Белгилүү режиссерду Санкт-Петербургда ырчы Виктор Цой жөнүндө «Жай» деген фильм тартып жаткан жеринен кармап кетишти. Тергөө комитети Серебренников өзү негиздеген «Жетинчи студия» аркылуу 68 миллиондон көп рублди кымырып алган деп шектелгенин маалымдады:
- Ал 2011-2014-жылдары «Платформа» деген долбоорго бөлүнгөн 68 миллиондон кем эмес акчаны уурдону уюштурган деп шектелүүдө. Серебренниковдун аракеттери Кылмыш кодексинин 159-беренесинин төртүнчү бөлүгүнө ылайык, ири көлөмдөгү акчага байланышкан көз боёмочулук деп сыпатталууда. Тергөө ушул кылмыш боюнча айып тагып, баш коргоо чарасын аныктамакчы, - деди Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко.
Бул берене боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Буга чейин бул ишке байланыштуу Серебренниковдун мурдагы кызматкерлери кармалып, бир нечеси ага каршы көрсөтмө берген.
Майдын этегинде Гоголь борборунда жана режиссердун батиринде тинтүү жүргөн. Өзүн болсо күбө катары суракка чакырышкан. Тергөөчүлөр 2012-жылы «Жайкы түндөгү түш» деген спектаклди коюуга бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланган, оюн болсо ошол бойдон чыкпай калган дешет.
Ошол эле маалда спектакль бир нече жылдан бери Гоголь борборунун сахнасында коюлуп келатат.
«Жетинчи студиянын» мурдагы башкы бухгалтери Нина Масляева Серебренниковго каршы көрсөтмө берип, режиссер студияны мамлекеттик субсидияны уурдоо үчүн атайылап негиздеген деп айткан.
Ошондон кийин Тергөө комитети режиссердун сырткы паспортун техникалык-криминалистикалык экспертизага деген шылтоо менен тартып алышкан. Жасалма болушу мүмкүн делген ал паспорт менен чет өлкөлүк театрлар менен кызматташкан Серебренников нечен жолу сыртка чыгып жүргөн.
Ушул тапта режиссер менен бирге иштеп жаткан журналист жана сценарист Михаил Идов анын кармалышы күтүүсүз болгонун «Дождь» телеканалына айтып берди.
- Эки күн мурун «Жай» деген фильмге сценарийди жазган авторлор болуп, Петербургга, кино тартылып жаткан жерге барып кеткенбиз. Кириллдин маанайы жакшы болчу, иш уланат деп ишенем. Барыбыз нес абалында калдык. Мунун бардыгы таланттуу адамды куугунтуктоого окшоп жатат. Бул Орусияга, орус маданиятынын кызыкчылыгына каршы келет.
Адабият сынчысы, публицист Лев Рубинштейндин пикиринде, Орусияда көз карандысыз театрлар, өзгөчө мамлекеттик каражатка байлангандар ушундай окуяга четинен кабылышы ыктымал.
Мындай ойго социолог жана продюсер Анатолий Голубовский да кошулуп, финансылык документтерге кол коюу укугуна ээ ар бир театр директору дайыма тобокелдикке туш болоорун айтат.
Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү июль айында Москвадагы Мамлекеттик "Большой" театры «Нуреев» балетинин бет ачарына бир нече күн калганда ал быйыл болбойт деп маалымдалган. Кумсалыгын жашырбаган атактуу бийчи Рудолф Нуреев жөнүндөгү спектаклди Серебренников койгон.
Рудольф Нуреев – даңазалуу советтик балет артисти - 1961-жылы Париждеги гастролдордо жүргөндө саясий башпаанек сурап, СССРге кайтып келбей койгон. Бул үчүн мекенине чыккынчылык кылды деп жети жылга сыртынан кесилген. Нуреев Батышта чоң ийгиликтерге жетишип, эң белгилүү театрларда бийлеп, кийин Париждеги Гранд-операнын балет труппасын жетектеп турган. Артист 1993-жылы СПИД оорусунан көз жумган.
Орусиянын Маданият министрлиги премьеранын которулушун убакыттын тардыгы менен түшүндүрсө, айрым сынчылар аны цензура деп аташкан.
Августтун башында болсо режиссер "Жаңы театралдык реалдуулук" деген эл аралык сыйлыкка татыган. Көркөм изденүү жана театр маданиятындагы инновациялар үчүн берилчү сыйлыкты тапшыруу Римде өтмөкчү.