Орусиянын парламенти АКШнын жарандары орус балдарын багып алышына тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окулушунда жактырды. Муну менен депутаттар АКШдагы мыйзам чыгаруучулар кабыл алган “Магнитский актына” жооп берүүнү каалашкан.
АКШда “Магнитский актысы” президент Барак Обама өткөн аптада ага кол койгондон кийин мыйзам катары күчүнө кирген. Ал Орусияда коррупцияга каршы иштеп, 2009-жылы абактагы кыйноолордон кийин өлгөн юрист Сергей Магнитскийдин урматына кабыл алынган эле.
Буга зээни кейиген орус депутаттары америкалыктар Орусиядан бала асырап алышына тыйюу салган мыйзам долбоорун экинчи окулушунда жактырышты. Эми ал үчүнчү ирет да жактырылса, мыйзам катарына күчүнө киришине чейин парламенттин Жогорку палатасы карап, президент Владимир Путин кол коюшу керек.
Мамлекеттик думанын депутаттарынын чечимине нааразылык билдиргени шаршембиде парламенттин алдына чогулган 30дай кишини полиция кармап кетти.
“Рейтер” агенттигине сүйлөгөн оппозициялык “Акыйкат Орусия” партиясынын депутаты Илья Пономарев мыйзам долбоорун кескин сындады.
"Бул - ушунчалык кыжырды келтирген, митаам, АКШдагы документке такыр туура келбеген мыйзам, - дейт депутат. - Мамдума орус коррупционерлерин коргогон позицияны карманды. Болгондо да, бул үчүн балдардын проблемасын колдонгону күйдүрөт".
Америкалыктар Орусиядан бала асырашына тыюу салууну караган мыйзамга каршы болуп жаткандардын арасында министрлер да бар. Жумурияттын тышкы иштер министри Сергей Лавров аны жөн гана “натураа” деп атады.
Премьер-министр Дмитрий Медведев болсо шаршембидеги сөзүндө орус балдарын чет өлкөлүктөр асырап алып жатышканы “Орусия өзүнүн жетимдерине көңүл бурбай жатканын көрсөтөт” деди. Бирок өкмөт башчы Думада каралып жаткан мыйзамды колдой турганын да, колдобой турганын да ачык билдирген жок.
"Биз баарыбыз – кызматтардагы адамдар, жарандык коом, анын ичинде коомдук уюмдар менен партиялар - өз өлкөбүздө жетим балдардын азыркы абалы үчүн жооптуубуз. Каяктагы бир чет өлкөлүктөр эмес, биз өзүбүз жоопкерчиликти алышыбыз керек", - деди Медведев.
Президент Владимир Путиндин расмий өкүлү Дмитрий Песков депутаттардын демилгесин “кызыл кандуулук, өзгөчө эмоционалдуулук” катары сыпаттап, бу маселеде Кремлдин позициясы алда канча “токтоо” экенин кошумчалады.
Орус депутаттары сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорун алар “Дима Яковлевдин мыйзамы” деп аташууда. 21 айлык Дима Яковлевди 2008-жылы америкалык баласыз үй-бүлө асырап алат. Бирок атасы аны күн ысыкта машинеде унутуп калып, бала өлүп калган. Орусияда бул окуя кызуу талкууга алынып, америкалыктар орус балдарын багып алышына такур тыюу салыш керек деген билдирүүлөр ошондон тарта эле айтылып келген эле.
"Бактылуу билет"
Бирок азыр чындап буга мыйзамдык тыюу салынышына каршы болуп жаткандардын айтымында, АКШга багууга алынып кеткен балдардын арасында өлүм өтө эле аз.
Депутат Илья Пономаревдун айтымында, америкалыктар Орусиядан жалпысынан 60 миңдей баланы асырап алышкан. Алардын ичинде 19 бала набыт болгон же зордукка кабылган. Бул окуяларда күнөөлүү деп табылган 16 ата-эне узак мөөнөткө түрмөгө отургузулду. Орусиянын өзүндө болсо былтыр эле 1700 бала түрдүү зомбулуктардан көз жумганы айтылууда.
Мындай статистиканы келтиргендей, Орусияда жетимдер үйүндө калып жаткан 700 миңге жакын баланын ичинде америкалыктарга бала болуп кеткендери “өмүрүндөгү эң бактылуу билетке ээ болгондор” деп ишенишет. Азыр андай “билетти” Орусияда 1,5 миңдей жетим бала күтүп турган чагы. Аларга Мамлекеттик дума ушул жума күнү, мыйзам долбоорду акыркы, үчүнчү окулушунда караганда жообун бериши керек.