В.Лениндин сөөгүн жерге берүү маселесинде бир пикир жок

Орусиялык маалымат каражаттарында “Бирдиктүү Орусия” партиясынын Кызыл аянттагы Мавзолейде Владимир Лениндин сөөгүн жерге берүү демилгесин колдогон макалалар жарыяланды.
“Бирдиктүү Орусия” эми фракция отурумунда Владимир Лениндин сөөгүн жерге берүү маселесин талкууга алып, адегенде Мамдумага, андан соң өлкө башчысына сунуш киргизмекчи.

21-январда Владимир Лениндин дүйнө салганына 87 жыл толду. Ошол күндү утурлай “Бирдиктүү Орусия” партиясы Лениндин сөөгүн жерге берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Партиянын мүчөсү Владимир Мединский буларды белгилейт:

- Лениндин денесинен эч нерсе жок. Адистер аны жакшы билет. Болгону денесинин 10 пайыз гана үлүшү катырылган, 90 пайыздайы эбак эле бузулбас заттар менен алмаштырылган.

Мединский Лениндин “мени Петербургдагы энемдин жанына койгула” деген керээзин эскертет. “Риа Новости” маалымат агенттиги “Мавзолейден сөөктү алып чыгуу жогорку бийлик деңгээлинде чечилчү саясий шаанидеги иш” деп жазат.

Коммунисттердин Ульяновск аймактык катчысы Игорь Тихонов облустун бийлик партиясынын уруксаты менен Лениндин сөөгүн пролетариат жетекчиси туулган жери – Ульяновскиде көмүүгө даяр экенин билдирген.

Москвадагы “Карнеги” борборунун адиси Андрей Рябов:

- Лениндин сөөгүн жерге берүү маселеси Мамлекеттик Думага шайлоо чукулдаганга байланыштуу кайра козголду. Муну менен “Бирдиктүү Орусия” шайлоочулардын кыйласын өзүнө жакындатуу аракетин жасоодо.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Владимир Мединский “Коммунисттер Лениндин элесине жүгүнгүсү келсе адегенде аны киши катары көрүстөнгө көмөлү, гүлдесте коюп тургудай болот”,-деп белгилейт.

Коммунисттер болсо “орус эли Ленинди эбак жерге берген, Ленин мүдөөсү болгон, ал жашап атат, жашай да берет” дешет. Коммунисттик партиянын башында тургандардын бири Иван Никтичук “Лениндин денеси жер алдында жатат. Анын үстүн топурак менен жапса көмүлдү деп, топурак жабылбаса көмүлбөгөн деп айтуу туура эмес”,-деп айтат.

Айтылуу философ Игорь Чубайс:

- Ленин, Сталин, Гитлер жана Муссолини – булар тоталитардык тартип орноткон кишилер. Алар европалык христиандык цивилизацияны кыйратышкан. Батыш өлкөлөрү алардын запкысынан торолуп кетти. Эми Орусия анын запкысынан сакайышы керек.

20-январда Superjob.ru сайты сурамжылоо жүргүзүп, Владимир Лениндин сөөгүн Мавзолейден алып чыгууну ар бир экинчи киши колдоорун ачыктаган.