“Сургутта капкандамын, суранам чыгаргыла...”

Таалайбек Маткасымов.

Мигранттар мекен жүгүн көтөрүп, элди багып жатканы талашсыз. Ошол эле маалда алар акча табыш үчүн саламаттыгын да жоготот. .

- Жаңы жыл келсе Кыргызстанга баралбай калганыма алты жыл болот. Майып болуп калдым ушинтип. Капканга түшүп калдым. Чыгарууну суранам, - деп сөзүн баштады жардамга муктаж Таалайбек Маткасымов.

Ал ооруканада жаткан кезинде Кыргызстандагы бийлик жетекчилигине далай кат жазыптыр. "Фейсбуктагы" түз эфирибизди көрүп калып, "Азаттык" аркылуу үнүмдү жеткирсем деп үмүттөнөт.

"Эки бөйрөгүмдөн айрылдым"

Таалайбек - үй-бүлө багуу аргасында Орусияга кеткен кыргыздардын бири. Сургут шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобус айдачу. Күндөрдүн биринде машинесинин майы түгөнүп, чыкылдаган аязда көчөдө калат. Ошондо суук жеп калганбы айтор, аз өтпөй бөйрөгү кармап жыгылат:

Таалайбек Маткасымов.

- Көзүмдү ачсам ооруканада жаткан экем. Көрсө бөйрөктөрүм кургап калыптыр. Ошону менен 1-группадагы майып болуп аппаратка түшүп калдым.

Таалайбек алты жылдан бери Сургуттагы оорукананын жасалма бөйрөк бөлүмүндө дарыланат. Гемодиализ аппаратына күн сайын келет. Бактыга жараша аны ооруканада бекер карашат экен:

- Эгерде Кыргызстанда болсом аппаратка бир түшкөнгө 7 миң сом кетет экен. Ошого айла жок жүрөм.

Бирок дарыларды өзү сатып алат. Андан тышкары, батир акысы, тамак-аш чыгымдары бар. Иштегенге аргасыз. Бирок 1-топтогу майыпты баары эле ишке алгысы келбейт.

Анын үстүнө оорусу кармаса, эси ооп жыгылып калышы да ыктымал. Этияттап, анча-мынча жеңил жумуш кылам дейт:

- Кыргыздар кулпунай алып келишет. Ооруп атыпсың деп арзаныраак беришет. Базардын бир бурчунда ошону сатам.

Сургутта тууган-уругу жок. Бала-бакырасы Кыргызстанда. Жайкы каникулда барышып, кыздары азыр жанында, сентябрга жуук кетишет. Үй-бүлөнүн бардык жүгү аялынын мойнунда.

- Аялым Жалал-Абадда медсестра болуп иштейт. Ал да ыйлап телефон чалат. Балдардын кийими, тамагы, мектепке акча, электрге, газга... Кыйналып кеттим деп ыйлактайт. Эркек иштебесе аял кишиге кыйын экен да.

Ирденейин деп барып илдетке чалдыккан мигрантка таанып, уккан-билгендер кол сунууда:

Таалайбек Маткасымовдун президентке кайрылуусу.

- Бияктагы кыргыздар, карапайым эл жардам берип жатат. Орозо битирди баары мага топтоп беришти. Операцияга Түркияга барышым керек. Кыргызстандагы машинемди саттым. Мал-келимди саттым. Эл берди, өздөрү мигрант болуп, ысык-суукта кыйналып иштеп жүрүшсө да жардам кылды. Баары биригип 612 миң рубль топтолду.

Түркияда бөйрөктү алмаштырып айыгып жатышат деп Таалайбек башка бир нече адамды мисал кылды. Ошол операцияны жасатуу үчүн дагы 500-600 миңдей сомго зарыгып турам дейт. Карапайым элден кайра-кайра каржы суроодон уялып Кыргызстанга, президент баш болгон бийлик жетекчилигине далай кат жазганын улам-улам айтып жатты:

- Бакыт Төрөбаев баштаган канчалаган депутатка кат жаздым. Алмазбек Шаршеновичке жаздым. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков “элдин тагдырын чечем, ар бир кыргыз жаранын карайм” деп убада берген. Ошого ишенип эки ай мурда ага да кат жазгам. Жооп жок.

