Орусияда банкрот деп табылган “Межпромбанктын” негиздөөчүсү, кезинде Тува республикасынан Федерация кеңешине сенатор шайланган Сергей Пугачев Орусияны Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко бергени 22-сентябрда белгилүү болду.
Доогердин адвокаттары Париждеги басма сөз жыйында билдиришкендей, Пугачев Орусиядагы бизнес империясынын талкаланганы үчүн орус өкмөтүнөн 12 миллиард доллардан ашуун акча өндүрүп берүүнү талап кылууда. Тиешелүү маалымдама орус президентинин администрациясына, Орусиянын каржы, экономика, юстиция жана тышкы иштер министрликтерине жөнөтүлдү.
Сергей Пугачев ээлик кылган “Межпромбанк” 1992-жылы негизделип, бат эле Орусиянын ири банктарынын бирине айланган. Бирок бул каржы мекемеси 2010-жылга барып, банкрот деп жарыяланды. Олигарх банкир өзү Орусиядан 2011-жылы чыгып кеткен жана азыр Францияда да жашайт.
Орус бийликтери эми өкмөткө доо коюп жаткан Сергей Пугачевду “Межпромбанктан” 2008-2009-жылдары жалпысынан 100 миллиард рублге жакын акчанын уурдаган деп айыпташууда жана сот ишкерди камакка алуу боюнча сырттан чечим дагы чыгарган.
Сергей Пугачев болсо, тескерисинче, коюлган айыптарды четке кагып, орус бийликтери “Межпромбанкты” анын эң кирешелүү активдерин тартып алуу максатында банкротко атайлап учуратканын айтып келет.
Мурдагы олигарх өзү жакында “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Орусия ага таккан айыптар жана эл аралык сотко жолдогон доосу боюнча төмөнкүлөргө токтолгон:
- Ал жылдары (2008-2009-жыл) 100 миллиард рубль уурдады дегени ошол кездеги курс боюнча үч миллиард доллар. Үч миллиард доллар бул эми чөпкө катылган ийне эмес да. Орусиядан кеткенимдин башкы себептеринин бири - менин активдеримдин тартылып алынышы. Бул 2010-2013-жылдары жүрдү. Менин акчалай суммасы 15 миллиард долларга жеткен активдерим мамлекет тарабынан ачык жана катаал формада тартылып алынды. Мен азыр өз пландарымды биринчи кезекте эл аралык арбитраж менен байланыштырып жатам. Орусиялык активдеримди тартып алышкандан кийин адегенде 60 жашымда өзүмдү соттук териштирүүлөргө арнагым келген эмес. Бирок депозиттерди камсыздандыруу боюнча агенттиктин чектен чыккан иштеринен кийин алар муну мен түшүнгөндөн Путиндин жек өзүнүн жактыруусу менен жасап жатышат. Мага көп адамдар айтышкандай, ал ар бир кыймылды, ар бир чечимди көзөмөлдөөдө. Ушундан кийин менде соттошууга каалоо пайда болду. Андыктан эл аралык арбитражга кайрылдым.
"Кремлдин банкири"
Сергей Пугачевду кезинде “Кремлдин банкири” деп атап коюшчу. Ал мурдагы президент Борис Ельциндин үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болгон. Көптөр Пугачевду президент Путиндин да жакын досу иретинде билишчү.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшемби күнү кабарчылар менен маегинде Сергей Пугачевго каршы Орусияда жүрүп жаткан тергөө иштерин анын мамлекет башчы менен жеке мамилелерине байлабоого чакырды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мурдагы олигархтын өзүнүн ырастоосунда, ал 1999-жылы Путин Ельциндин мураскери катары тандалышына салым кошуп, анын талапкерлигин көргөзгөн. Сергей Пугачев “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Путин бийликке келген учурду мындайча эскерет:
- Ооба, дал ошондой болгон. Талапкерлерди талкуулоо Путиндин катышуусуз өткөн. Степашинди, Путинди же башканы тандообу, ал буга катышкан эмес. Анда ал премьер-министрликке эң идеалдуу адамдай көрүнгөн. Өзүндө эки маанилүү нерсени камтып турган. Биринчиси - мурда иштеген жерин (Санкт-Петербург мэринин орун басары) эске алганда демократиялык-либералдык башталышы, экинчиси - ФСБдагы таянычы. Талапкерди тандоо 60% аныкталып калганда, мен аны Татьяна Дьяченко менен (Ельциндин кызы) тааныштырдым. Андан кийин ал баарына активдүү катыша баштады. Бирок ал буга негативдүү көз карашта болду, каалаган жок. Кетип калгысы келди. Ачык айтканда ал бул мүмкүн экенине ишенген жок, авантюрадай көрдү. Менимче, ал өзүн президент катары элестеткен эмес.
Сергей Пугачев активдерим мыйзамсыз тартылып алынды деп, Орусияга ири көлөмдө доо койгон экинчи ишкер болду. Азыр Москва Гаагадагы арбитраждык соттун 2014-жылдагы чечимине каршылык көргөзүүгө аракеттенүүдө.
Гаага соту буга чейин Михаил Ходорковскийдин мурдагы “ЮКОС” мунай компаниясынын активдери тартылып алганы үчүн Орусияны компаниянын акционерлерине 50 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.