Орусияда аймактык шайлоолор өттү

Москвадагы бир добушканада. 8-сентябрь, 2013.

Орусиядагы аймактык шайлоолор аяктап калганда, добуш берүүгө калктын 30 пайызы араң келгени кабарланды.
Tүшкө маал Москва шаардык шайлоо комиссиясы катталган шайлоочулардын 20 пайызга жетпегени гана добуш бергенин билдирди. Ал эми ошол тапта добуш берүү аяктаган чыгыштагы Хабаровскиде бул көрсөткүч 30 пайыздан аз экени маалым болду.

Жекшембиде Орусияда 33 аймакта сегиз губернаторду, 16 регионалдык кеңешти жаан 11 регионалдык борборлордун мэрлерин шайлоо болду. Добуш берүүдө кремлчил талапкерлер көпчүлүк орундарды алаары күтүлүүдө. Ошол эле убакта Москва менен Екатеринбургда шайлоо өнөктүгү кырчылдашкан мүнөздө өттү. Москванын мэрин шайлоодо бийликтер оппозиция лидери, коррупцияга каршы күрөшкөн активист Алексей Навальныйга талапкер болуп катышууга жол берген эле.

Навалный учурдагы кремлчи мэр Сергей Собянинден кыйла артта келатат, ошол эле убакта Навальныйдын колдоочулары ал кур дегенде он пайыздан ашык добуш алаарына үмүттөнүшүүдө.

- Айлык туруктуу болсо, пенсия көбөйтүлсө, элде жумуш болсо, жаш энелер балдарын бала бакчага орноштура алгыдай болсо,- деди Москванын тургуну Татяна добуш бергени келгенде.

Екатеринбургда маң заттары менен күрөшкөн активист, оппозициянын өкүлү, 50 жаштагы Евгений Ройзмандын мэр болуп шайланаары болжолдонууда.

Навальныйдын адатта Кремл аки-чүкүсүнөн бери көзөмөлдөгөн шайлоого катышып калгандыгынын өзү адаттан тыш көрүнүш болду. Анын Батыш үлгүсүндөгү көчөлөрдө шайлоо өткөргөн өнөктүгү да Орусия үчүн жаңылык болду. Полиция аны эки ирет кыска мөөнөткө кармаганын айтпаганда, бул өнөктүккө бийликтер жан үрөп, бут тоскон жок.

Ага салыштырмалуу азыркы мэр, 55 жаштагы чачын бубак баскан Собянин шайлоо өнөктүгүнө үзүлүп түшпөдү. Мунайга бай Тюменде туулган мэр баш калаада ар жерге жарлыктарды чаптаттырып, үч жылдан берки кызматында Москваны шаар тургундары үчүн жагымдуу жайга айлантуу далалатында унаа кыймылын чектеп, велосипед ижарасын киргизгенин эскерткенден тышкары көп шымаланып чуркабады.

Собьяниндин салыштырмалуу ачык өткөн шайлоодо Навалныйдан күчтүү чыгышы ага келечекте президенттикке жол ачууда.

Мосвкадагы Карнеги борборунун саясий баяндамачысы Николай Петровдун ишениминде, Навальный да шыбагасыз калган жок. Ал жеңбесе да бүт өлкө боюнча таанылган саясатчы болуу максатына жетүүдө:

Ошол эле убакта оппозиция өкүлдөрүнүн шайлоого катышуусу Москванын эл аралык коомчулуктагы, ошол эле Кыргызстандагы аброюн көтөрөөрү шексиз. Бирок "бүгүн берген курутту, эртең алып курутту" демекчи, андай адамдар өткөн күндө да, адатта тез эле четке сүрүлүп калат.

Николай Петровдун айтымында, ошол эле Екатеринбургда Ройзман жеңген күндө да, анын мэрлик кызматта узакка калаары шек туудурат.

- Мэрди шайлоодо оппозициячыл талапкер биринчи жолу жеңип жаткан жок. Бирок Кремлде мындай бөтөн адамды өз көмөлүнө алып, же аны четке сүрүп салуунун көп амалдары бар.

Буга мисал, 2012-жылы апрелде Ярославлдагы мэр шайлоодо бизнес дөөсү Михаил Прохоров колдогон оппозициячыл талапкер Евгений Урлашов жеңип чыккан эле. Бирок ал ошол эле жылы июнь айында пара алган деген кине менен иштен четтетилип, камакка алынган. Оппозиция анын кармалышын саясий амал деп айыптаганы маалым.