Кремль Калвини форумда көргүсү келет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кремль Санкт-Петербургдагы эл аралык форумга үй камагында отурган Майкл Калвинин катышуусун каалайт. Бул тууралуу 3-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Калви көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ишкер өзү күнөөсүн танууда.

"Russia Today" телеканалынын эфиринде сүйлөгөн Песков америкалык бизнесменди орусиялык рыноктун жактоочусу катары мүнөздөдү:

"Майкл Калвиге келсек, бул абдан өкүнүчтүү иш. Албетте Майклды форумдун катышуучулары арасында көргүбүз келет. Себеби ал Орусиянын рыногунда 15 же андан да көп жыл активдүү оюнчу болуп келди. Биз аны Орусия рыногуна берилген ишенимдүү ишкер деп билебиз".

Дагы караңыз Орусия: камактагы эки америкалыктын иши

Кремлдин өкүлү Калвинин жана аны менен кошо камалган төрт өнөктөшүнүн иши президент Владимир Путиндин жеке көзөмөлүндө экенин, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу мамлекет башчы түз кабардар болуп турганын кошумчалады. Ошол эле маалда Песков президенттин ал соттук териштирүүгө кийлигишпей турганына басым жасады.

Песков америкалык бизнесмендин иши башка чет өлкөлүк инвесторлордо көптөгөн суроо жаратканын белгилеп, "мыйзамды кандай болгон күндө да сакташ керек" деди.

Март айында "Financial Times" гезити америкалык ири компаниялардын жетекчилери Калвинин камалышына байланыштуу Санкт-Петербургдагы форумду бойкоттошу мүмкүн деп жазган. Ошол эле себептен улам АКШнын Москвадагы элчиси Жон Хантсман иш-чарага катышуудан баш тартты.

31-майда Калвинин адвокаттары Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, ага 6-8-июнь күндөрү Санкт-Петербургда өтчү форумга катышуу уруксатын сурашкан. "Baring Vostok" фондунан болсо бизнесмен эбак эле катышуучу катары катталганын билдиришти.

Америкалык ишкер февралдын орто ченинде камакка алынган. Тергөөчүлөр ал “Восточный” банкынан 2,5 миллиард доллар чыгаруу үчүн мыйзамсыз схема түзгөн деп эсептешет. Калви дооматтарды четке кагып, өзүнө тагылган айыптоолорду карандай калп деп атоодо. Ал иштин артында сөз болгон банктын директорлор кеңешинин мүчөсү Шерзод Юсупов жана дагы бир акционер Артем Аветисян менен кооперативдик талаш турат деп эсептейт.

Песков Кремль анын жүйөсү тууралуу кабардар экенин, Калви менен шериктеринин сотсуз бошотулушу мүмкүн дегенди кыйыткансыды. “Көптөгөн бизнесмендер коммерциялык чатактан келип чыккан деп, бул ишке каршы болушууда. Биз тергөөнүн бүтүшүн күтөлү. Чындап эле коммерциялык талаш экени далилденсе, туура кадамдар жасалат”, - деди Песков.

Орусиянын бизнес-омбудсмени Борис Титов, “Сбербанктын” Герман Греф, “Яндекс” компаниясынын түптөөчүсү Аркадий Волож, “Роснанонун” башчысы Анатолий Чубайс, Эсептөө палатасынын жетекчиси Алексей Кудрин жана бир катар башка саясатчылар менен ишкерлер Калвинин бошотулушун жактап сүйлөшкөн.

"Baring Vostok" – Орусияда иш жүргүзгөн түз инвестициялардын ири фонддорунун бири. 25 жыл мурун негизделгенден бери 80ден көп интернет-долбоорлорго, анын ичинде “Яндекске” каражат салды.

Петербургдагы форумга былтыр 17 миңдей киши, арасында Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Жапониянын премьер-министри Синзо Абе, Кытайдын вице-президенти Ван Цишан катышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.