Москванын демилгесине Тажикстандын да, Кыргызстандын да бийлиги пикирин билдире элек. Ал эми талдоочулар Орусиянын ортомчулук кылуу сунушун өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап жатышат. Лавровдун сунушу кыргыз-тажик чек арасында жаңжал басылбай жаткан учурга туш келүүдө.
26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин билдирди.
«Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок, - деди Лавров. - Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот».
Кыргызстандын бийлиги Орусиянын башкы дипломатынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Тышкы иштер министрлигинин сайтында 26-майдагы ЖККУнун жыйынында уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугу талкууланганы тууралуу жазылган.
Мекеменин басма сөз кызматкери Уланбек Дыйканбаев Лавровдун сунушу тууралуу билдирүү болбой турганын маалымдады.
Ал эми кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды 28-майда кесиптик майрамы менен куттуктап, чек арадагы көйгөйлөр, аны чечүү тууралуу эч нерсе айткан эмес. Тажикстандын расмий сайттарында да Лавровдун билдирүүсүнө байланыштуу маалымат жок.
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев Мосвканын Борбор Азиядагы эки өлкөнүн чек ара маселесине ортомчу болуу ниетин коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануу катары кабыл алуу керек экенин белгилейт. Бирок чек араны тактоодо сырткы күчтөрдүн аралашуусуна жол берилбеши керектигин так кесе айтты.
«Эч качан үчүнчү тарапты кийлигиштирбей чечиш керек. Үчүнчү тараптын өзүнүн кызыкчылыгы болот, - деди Маматалиев. - Дүйнөлүк тажрыйбада үчүнчү өлкө кийлигишип чек ара чечкен учурлар жокко эсе. Ачык айтканда кыргыз-тажик чек арасын тактоо акыркы жылдары жүрбөй жатат. Орусия - биздин өнөктөш мамлекет. Акыркы учурда чек арада ок атышуу, чыр-чатак токтобой жатат. Ошого байланыштуу коопсуздук боюнча тынчыздануусун билдирүүдө деп кабыл алсак болот».
Эксперт Эмил Үмөталиев Орусиянын мындай билдирүүсүн геосаясий маселе менен байланыштырат. Үмөталиевдин пикиринде, Орусия мурдагы СССР курамындагы өлкөлөргө дагы деле үстөмдүгүн көрсөтүү аракетин улантууда.
«Мурда бул жерди ээлеп турган империянын бүгүнкү күндөгү ортомчулугу сөзсүз түрдө өзүнүн кызыкчылыгы бар деп саналат. Жогорку деңгээлдеги саясатчылары жарыялагандай, Орусия мурдагы СССРдин аймагында өзүнүн үстөмдүгүн орнотууга аракет кылып жатат. Биз этият болуп, эгемендигибизди коргоодо саясий эрк болушу керек».
Кыргызстан, Тажикстан, Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна жана Шаңхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер. Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны чечүүдө сүйлөшүү тынбай жүрүп жатканын айтып келет.
2019-жылы эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай - Ворух аймагында жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бирок андан бери чек арадагы маселеси чечилип кеткен жок. Май айында эле кеминде эки жолу чыр чыгып, анын биринде ок атылып, кыргыз тараптан үч аскер, Тажикстандын эки жараны жараат алган. Ок тийген кыргыз жоокеринин биринин азкыркыга чейин абалы оор бойдон калууда. Чек ара чырларында эки тарап бири-бирин айыптап келет.
Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасы: Талаштуу жердин макамыКыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.
28-май Кыргызстанда Чек арачылардын күнү катары белгиленип келет. Президенттин расмий сайтына мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу жарыяланды. Президент өз куттуктоосунда мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арадагы коопсуздугун сактап турган чек арачылар жалпы элдин сый-урматына татыктуу деп белгилеген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.