Путинге куттуктоолор жаады

Орусия -- Оппозиция активисттери президент Путиндин сүрөтү чапталган пенсионердик карточканын алдында торт кесип жатат. Москва, 7-октябрь, 2012.

Жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путиндин 60 жашка чыгышын мамлекет башчыларынан тартып, альпинисттерге чейин куттукташты.
Орусияда маалымат каражаттарынын жазышынча, Путинди торколуу тою менен Армения, Азербайжан, Беларустун, Украинанын жана Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазиянын лидерлери куттукташты.

Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын Путинге «күчтүү жана заманбап мамлекет курууну максат кылган бардык жоопкерчиликтеринде ийгиликке жетишин» каалады. Түндүк Кореянын Мамлекеттик Коргонуу комитетинин биринчи катчысы деп кол койгон катында Ким ошондой эле Путинге «саламаттык жана бакты-таалай» каалады.

Түндүк Осетия жөнөкөй куттуктоо менен чектелбестен, альпинисттерди тоонун башына Путиндин портретин орнотууга жөнөттү. Жумурияттын Альпинисттер Федерациясынын мүчөлөрү 4150 метр келген ат коюлбаган тоонун чокусуна туурасы төрт, узуну алты метр келген портретти орнотуп кайтышты.

Ал арада маалымат агенттиктери өткөн кылымдагы советтик үлгүдөгү комментарийлерди жарыялашууда.

«Президент эс алуусуз, ар кандай убакыт тилкелеринде жана жылдын кайсы маалында болбосун, кабагым-кашым дебестен иштей берээрине орустар көнүп калса да, дайым таң калат» деген Итар-Тасстын комментарийин "Вести" жана башка бир катар маалымат каражаттары кайра басты.

Аталган комментарийде андан ары орус президентинин ишин чагылдырган журналисттер Путин ооруп калган учурду эстей албай тургандыгын, ал жылына бир жолу Сочиге барып дем алса да, «ишин дем алуу менен айкалыштыраары» белгиленет.

Комментарийде Путиндин дзюдо менен лыжанын устаты экендиги, пианинону катыра чертип, муз аренасына келгенде, илгиртпей хоккей ойной тургандыгы айтылат.

Бул комментарийде Путин биринчи жолу Орусиянын президенти болуп шайланган 2000-жылы туулган балдар «дефолт», «чечен согушу» дегенди билбеген «Путиндин мууну» экендиги белгиленет.

Маалымат каражаттарында Путин туулган күнүн үй-бүлө мүчөлөрү жана достору менен тар чөйрөдө белгилей тургандыгы кабарланган.

Орусиянын НТВ телеканалы жекшембинин кечинде Путин тууралуу документалдык тасманы көрсөттү. Анда Путин Орусиядагы олуттуу көйгөйлөрдүн айрымдарына кайрылат.

Тасмада Путин орус бизнесинин түрмөдөгү дөө-шаасы Михаил Ходорковский кечирим сураса, ЮКОС компаниянын мурдагы жетекчисине мунапыс берүүнү ойлонуп көрө тургандыгын айтат. Ходорковский алгач финансылык алдамчылык, кийин каражатты ысыраптоо айыптары менен эки ирет соттолуп, 2017-жылга чейинки мөөнөткө кесилген. Ага каршы айыптар Ходорковский саясатка аралаша баштаганда пайда болгон.

Путин ошондой эле өзүн чиркөөдөн кууп салууга чакырган ыры үчүн эки жылга кесилген Пуси Райот тобунун үч мүчөсү тууралуу да сүйлөдү. Маскөө чиркөөсүндө «панк намазга» жыгылган үч кыз «диний жек көрүүчүлүктү козутту» деп табылган. Путиндин айтымында, «алардын камакка алынышы да, кесилиши туура болгон». Ал бул окуяга өзүнүн «эч кандай тийешеси жоктугун», Пуси Райоттун мүчөлөрү «өздөрү сураганды алгандыгын» кошумчалады.

Путин ошондой эле Грузияда шайлоодо жеңилген президент Михаил Саакашвилинин партиясы бийликте калуунун ар кандай айла-амалын таба тургандыгын белгиледи.

Путин өзү эки жолу президент болуп, конституция үчүнчү иретке жол бербегендиктен, өкмөт башчысы боло калып, азыр кайра мамлекет башчылыгында отурат.