Бүгүн таң эрте Волгоградда троллейбус жарылды. Андан 10го жакын адам өлүп, 20га жакын адам жарадар болду.
Волгоград жашоочулары бүгүн дагы бир трагедияга күбө болушту. Атайын кызматтардын маалыматында, троллейбус жарылып, 10 адам өлүп, 23 адам жарадар болгон.
ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып, жардырууну жанкечти жасаганын жазды. Жардыруу шаардагы базарлардын биринен анча алыс эмес Дзжержинский районундагы Качинцев көчөсүндө болгон.
Тергөө окуяны расмий түрдө теракт деп жарыялады. Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин 205 (теракт) жана 222 (курал-жарак жана жардыргыч затты мыйзамсыз жүгүртүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, троллейбус толугу менен керектен чыккан жана жабыркагандар көп. Окуя болгон жерге тергөөчүлөр жана жарылуучу техника боюнча адистер барды.
Троллейбустагы жүргүнчүлөрдүн көбү студенттер болгон.
Кечээ, 29-декабрда Орусиянын түштүгүндөгү Волгоград шаарындагы темир жол вокзалында жанкечти бомба жардырып, кеминде 17 адамдын өмүрү кыйылып, 45 адам жаракат алган.
Мурдараак 18 адам курман болгонун маалымат булактары кабарлашкан. Ондогон адамдар жарадар болду. Алардын ичинен тогуз адамдын акыбалы оор. Президент Путин чабуулдан кийин коопсуздук кызматтарына бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Орусиянын Улуттук антитеррордук комитетинин билдиришинче, бомбаны жанкечти аял жардырган. Облустук бийликтердин айтымында, жанкечти бомбаны түшкү саат бир ченде вокзалга кире бериштеги металл детектордун жанында жардырган. Ал учурда коопсуздукту текшерчү жай жүргүнчүлөргө толтура болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Олег Салагай “Россия 24” телеканалына кырктай адам жарадар болгонун айтты:
– Медициналык жардам сурап 40тан ашуун адам кайрылды. Алардын ичинен отуз үч адам шаардагы жетинчи, төртүнчү, он экинчи, жана жыйырма бешинчи облустук ооруканаларга жаткырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча сегиз адамдын абалы оор, бир адам критикалык абалда. Жарадарлардын арасында бир бала бар. Анын абалы орточо деп бааланууда.
Вокзалдагы күркөдө сатуучу болуп иштеген аял "Катуу добуш угулду. Менин күркөм абага учуп кетчүдөй болуп токтоду. Бул жардыруу экенин ошо замат билдим. Адамдар ызы-чуу түшүп, кыйкыра башташты. Жардыруунун толкуну бир баланы ыргытып жибергенин көрдүм. Адамдар туш-тарапка чуркап жөнөштү" - деп окуяны сүрөттөдү.
Орусиянын Кылмыш кодексинин террорчулук жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Комитеттин расмий өкүлү Владимир Маркин темир жол вокзалында кеминде 10 кг. тротил эквивалентиндеги бомба жардырылганын билдирди.
Волгоград облус губернаторунун жардамчысы Никита Барышев 29-декабрда “Азаттык” радиосуна поезддер жардырууга карабай ырааттуу жүрүп жатканын айтты:
– Поезддер токтобой каттоодо. Бардык поезддер шаардын четиндеги вокзалга жөнөтүлдү. Вокзалдын имараты катуу зыян тарткандыктан жабылды. Бардык терезелердин айнектери күбүлүп калган. Башкы эмен эшик ордунда жок. Бул жардыруу өтө кубаттуу болгонун далилдейт.
Облус губернатору Сергей Боженов "Мен темир жолго чыкчу аянтта туруп, адамдар менен сүйлөшүп жатам. Эл арасында коркуп-чочулоо жок. 1-январдан 3-январга чейин облуста аза күтүлөт" - деди жардыруудан кийин.
Бирок апаатты өз көзү менен көргөн Станислав “Россия 24” телеканалына балакеттүү окуядан соң Волгоград кымгуут түшүп жатканын айтат:
- Шаар чакчелекей түшүп жатканы түшүнүктүү да. Шаардын борборуна машине менен кирип-чыгуу мүмкүн эмес.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара Волгограддагы жардырууну айыптап, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтты. “Эл аралык коомчулук терроризмге каршы биригүүсү керек. Мындай көркөө террорчулукка кечирим жок жана ага цивилизациялуу дүйнөдө орун берилбеши керек,” - деген Кожара ЕККУга мүчө өлкөлөрдү контртеррордук чараларды күчөтүүгө үндөдү.
Октябрдын аягында Волгоградда жанкечти аял автобуста бомба жардырып, алты адамды көргө сүйрөй кеткен. Ондогон адамдар жараат алган.
Волгограддагы жаңы чабуул февралда Сочиде болчу кышкы Олимпиада оюндарынын коопсуздугу кандай камсыздалат деген чочулоону күчөттү. Азырынча террордук чабуулду эч ким мойнуна ала элек. Жыл башында чечен козголоңчуларынын ана башы Доку Умаров Сочидеги олимпиадага чабуул жасоого чакырган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.