Медведев: Батышка эч качан чөгөлөбөйбүз

Дмитрий Медведев Мүнхендеги конференция учурунда. 13-февраль, 2016-жыл

Орусиянын премьер-министри НАТОго мүчө өлкөлөр менен Орусия ортосундагы азыркы абалды жаңы кансыз согуш алдындагыдай деп мүнөздөдү.

Орусия менен НАТО алакалары Украина чыгышындагы окуялардан улам кескин начарлап кеткен. Мындан сырткары Сириядагы кырдаал боюнча да эки тарап ортосунда олуттуу келишпестиктер байкалууда.

Кансыз согуштун "карааны"

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев өткөн ишембиде Мүнхенде коопсуздук боюнча жылдык жыйында сүйлөп жатып, НАТО менен Орусиянын азыркы алакасына кудум эле кансыз согуш алдындагыдай деп баа берди:

- Тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча Евробиримдик менен Орусия ортосунда биргелешкен комитет түзүү идеясы бир кезде мен Мезебергде Германия канцлери Ангела Меркел менен жеке талкуулаганыма карабай ишке ашкан жок. Биздин баабыз боюнча, НАТОнун Орусияга карата саясий линиясы жабык бойдон кала берүүдө. Андан да катуурак айтсак, биз жаңы кансыз согуштун алдында тургандай абалга кептелдик десек болот. Күн кур эмес бизди бирде бүтүндөй НАТОго, бирде Европага, бирде Америка же башка мамлекеттерге эң чоң коркунуч туудурган өлкө катары жарыялап жатышат.

Медведев андан ары Орусияны каралоолор токтобой жатканына да токтоло кетти:

- Орустар ядролук согуш баштап жатат дегендей коркуткан фильмдерди тартып жатышат. Мен кээде ойлоном: биз 2016-жылда жашап жатабызбы же 1962-жылдабы?

Орус өкмөт башчысы ошондой эле евроатлантикалык коопсуздуктун келечеги, глобалдык туруктуулук үчүн интенсивдүү диалог зарылдыгын, бирок ал көп багыттар боюнча үзүлүп калып жатышын жакшы эмес деп балады.

Өткөн жуманын башында АКШ сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сүйлөгөн Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клеппер Орусияны жаңы кансыз согушка жол берип жатат деп айыптаган.

Орусия менен НАТО алакасы 2014-жылы Москва Крым жарым аралын аннексиялашы жана Украина чыгышындагы согушка кийлигишүүсүнөн улам курчуй баштаган. НАТО бул окуяда Орусияны Украина чыгышында өз алдынча республика жарыялап алган жикчилерди колдойт деп айыптап келет.

Сирия маселесиндеги келишпестик

Мындан тышкары соңку кездери Сириядагы кырдаал боюнча да тараптар ортосунда олуттуу келишпестиктер байкалууда.

Мүнхен конференциясына келген НАТО баш катчысы Йенс Столтенберген журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия Сирияда оппозициялык топторду бутага алып жактанын дагы бир ирет кайталады:

- Биз Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө конструктивдүү роль ойношун кубаттайт элек. Азырынча Орусиянын аба соккулары экстремисттик топту эмес, Сириядагы түрдүү оппозициялык топторду бутага алууда. Бул кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу аракеттерине кедергисин гана тийгизет.

Мүнхендеги жыйындын алкагында НАТО баш катчысы орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да өз ара жолугушкан. Бирок ал анда Орусия - НАТО кеңешинин бир жылдан ашуун токтоп калган кезектеги жыйынын өткөрүү боюнча да сөз козголуп, бирок эч кандай келишүү болбогонун кошумчалады.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков "Интерфакска" тараптар бул жолугушууда аталган кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартибин иштеп чыгууга келишкенин билдирген.

Бул арада Time журналы орус премьер-министринин соңку маегин жарыялады. 15-февралда жарыяланган бул маекте Дмитрий Медведев Москва Асадды колдогонун ырастап, Орусиянын Сириядагы аскерий аракети расмий Дамасктын күчтөрү өлкөдө өздөрү тынчтык орното алгыдай абалга жетмейин улана берерин айткан.

"Орус аба күчтөрүнүн соккуларынан өкмөткө каршы автомат көтөрүп алып чуркап жүргөн козголоңчулар мерт болууда, алардын баары бандит жана террорчу", -деп айткан Медведев. Орус өкмөт башчысы андан ары Сирияда тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу катары президент Башар Асад кепке келүүгө мүмкүн болгон козголоңчу күчтөр менен сүйлөшүү өткөрүүсүн атап, бирок ага катышчу топторду так аныктап алуу зарылдыгын белгилеген. Жана тынчтык орнотуу жараяны Асаддын келечектеги ролун да камтышы керектигин, андай болбосо кызыктай болуп каларын айткан.

Дмитрий Медведев ошондой эле Орусия Батыштан Украинадагы окуяларга байланыштуу киргизген санкцияларды алып салууну эч качан суранбасын билдирген.

Крым жарым аралын аннексиялап алган соң Батыш өлкөлөрү Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизип, аны улам узартып келе жатканы белгилүү.