Иран сатып алчу ракетадан чыккан талаш

Иран Орусиядан алгысы келген С-300 зениттик-ракеталык комплекстери.

Орусиянын Иранга С -300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстерди сатуу боюнча ушул аптадагы чечимин АКШ менен Израил сынга алууда.

Ак үй Орусиянын кадамы Иранга каршы санкцияларды жоюу пландарын үзгүлтүккө учуратуусу мүмкүндүгүн ишара кылды.

Ал эми АКШ армиясынын кол башчысы Ирандын орусиялык ракеталарды алышы деле дипломатиядан майнап чыкпаган шартта Тегеран өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөөнүн аскерий ыкмасын күн тартибинен чыгарбай турганын айтууда.

Иран өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөөнүн аскерий ыкмасы Орусиянын бул өлкөгө С-300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстерди сатуу чечимине карабай өзгөрүүсүз калып жатканы тууралуу АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демписи кечээ Пентагондогу басма сөз жыйында билдирди:

Генерал Демпси Пентагондогу басма сөз жыйында. 16-апрель, 2015-жыл.

- Биз бул системанын потенциалын, ал Иранга бир нече жылдын аралыгында сатылары жөнүндө билгенбиз жана биздин бардык пландоолорубузда аны эсепке алганбыз. Президент сыяктуу мен да дипломатиялык чечимди колдойм. Эгер диплломатиядан майнап чыкпай калса, Иран өзөктүк куралга ээ болбошун кепилдөөнүн аскерий ыкмасы өзгөрүүсүз турат.

Генерал Демписи Ирандын орусиялык өндүрүштөгү ракеталарды алуусу АКШнын, эгер талап кылынса, бул өлкөнүн өзөктүк жайларына сокку уруу кубатына таасир көрсөтө албасын да ишара кылды.

Орусиянын колдонууга 1975-жылдан тарта киргизилген С-300 зениттик-ракеталык комплекстеринин ракеталары бир канча чакырымга чейин уча алуучу жана бутага жогорку тактыкта тийүүчү курал иретинде сыпатталып жүрөт.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ал баштапкы жыйынтыктарды бере баштаганына карабай АКШ эгер дипломатиядан майнап чыкпаса, Иранга каршы ыктымал аскерий чара көрүү мүмкүнчүлүгүн азырынча четке кага элек.

Дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде Орусия да жакында Иран менен анын өзөктүк программасын чектөө боюнча келишимдин негизги өңүттөрүн макулдашкан. Эми тараптар 30-июнга чейин жыйынтык макулдашууну даярдап, кол коюшу керек.

С-300 ракеталык комплекстери.

Орусиянын жыйынтык келишим түзүлбөй, санкцияларды жоюу маселеси макулдашыла электе эле Иранга С-300 зениттик комплекстерин сатуу боюнча өзү мурда киргизген чектөөнү алып салышы АКШ менен Израилдин сынына кабылды.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху Орусия чечиминин кооптуулугу боюнча президент Владимир Путинге телефон чалса, бул өлкөнүн стратегиялык иштер боюнча министри Юваль Штайниц Тел-Авивден кабарчыларга төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз Иранга С-300 ракеталары сатылышына абдан камтамабыз. Биз муну абдан туура эмес иш деп санайбыз. Муну менен ирандыктарга алар Жакынкы Чыгыштагы терроризмди колдогон кезде деле ушундай куралга ээ боло алары жөнүндө тескери белги берилип жатат.

Москванын чечимин дароо кубаттаган Иран ракеталарды мүмкүн болушунча тез алууга умтулууда.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Али Шамхани ушул аптада Москвада болгон учурунда ракеталык комплекстер ушул жыл ичи колго тиерине ишеним билдирди.

Ал эми Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин айтымында, бул үчүн кеминде алты ай убакыт талап кылынат. Анткени ишканалар ал куралды жөнөтүүгө даярдашы керек.

Президент Путин болсо кечээги түз байланыш учурунда С-300 ракеталарын Иранга сатуу боюнча 2010-жылы киргизилген чектөөнүн жоюлушун ал өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө “ийкемдүүлүктү” көрсөткөнүнө байланыштырып, мындан Жакынкы Чыгыш аймагына, Израилге да эч коркунуч жок деп ырастады:

- Биздин ишканалар бул жабдууну жасады. Ал кымбат турат, 900 миллион доллар. Биздин ишканаларга муну эч ким төлөгөн жок. Ооба, бизден сатып алышарын ишара кылышкан, бирок эч ким сатып албады. Суроо жаралат. Чыгашаны биз кантип жабабыз? Бул курал санкциялык тизмеге кирбейт. Израилге бул такыр коркунуч жаратпайт. Бул коргонуучу гана курал. Мындан да маанилүүсү - аймакта азыр түзүлүп жаткан кырдаалга, Йемендеги окуяларга байланыштуу мындай куралдарды берүү токтотуучу да фактор болот.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест апта башында Москванын башкалар менен координацияланбаган кадамы Иранга каршы санкцияларды жоюу пландарын үзгүлтүккө учуратуусу мүмкүндүгүн ишара кылган.

Кечээ ал Орусиянын ракета сатуу чечимин өлкө экономикасы алсыраганынын белгиси катары да сыпаттады.