"Тыңчылык" мыйзамы бейөкмөт уюмдарды жүдөттү

Эки жыл мурда 21-ноябрда Орусияда “Чет өлкөлүк тыңчылык жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Андан бери Орусия Юстиция министрлиги мыйзамга туура келбеген бейөкмөт уюмдардын тизмесин жарыялап, четинен соттошо баштады.

Орусиянын аймагында ишин жүргүзгөн “Мемориал” укук коргоо бирикмеси да бар. Учурда Юстиция министрлиги менен соттошуп жаткан уюмдун жетекчилеринин бири Александр Черкасов мыйзам күчүнө киргенден кийинки жагдай менен бөлүштү.

"Азаттык": Акыркы эки айда "Мемориал" уюму да министрлик менен “Тыңчылык жөнүндөгү” мыйзамга байланыштуу соттошуп жатты эле. Акыркы жагдай кандай?

Александр Черкасов: “Мемориал” түйүнү боюнча айтсам, бизди бир эле “Чет өлкөлүк тыңчылык жөнүндө” мыйзам менен кысымга алып жаткан жок. Мисалы, “Мемориалдын” Орусиядагы бөлүмүн башка жүйөлөр менен жабууга аракет кылууда. Себеби мыйзам боюнча камоо же жоюу мүмкүн болбой калды.

Биз азыр министрликтин “чет өлкөлүк тыңчылык кылган” бейөкмөт уюмдар реестринде турабыз. Бизди алар өздөрү эле киргизип коюшкан. Башка уюмдарды да бул тизмеге өз алдынча киргизип салышкан. Бир да уюм Юстиция министрлигинин реестрине өз ыктыяры менен катталбай койгондон кийин бийлик мыйзамды өзгөртүүгө мажбур болду.

Албетте бул мыйзам кыйла тоскоолдук жаратууда. Биринчиден, отчет мезгилинде кошумча убакытты талап кылууда. Экинчиден, ар кандай санкциялар, жазаналар, ишин токтотуу, жада калса кылмыш иштерин козгоо менен коштолууда. Кыскасы бул мыйзам бизди кыйла эле жүдөтүүдө, бирок биз ишибизди улантып жатабыз.

"Азаттык": Орусияда бейөкмөт уюмдарды “агент” деп ким тизмектейт? Ким реестрди аныктайт?

Александр Черкасов: Реестрди Юстиция министрлиги түзөт. Тизме туш келди түзүлгөнү көрүнүп турат. Чындыгында бул мыйзамда бейөкмөт уюмдарды каалагандай куугунтуктоо камтылган.

"Азаттык": Орусияда “Чет өлкөлүк тыңчылык жөнүндө” мыйзам күчүнө киргенине мына эки жыл болуптур. Айтсаңыз, ушул эки жыл аралыгында ишин токтоткон бейөкмөт уюмдар болдубу?

Александр Черкасов: Ооба, Санкт-Петербургдагы улуттук азчылыктардын укугун коргоо жаатында иштеген “Мемориал – дискриминацияга каршы борбору” өзүн-өзү таратууга мажбур болду. Буга кабыл алынган мыйзам негиз болду. Учурда ушундай абалда дагы бир канча уюм турат.

Маселенин өзөгү – адам укуктарын коргоо менен алектенген Орусиядагы эң чоң, тармакташкан уюмду “агент” деп жазып салышты. Албетте мындай жардык алардын ишмердүүлүгүнө таасир этерин билдирет.