Таалайбек Маткасымов 49 жашта. Акыркы жылдары өмүрүнүн көбү ооруканада өтүп, мекени көзүнөн учуп турган чагы.

Таалайбек Маткасымовдун элге кайрылуусу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ирденем деп келип илдет таптым"

"Эл колдон келген жардамын берип атат"

Биз кошумча маалымат алмакка Сургуттагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Аваз Халманбетов менен байланыштык:

Аваз Халмамбетов.

- Сургут шаарындагы кыргыздар эле бүтүрүп коелу деп жаттык эле бул ишти. Бирок андан башка өлүм-житим, башка маселелер көбөйүп, ошол жакка каражат көп кетип калып жатат да. Ошондон улам Таалайбек байкеге керек акчаны толук топтоп бере албай жатабыз. Байке аябай кыйналат, абалы оор, күн санап аппаратка түшүп турат. Кыскача маалымат айта кетсем, Сургутта төрт миңдей кыргыз бар. 2017-жылы Сургут шаарынан жана райондорунан 14 сөөк жөнөттүк. Ар бир өлүмгө 60-80 миңден рубль кетет. Былтыркы отчетумда “жүк-200” үчүн миллион рублден ашык акча топтогонубуз жазылуу. Быйыл да жакында алтынчы сөөктү жөнөттүк. Ошентип Таалай байкеге анча колубуз жетпей атат.

- Башка дагы эл камкордукка алган мекендеш барбы?

- Бар. Бирок Таалай байкенин маселеси оор. Калгандары депортация болуп жаткандар, акчасы да, документи да жоктор, андан тышкары батир ижарасын төлөй албай калгандар. Аларга да ар ким колунан келген акчаны топтоп берип турат.

- Кайрымдуулук кылып жаткандар карапайым эле мигранттар да, колдорунан ашып-ташып аткан жери жок да, туурабы? Анын үстүнө бүгүн курсту карасам рубль сом менен дээрлик бирме-бир эле эле болуп калыптыр.

- Биз эч кимди мажбурлабайбыз. Бирок уккандар жардамын аяшпайт. Ушундай маалда эч ким карап турбайт. Кыргызым эч качан бири-бирин таштаган эмес, таштабайт дагы. Жакында эле кайрымдуулук фондунун жетекчиси Азамат Байматов досубуздун репортажын көрдүм. Ага акча жөнөткөн адамдар бир майып кишинин үйлүү болуп калышына себепкер болуп жатышат. Бирок ошол акча жөнөткөндөрдүн өздөрүнүн үйү жок экен. Ошон үчүн кыргызыма, Сургуттагы кыргыздарга өтө ыраазымын.

Кубанычбек Айдаров.

Сургуттагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кубанычбек Айдаров бул аймакта иштөө көнбөгөн адамга кыйын экенин белгилей кетти.

- Таалай Маткасымовго Сургуттагы мигранттардын 70-80 пайызы каражат чогултту. Бирок андан башка да боорунан цирроз болуп, ооруканада жаткан жигитибиз бар. Ага жана Аваз айткан сөөк жөнөтүү жана башка иштерге чогултуп жатабыз. Сургутта шарт катаал. Кышы узак, сегиз ай суук болот. Кычкылтек жетишпестиги 15%. Күнүнө 300-500 рубль таба албаса оокат өтпөйт. Ошондон жогору акча тапсаң гана мекенге акча которосуң. Орточо айлык 25-30 миң рубль. Рубль арзандаганы анын да берекеси кетти. Мигранттар кыйналып турат.

Редакциядан: Таалайбек Маткасымовдун ал-абалын сурап, байланышууну каалагандар үчүн телефон (Whatsapp) номери +7 996 327 69 11.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.