Дума талаштуу тил мыйзамын жактырды

Ростов-на-Донудагы мектеп окуучулары параддан өтүп жатышат, 16-май 2018-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы бир канча айдан бери талаш жараткан тил мыйзамын жактырды. Ага ылайык, Орусиянын жумурияттарындагы мектептерде окуучу кайсы тилди эне тил предмети катары окуй турганын мындан ары анын ата-энеси чечмекчи. Татарстан сыяктуу жумурияттардын активисттери эми чакан этностордун тили орус тилинин көлөкөсүндө калат деп кабатыр болуп жатышат.

Мамлекеттик Дума дээрлик үч жарым айдан кийин "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган талаштуу өзгөртүүлөрдү акыркы окууда жактырды. Ага ылайык, Орусиянын бардык жумурияттарындагы мектептерде окуучу кайсы тилде билим алаарын жана эне тил предмети катары кайсы тилди окуй турганын анын үй-бүлөсү чечет. Ал үчүн ата-эне жазуу түрүндө мектеп жетекчилигине кайрылса жетиштүү болот.

Мындан тышкары ансыз да мамлекеттик тил катары милдетүү түрдө окутулган орус тилин жумурияттарда эне тил предмети катары тандоого жол ачылды. Буга чейин Орусиянын курамына кирген айрым республикаларда мектеп окуучулары улутуна карабай орус тили менен катар жергиликтүү калктын тилин да милдеттүү окуп келишкен. Эми жаңы мыйзам күчүнө кирсе, түпкү калктын тилин окубай койсо деле болот.

Буга чейин Татарстанда орус тилдүү ата-энелер татар тили орусчага караганда көбүрөөк окутулаарын айтып даттанышкан. Бир окуучунун энеси болсо Татарстан бийлигин сотко берип, акчалай компенсация да талап кылган.

Жаңы өзгөртүүлөрдү Думанын Билим берүү жана илим комитетинин жетекчиси Вячеслав Никонов 25-июлда мындайча түшүндүрдү.

Думанын Билим берүү жана илим комитетинин жетекчиси Вячеслав Никонов.

- Биз Орусия Федерациясынын президентинин тапшырмасын аткарып жатабыз. Бул тапшырма биздин окуучуларыбыздын ата-энелерине эне тилди тандоого мүмкүнчүлүк берет. Балдар өз эне тили болбогон тилди эне тил катары окууга милдеттүү болбойт.

Орусия Федерациясында 22 жумурият, төрт автономдук аймак (округ) жана 1 автономдук облус бар. Өлкөдө 200дөн ашуун ар кыл этностордун өкүлдөрү байырлашат. Федерациянын билим берүү тармагында баш-аягы 58 тил колдонулат. Алардын отуздан ашыгы өз жумуриятында "мамлекеттик тил" деген макамга ээ.

Орус тили менен улуттук республикалардагы тилдерди мектептерде окутуу маселеси президент Владимир Путиндин былтыркы билдирүүсүнөн кийин өзгөчө талкуулана башталган. Путин 2017-жылдын 20-июлунда Орусиянын курамындагы Мари Эл республикасындагы сапары маалында орус улутундагылар чакан этностор жашаган аймактардын тилин үйрөнүүгө мажбурланып жатканын ишара кылган:

- Урматтуу достор, орус тили биз үчүн - мамлекеттик тил жана улут аралык байланыштын тили экенин, аны башкага алмаштырууга болбой турганын эске салгым келет. Ал биздин көп улуттуу өлкөбүздүн табигый, руханий пайдубалы. Аны ар бир адам билиши керек. Орусиядагы улуттардын тилдери да Орусия элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Аларды окуу - Конституция кепилдеген укук, ыктыярдуу укук. Орус тилин окутуу деңгээлин түшүрүүгө кандай жол берилбесе, кайсы бир адамды өз эне тили болбогон тилди үйрөнүүгө мажбурлоого да жол берилбейт. Орусия Федерациясынын регион башчыларынын көңүлүн буга өзгөчө бургум келет.

Казандагы татар тилин коргогон акция, 26-октябрь 2017-жыл.

Президент Владимир Путин бул билдирүүсүнөн көп өтпөй региондордо улуттук тилдерди ыктыярдуу окутуу жана орус тил программасы кандай жолго коюлганын текшерүү тапшырмасын берген.

Андан бери тил маселеси Татарстанда өзгөчө курч талкууга алынды. Себеби Орусиянын курамындагы бул республиканын Баш мыйзамында "татар жана орус тилдери тең укуктагы мамлекеттик тилдер" деп жазылган.

Президенттин билдирүүлөрүнөн кийин Орусиянын билим берүү тармагына көзөмөл жүргүзгөн федералдык кызмат жана прокуратура татар тилин милдеттүү түрдө окутууну токтотууга көрсөтмө бере баштаган. Буга мектеп директорлору, жергиликтүү активисттер, татар тилин окуткан мугалимдер каршылык билдирип, бир нече жолу нааразылык акцияларын уюштурушкан.

Татарстандын Илимдер академиясынын улуттук билим берүү боюнча адиси Марат Лотфуллин Мамлекеттик Дума кабыл алган жаңы өзгөртүүлөр менен Татарстан же Якутия сыяктуу жумурияттарда мындан бир нече ай мурда эле иштей баштаган эрежелер мыйзамдашканын айтып жатат. Ал Москвада июнь айында өткөн жыйында эми жергиликтүү улуттардын тили орус тилинин көлөкөсүндө калаарын айткан:

Татарстандык адис Марат Лотфуллин.

- Бирдей шарт түзүлгөн эмес. Жергиликтүү жумурияттардын тили негизги билим берүү тили эмес. Ал боюнча экзамендер алынбайт. Жергиликтүү тилди билбесең деле аттестат аласың. Бирдиктүү мамлекеттик экзаменде орус тил боюнча тесттин жыйынтыгы өзгөчө эске алынат. Келечекте физик же математик болосуңбу, орус тилинен алган баллың маанилүү болот. Мындай шартта бир да ата-эне орус тилинин ордуна жумурияттын тилин тандабайт.

Деген менен орус депутаттары жаңы өзгөртүүлөр жумурияттардагы түпкү калктарынын тилдерине зыянын тийгизбейт деп ишендирип жатышат. Мамлекеттик Дума дээрлик бир добуштан колдогон мыйзам эми орус парламентинин жогорку палатасына - Федерация кеңешине жөнөтүлдү. Өзгөртүүлөр ал жакта жактырылгандан кийин президент Владимир Путиндин кароосуна жиберилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.