Путиндин төртүнчү мөөнөтү башталды

Владимир Путин ант берүү үчүн келе жаткан учур. 7-май, 2018-жыл

65 жаштагы Владимир Путин бүгүн ант берип, дагы алты жылга Орусиянын президенти кызматына расмий киришти. Анын төртүнчү президенттик мөөнөтүнө каршы 5-майда Орусиянын ондогон шаарында митингдер өттү. 18 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Владимир Путин жаңы президенттик мөөнөткө кириши менен Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат.

7-майда Владимир Путин төртүнчү президенттик мөөнөтүнө киришүү инаугурациясы учурунда ант бергенден кийинки сөзүндө буларга токтолду:

- Сиздер, урматтуу Орусия жарандары, президенттик шайлоодогу мага көрсөткөн чыныгы колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Аны мен чоң саясий капитал жана ишенимдүү моралдык тирек деп эсептейм. Бул колдоодо Орусия мындан ары да өзүнүн күчүн бекемдейт, ал эми адамдар жакшы жашай баштайт деген ишеним жана үмүт бар. Мындай колдоо эл аралык иштерде өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоодо да, өлкө ичинде терең жана позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоодо да керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Путин ант берди

Москва убактысы боюнча саат 12де башталган салтанат, маалымат каражаттарынын жазышынча, бул ирет жупуну өттү жана президенттик кортеж менен көчөнү аралап жүрүү болгон жок. Буга чейин салт болуп калган иш-чарадан “элдин терс маанайын жаратпаш үчүн” баш тартылганы айтылган.

2012-жылдагы инаугурацияда Путин Кремлге машиналардан жана элден тазаланган Москва көчөлөрүн аралап, анан келген.

Владимир Путин төртүнчү мөөнөтүнө Сириядагы химиялык чабуул катары сөз болуп жаткан окуя, орусиялык мурдагы чалгын кызматкеринин Британияда ууландырылышы, Москванын Украинадагы жана Сириядагы иштерге кийлигишүүсү жана башка маселелер боюнча Орусия менен Батыштын ортосунда мамиле чыңалып турган кезде киришүүдө.

"Түркмөнстанды кайталоо"

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков жакынкы жылдары саясий реформаларды жана Батыш менен мамиленин жакшырышын күтүүгө болбойт деген ойдо:

- Мисалы, көз карандысыз сот системасы түзүлүшүн күтпөй деле койсо болот. Бирок ансыз инвестиция тартуу мүмкүн эмес. Шайлоо системасында да эч нерсе өзгөрбөйт. Мэрлердин шайлоолору токтотулуп, губернаторлорду шайлоодо муниципалдык көзөмөл сакталат. Балким, 2021-жылы Мамдумада саясий партиялардын күчтөрү алмашса, бир нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Жок деген бир көз карандысыз демократиялык партия парламентке өтүп кетсе, акырындык менен жаңылыктар болот. Бирок, мен кырдаал чукул өзгөрөт деп деле ойлобойм. Анан 2024-жылы өтчү келерки президенттик шайлоодогу мураскерге элиталар күрөшү башталат же Баш мыйзамды өзгөртүп, Путинди андан ары да калтырууга аракеттенишет. Негизи эки жолдун ажырымындабыз: биринчиси - Түркмөнстанды кайталоо, экинчиси - Батыш менен мамилени жөнгө салып, акылга сыя турган экономикалык саясат жүргүзүүнү тандоо.

Ант берүү салтанаты. 7-май, 2018-жыл

Владимир Путин ант бергенден кийин премьер-министрликке кайра эле Дмитрий Медведевди сунуш кылды. Путиндин эски санаалашы Дмитрий Медведев өкмөт башчы катары 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Ага чейин төрт жыл Орусиянын президенти болгон. Бул учурда Путин өзү өкмөт башчы кызматын аткарып турган.

Саясат таануучу Дмитрий Орешкин төртүнчү президенттик мөөнөтүнө киришкен Путин үчүн ички экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү оңой болбойт дейт:

- Бул мөөнөттө бир кыйла кыйраган экономиканы кайра көтөрүүгө аракеттер жасалат. Азыр Путинге акчаны эч ким ишенип бербейт - эл аралык ишкер чөйрө ишенбейт, инвестиция жок, ишеним жок, бир гана санкциялар бар. Ал ортодо калктын жашоо деңгээлин көтөрүү керек да. Эл “биз бутка туруп, Крымды кошуп алдык, байыдык” деп ойлогон, бирок, чындыгында тескери болуп чыкты. Путинге ички абалды жөнгө салышы керек болот. Өкмөттө алмашуулар болушу ыктымал, мурунтан айтылгандай аскерий чыгымдар кыскартылышы мүмкүн. Орусия акыркы он жылда эл аралык изоляцияга кабылды, аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийликке ишеним жок, өлкөгө инвестиция салууда кооптонуу бар. Мындай акыбалдан чыгуу оңой эмес. Кайра эле адамдардын пенсия жашын, салыктарды көтөрүү сыяктуу ыкмалар колдонулат.

Ал эми публицист Андрей Колесников Путиндин инаугурациядагы сөзүндө эч кандай жаңылык, убада болбогонуна көңүл бурду:

- Сөзүндө деле жаңылык жок, эч кандай жаңы убадаларды деле бербеди. Сөзүндө конкреттүүлүк жок. Шайлоо алдында президенттик программасын деле көрсөткөн эмес. Экономикада алдыга озуп чыгуу болот дейт. Эмне болору, кандайча болору деле түшүнүксүз. Аны 18 жылдан бери айтып келе жатат. Кайрадан эле 90-жылдарды эскерип, кыйынчылыктар жөнүндө айтат. Ал кыйынчылыктарды өздөрү жаратышууда. Бир эле айлампада адашып, тегеренип жүргөндөй. Бул - күтүлгөн нерсе. Бул - жаңы президенттик доор эмес. Бул - Путиндин бийлигинин уландысы.

Путиндин ант берүү салтанаты. 7-май, 2018-жыл

"Ал бизге падыша эмес"

18 жылдан бери, атап айтканда, 1999-жылдан бери бийлик башында турган Владимир Путин жаңы алты жылдык президенттик мөөнөткө кызматка кириши менен эми Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат.

5-6-майда анын төртүнчү мөөнөткө кызматка киришүүсүнө каршы Орусиянын 30га жакын шаарында митинг болуп өттү. Оппозиционер Алексей Навальный уюштурган “Ал бизге падыша эмес” деп аталган жүздөгөн киши катышкан нааразылык акциясы учурунда 1600дөн ашык адам кармалды.

Полиция бөлүмүнө жеткирилгендердин көбү, анын ичинде Навальный өзү да убактылуу кармоочу жайдан бошотулган. Бирок демонстранттардын алды 25 суткага чейин камалышты. Байкоочулар бул ирет полиция митингчилерге каршы көбүрөөк күч колдонушканын белгилешүүдө.

2012-жылы да премьерликтен кийин мамлекет башчылыкка кайра келген Владимир Путиндин инаугурациясынан бир күн мурда уюштурулган нааразылык акциясында 20 оппозициялык активист кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 18-марттагы шайлоодо Путинге добуш бергендердин саны 76,67 пайызды түзгөн. Бул жолу Путин 2000, 2004 жана 2012-жылдардагыдан көп добуш алганы айтылган. Активисттер шайлоодо жүздөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилесе, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок деген баасын берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.