Орус түрмөсүндөгү ур-токмок ашкереленди

Ярославлдагы түзөтүү колониясында тартылган видео тасмадан алынды.

"Орусиянын Брянск аймагындагы абакта жазасын өтөп жаткан кишини думуктуруп өлтүргөн" деген шек менен бир түрмө сакчысы кармалды. Андан мурда Ярославлдагы түзөтүү колониясындагы ур-токмокту көрсөткөн видео Интернетке тарап кетип, 17 түрмө сакчысы кызматтан четтетилген эле.

Түрмөдөгү ур-токмок тууралуу удаалаш тараган кабарлар Орусиянын укук коргоо органдарын тез чара көрүүгө аргасыз кылды. Брянск аймагындагы түрмөнүн сакчысы бир соттолуучуну думуктуруп өлтүргөнү белгилүү болгондон кийин Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козголду. Мекеменин 24-июлдагы маалыматына ылайык, шектүү киши кармалып, анын бөгөт чарасы каралганы жатат.

- Тергөөнүн версиясы боюнча, 22-июлда кечки саат 8:20да Брянск облусундагы Федералдык жаза аткаруу кызматына караштуу №6 түзөтүү колониясынын кызматкери күч жана атайын каражаттарды колдонуу менен соттолгон адамдын кыймыл-аракетин чектеп, бетин кездеме менен байлаган. Натыйжада ал киши аба жетпей каза тапкан, - деп айтылат Тергөө комитетинин билдирүүсүндө.

Бирок киши колдуу болгон соттолуучу менен түрмө сакчысынын тек-жайы ачык айтылган жок. Бул соңку бир апта ичинде ​Орусиянын жабык жайларындагы ур-токмок менен кыйноону ашкерелеген экинчи окуя болуп калды.

20-июлда "Новая газета" басылмасы Ярославлдагы түзөтүү колониясында тартылганы айтылган 10 мүнөттүк видео тасманы жарыялаган. Анда соттолгон адамды форма кийген он чакты киши чечиндирип алып, резина союл менен колго-бутка чапкылап, катуу сабап жатканы көрсөтүлгөн. Видеодон жабырлануучунун ыйлап, ур-токмокту токтотууга чакырганын угууга болот.

Бул видео колониянын кызматкерлеринин бирине тагылган видеорегистраторго тартылып калганы кабарланып жатат. Аны журналисттерге берген адвокат Ирина Бирюкова дүйшөмбү күнү өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

Бирюкова Орусиянын Федералдык тергөө комитетине кат жазып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууну суранган болчу. Ал "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде орус түрмөлөрүндө кыйноо мурдатан боло келгенин, бул жолку видео тасма менен жооптууларды аныктоого жол ачылып жатканын айтты:

Ярославлдагы түзөтүү колониясы.

- Мен мурда көргөн видео тасмалардан соттолуучуларды сабап жатышканы билинсе да, түрмө кызматкерлеринин жүзү көрүнчү эмес. Бул жолкусунда, биринчиден, ур-токмоктун масштабы таң калтырат. 18 киши жүрдү. Экинчиден, алардын баарынын бети көрүнүп турат.

"Коомдук вердикт" фонду видео тасмадагы ур-токмокко кабылган адамды Евгений Макаров деп атады. Аталган фонд 2017-жылдын апрель айында Ярославлдагы №1 түзөтүү колониясында үч адам, анын ичинде Макаров кыйноого кабылганын билдирип чыккан. Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны бул кабарлардын чын-бышыгын териштирүүгө чакырган. Макаров анда кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазганы менен тергөөчүлөр "иликтөө жүргүзүүгө негиз жок" деген чечимге келишкен.

Бирок Федералдык жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Александр Рудый Макаров буга чейин 136 жолу тартип бузганын, видеодо тартылган окуяга кандайдыр чагымчыл аракеттер себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

Антсе да качан тартылганы так айтылбаган бул тасма жарыяланып кеткенден кийин ишти Орусиянын Тергөө комитети өз көзөмөлүнө алды. Мекеме Ярославлдагы колонияда Макаровду сабоого катышкан түрмө кызматкерлери аныкталганын, алардын алтоо кармалганын 23-июлда билдирди. Мындан тышкары 17 түрмө кызматкери иштен четтетилди. Федералдык жаза аткаруу кызматы орус абактарындагы зордук-зомбулук тууралуу 2017-жылы келип түшкөн билдирүүлөрүндө кайра карап чыкмай болду.

"Эл аралык мунапыс" уюму видео тасма боюнча иликтөө башталганын кубаттап, бирок кыйноонун алдын алуу үчүн улуттук деңгээлде чара көрүлүшү керек экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.