Майор Дымовскийдин милиция күнүнө карата "белеги"

Майор Алексей Дымовский Москвада пресс-конференция өткөрдү, 10-ноябрь

Россияда кечээ милиция күнү белгиленди. Ошол эле күнү милициянын мурдагы кызматкери майор Алексей Дымовский пресс-конференция өткөрдү. Милиционер бир нече күн мурун Интернетке видеокайрылуусун жайгаштырып, тартип коргоочулар арасындагы паракорлук, башка мыйзам бузуулар кеңири жайылганын айткан.
Дымовский же банк картасын, же чөнтөк телефонун колдоно албай калды. Аны аэропортко бараткан жеринен кармап, баш калаага учуп кетишине бир топ тоскоолдуктар түзүлдү. Бирок Новороссийск шаарынын милиция бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Москвага барып, видеокайрылуусунда айтылгандарды пресс-конференцияда бекемдөөнү чечти.

Пресс-конференцияда ал жетекчилеринин мыйзам бузууларын далилдеген тасмалары бар экенин ачыкка чыгарды:

- Менде 150 сааттык тасма бар. Бул үн жаздыргычка 150 саат жаздырса болот. Батареясы 90 саатка жетет. Мен аны мойнума асып коюп жаздырып жүрдүм.

YouTube интернет сайтына жайгаштырылган тасмасында ал милиция кылмыштардын бети ачылып жатканын көргөзгүсү келип, күнөөсүз адамдарды камап, кылмыш иштери бурмаланган фактылар четинен жолугаарын ырастаган.

Анын 2 видеосун жүз миңдеген адам көрүүгө үлгүрдү. Бул чуулган милиция күнүнө туш келди. Орус ички иштер министри Рашид Нургалиев милиция коомчулук менен түз диалогго барууга тийиш деп, Дымовскийдин айыптоолорун моюнга алгансыды.

- Тилекке каршы, милицияда кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар, жарандардын проблемаларына кош көңүл, таш боор, орой мамиле жасаган, моралдык сапаттары төмөн адамдар жолугат. Ар бирибиз жаранга, коомго, мамлекетке кызмат өтөөдөгү ролубузду түшүнгөндө гана милиция кызматкери деген кесипке сый-урмат пайда болот.

Дымовскийдин ашкерелөөсү орус мыйзам коргоо органдары чөйрөсүндөгү алгачкы чатак эмес. Укук коргоочулар аларды коррупция, иш билбестик, ырайымсыздык үчүн сындап жүрүшөт.

Левада социалдык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Борис Дубин орустардын көбү милицияга ишенбейт, 64 проценти алар натыйжалуу иштебейт деп санашаарын айтат:

- Хулигандар менен кылмышкерлерге караганда милициядан эл көбүрөөк коркот. Эң көп террористтерден, анан милициядан коркушат.

Милиция кызматкерлерин болсо төмөн маяна жана коомдогу стабилдүү эмес статусу камтама кылат.

Тартип коргоочулардын дарегине айтылган сын пикирлер апрелден кийин өзгөчө күчөдү. Москва милициясынын кызматкери мас болуп алып дүкөндө элди аткылай баштаган. Анда 3 киши, анын ичинде кыргызстандык Элмира Турдуева деген келин каза болгон.
Ал окуядан кийин президент Дмитрий Медведев баш калаанын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисин кызматынан алган. Май айында Жогорку Соттун төрагасы жана юстиция министри Ички иштер министрлиги эң коррупциялашкан мекеме деген баянын жарыялашкан.

Октябрда Бурятия ички иштер министри орун басарлары менен кошо паракорлук үчүн айыпталып камакка алынды. Көп узабай Тувада милициянын офицери кесиптешин атып өлтүрүп, өз жанын өзү кыйгандан кийин жумурияттын ички иштер бөлүмүнүн башчысы иштен кетирилди.

Анын үстүнө премьер-министр Владимир Путиндин айланасындагы күч органдарынын өкүлдөрү президент Дмитрий Медведевге жакын технократтар менен таасир үчүн күрөшүп келатышат. Терроризм жана коопсуздук маселелерин чагылдырган agentura.ru сайтынын редактору Андрей Солдатовдун ырастоосунда, Дымовскийдин ашкерелөөсү Кремлдеги күрөшкө жем таштады.

Майордун алгачкы видеосу жарык көргөндөн кийин министр Нургалиев иликтөө жүргүзүүгө буйрук берген. Бирок бир нече сааттан кийин эле министрликтин басма сөз өкүлү тергөө аяктаганын билдирди. Органдарда 10 жыл иштеген Дымовский кесиптештерине жалаа жапты деген жүйөө менен иштен кетирилди.

Башкы прокуратуранын тергөө комитети анын айткандарын текшерип жатат. Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызлов Дымовскийдин ырастоолору чын болуп чыкса, керектүү чара көрүлүүгө тийиш деди.