Кремль бейөкмөт уюмдарга "жортуулун" күчөттү

Орусия мыйзамы боюнча сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар "чет өлкөлүк агент" катары саналат.

Орусияда бейөкмөт уюмдарды масштабдуу жана комплекстүү текшерүү уланып жатат. Алардын кеңселерине прокурорлор, салык инспекциясы келүүдө. Бул жараян өлкөнү бийликти сындаган уюмдардан тазалоо боюнча иштин бир бөлүгү деп саналганы менен аналитиктер мындан башкаруучу элитаны жүдөткөн кризистин белгисин да көрүшөт.
Укук коргоочу уюмдардын “Агора” деген ассоциациясынын эсебинде, акыркы бир айда коммерциялык эмес уюмдардын кеминде 40тан ашууну күтүүсүз текшерүүгө кабылышкан. Алардын көпчүлүгү Кремлдин саясаты боюнча сынчыл турумду кармангандар.

Аталган ассоциациянын маалыматына караганда, жалпысынан прокуратура, салык кызматты, өрткө каршы кызмат, саламаттыкты сактоо министрлиги өңдүү мекемелердин текшерүүлөрүнө 2000дей бейөкмөт уюм тушуккан.

Юстиция министрлиги жана прокурорлор өз тарабынан текшерүүлөрдүн чоо-жайын Орусиянын жаңы жана талаштуу мыйзамынын талаптары менен түшүндүрүшүүдө.

Былтыр кабыл алынган мыйзам боюнча сырттан кабыл каржыланган бейөкмөт уюмдар Орусияда “чет элдик агенттер” катары кайра каттоодон өтүшү талап кылынган.

Бирок Сталин доорундагы түшүнүктөрдү эске салган бул мыйзамды аткаруудан көп уюмдар баш тартышып, аны былтыр жыл бою уланган нааразылык акцияларына жооп чара катары сыпатташкан.

Айрым аналитиктер бейөкмөт уюмдардын кеңселериндеги азыркы текшерүүлөрдү Орусия бийлигинин коомдук нааразылык өсүп жаткан шарттагы терең камтамачылыгынын белгиси деп санашат.

Марк Урнов - Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин прикладдык политология факультетинин илимий жетекчиси:


- Бул, бийликтин бедели, Путиндин бедели, "Бирдиктүү Орусиянын” бедели түшкөнүнө олуттуу камтамачылык бардыгынын көрүнүшү. Бийликтер уюшулган нааразылык акцияларынан, коррупция боюнча кандай болбосун маалымат чогулткан борборлордон абдан коркот. Ушундан улам аларга сокку урулууда. Бул - чындап эле өзүнө-өзү ишене албай калган бийликтин жүрүм-туруму.

Байкоочулардын баамында, Кремль азыр өзүн эл арасында аброю кете түшкөн “Бирдиктүү Орусия” партиясынан обочодо тургандай түр көргөзүп жатат. Путиндин командасынын бир нече мүчөсү бул партиядан чыгып кеткен жана алдыда андайлардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Москвалык саясий аналитик Дмитрий Орешкиндин көз карашында, бейөкмөт уюмдарга жасалган жортуул - өкмөттүн калган-каткан таасирин сактоонун аргасы. Анткени талдоочу белгилегендей, Путиндин 13 жылдык бийлиги азыр эң оор кризисти баштан кечирүүдө:

- Бийликте өз рейтингин көтөргүдөй оң рычаг жок. Калктын кирешеси көбөйбөдү. Экономика эң жакшы дегенде бир калыпта, өнөр жай өндүрүшү кыскарууда. Өлкөнүн мунай-газга көз карандылыгы күчөөдө. Позитивдүү стимулду көтөрүүгө мүмкүнчүлүк, көбүрөөк төлөгүдөй кор жок. Ал эми кызматтан кетип, бул моделдин эффективдүү эместигин моюнга алууга бийликтен эч ким ниеттенбей жатат. Андыктан бийликте терс ыкмаларды колдонуудан башка арга калбады.

Бул аптада кеңсеси текшерилген уюмдардын бири - Эл аралык Мунапыс уюму муну орус бийлигинин бейөкмөт уюмдардын коомчулук алдындагы аброюн кетирип, аларды каралоо аракети деп мүнөздөдү.

Орусиянын эң эски жана көпчүлүк урматтаган “Мемориал” укук коргоо борбору текшерүүлөрдү “кооптондурарлык” жана “мурда болуп көрбөгөн” деп атады. Бул уюмдун ырастоосунда, прокурорлор менен салык инспекторлору алардан 600дөй документти талап кылган.

Активисттер буга окшогон текшерүүлөрдүн натыйжасында, бейөкмөт уюмдардын иши токтоп, алар жабылып калабы деп тынчызданышат.

Саясий талдоочу Дмитрий Орешкиндин болжолунда, бийликтин кысымы алдыда күчөчүдөй:

- Бийлик үчүн идеалдуу вариант бул коммерциялык эмес уюмдар өздөрү багынып берип, ишин өздөрү токтотушу. Бул канчалык тез болсо ошончолук жакшы. Анткени жок кылуу жараяны канчалык ыкчам кетсе, бийликтин репутациясы азыраак жапа чегет. Андыктан путиндик вертикал маалыматтын көз карандысыз булактарына кысымды күчөтө берет.

Өзү орус президенти Владимир Путин чет өлкөдөн, бөтөнчө АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдардан узактан бери шек санап келген жана былтыр аларды Орусиянын ички саясатына кийлигишип жатканы үчүн ачык айыптаган.

Ал эми азыркы текшерүүлөр башталганга чейин, ФСБнын жыйынында сүйлөгөн кезинде Путин “Орусияга басым жасап жаткан” уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырган.