албайм. Бирок бул маселе боюнча бир жыл мурдагы, алты ай мурдагы абалды эске алганда бүгүн болуп жаткан окуялар жакшы таасир калтырат, - деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт.

Түндүк Кореянын лидеринин оң кол салу саналган Ким Ён Чхол менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун кездешүүсү.

Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын саммити 12-июнда Сингапурда өтөт деп белгиленген. 24-майда Трамп Ким менен жолугушуусун токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган. Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдүн бир тараптуу жокко чыгарылышына бушайман экенин, Трамптын чечимине карабай диалогду улантууга даярдыгын маалымдаган. Бирок эки күндөн кийин Трамп бул саммит өтүшү мүмкүндүгүн ишара кылган.

26-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Дал ушул Панмунжом аймагында АКШнын Сеулдагы элчиси жетектеген делегация расмий Пхеньяндын өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкө лидерлеринин "тарыхый" деп мүнөздөлө турган саммитин талкуулап жатышат.

Буга чейин АКШнын кызматтагы бир дагы президенти Түндүк Кореянын бир да лидери менен расмий жолуккан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.