Немцовдун өлүмү боюнча беш адам камалды

Борис Немцовдун өлүмүнө шектүүлөр Москванын Басман сотунда

Москвада киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча жекшембиде беш адам камакка алынды. Орус күч органдары кармалгандардын бири айыпты моюнуна алганын маалымдашты.

Бирок 27-февралда киши колдуу болгон саясатчынын өлүмү боюнча абдан көп суроо жоопсуз калууда.

Борис Немцовдун өлүмүнө шектүү адамдардын кармалганын 7-мартта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников айтып чыкты. Ал Орусиянын мамлекеттик телесинен сүйлөп, кармалгандардын аты-жөнүн атады:

- Президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Борис Немцовдун өлүмүн иликтөө боюнча Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган атайын топ түзүлгөн. Аткарылган иштердин натыйжасында бул иш боюнча эки шектүү кармалды. Алар Анзор Губашев жана Заур Дадаев аттуу адамдар. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Бул маалымат таратылгандан бир күндөн соң кылмышка шектүү катары дагы үч адамдын кармалганы дайын болду. Алар: Шагид Губашев, Хамзат Бахаев жана Тамерлан Эскерханов аттуу чечен улутундагы адамдар.

Орус коопсуздук органынын маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөр Ингушетиянын аймагында кармалган. Ошол эле учурда Чеченстандын борбору Грозныйда дагы бир кылмышка шектүүнү кармоо боюнча операция жүргүзүлүп, бирок ал өзүн-өзү жардырып жибергени кабарланды. Бул адамдын кандай жагдайда каза болгону тууралуу толук маалымат айтылган жок.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири-Заур Дадаев

Ал эми калган кылмышка шектүүлөр 8-мартта Москвага алынып келинип, орус борбор калаасынын Басман райондук соту аларды камакка алуу чечимин чыгарды. Кармалгандардын ичинен Анзор Губашев менен Заур Дадаев аттуу эки адамга киши өлтүрүү жана мыйзамсыз курал алып жүрүү беренелери боюнча айып тагылып, 28-апрелге чейин камакка алынды. Ал эми калган үч адам шектүү катары каралууда. Алардын баары эки ай камакта болмокчу.

Сот чечимин окуп жатып, ишти караган судья Наталья Мушникова айыпталуучулардын бири – Заур Дадаев күнөөнү моюнуна алганын билдирди. Ал эми калгандары айыпты четке кагышууда. Дадаев Чеченcтандын башчысы Рамзан Кадыров түзгөн, Ички иштер министрлигине караштуу “Түндүк” батальонунда командирдин орун басары болуп эмгектенген. Дадаевдин карындашы Тамара агасынын үлгүлүү адам экенин айтып, кылмышты жасаганына ишенбей турганын айтып чыкты:

- Менин байкем 11 жылдан бери армияда кызмат өтөп келген. Мекенин, Орусияны коргоп келген. Бир нече операцияга катышып, тайманбастыгы менен айырмаланган. Мурдагы министр Нургалиевдин колунан “Эрдик үчүн” орденин алган. “Кадыровдун жылдызы” ордени менен менен сыйланган. Анын сыйлыктары абдан көп.

Заур Дадаев кылмышка шектелген ага-ини Анзор жана Шагид Губашевдердин жакын тууганы болгон.

Орус күч органдары шектүүлөрдү кармаганын жарыялаганы менен, аталган адамдар оппозициячыл саясатчыны эмне себептен өлтүргөнүн кабарлай элек. Немцовдун жакындары менен орус оппозициянын өкүлдөрү, мында бийликтин буйругу болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Борис Немцовду 27-февралдын кечинде Кремлге жакын жерден атып кетишкен

Өткөн аптада четте жашап жүргөн оппозициялык саясатчы Гари Каспаров Немцовдун өлүмүнө орус бийликтери аралашкан деп айтып чыккан. Каспаровдун жүйөсүндө, Немцов Украинанын чыгышындагы жаңжалга орус аскерлери катышканын далилдеген маалыматтарды ачыкка чыгарууну көздөп жаткан.

Ал эми орус бийликтери болсо Немцовду Орусиядагы абалды туруксуздаштыргысы келген чагымчыл күчтөр өлтүрдү деген версияны айтышууда.

Ошондой эле кылмыш жеке жек көрүүдөн улам жасалган болушу мүмкүн деген версия да күн тартибинде кала берүүдө.

55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралда кечинде Москванын борборунда атып кетишкен. 1990-жылдарда бир катар жогорку кызматтарды ээлеген Немцов 2000-жылдардан тарта орус президенти Владимир Путиндин элдешкис сынчысына айланган эле.