Украина жана Балтика “Түндүк агым-2ге" каршы

Украинанын жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары. Рига, 5-ноябрь, 2015-жыл.

Украина жана Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиядан Германияны көздөй жаңы газ кууру төшөлүүсүнө каршы чыгууда.

Жаңы куур да Балтика деңизинин түбү аркылуу жаткырылуусу керек. Бирок, долбоордун сынчылары ал Евробиримдиктин энергетикалык саясатына кайчы келерине көңүл бурушууда.

Орусиядан газды Европага Балтика деңизинин түбү аркылуу чыгарган долбоор “Түндүк агым” деп аталат.

Анын жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө эсептелген эки кууру 2011 жана 2012-жылдары ишке киргизилген.

Украина, Балтика жана Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү эми ошол “Түндүк агым” долбоорунун кубаттуулугу азыркыдан да кеңейтилип, деңиз түбүнө жаңы куур төшөлүүсүнө каршы чыгып жатат.

Апта соңунда Ригада Латвия, Литва, Эстония, Украина өкмөт башчыларынын жыйыны өттү.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк жаңы долбоорго каршылыкты ал башкалар орус газын Батыш Европага транзиттөөдөн тапкан нанды тартып алары менен түшүндүрдү:

- Маселе эгер Орусия жана кээ бир батыштык компаниялар “Түндүк агым -2” долбоорун ишке ашырышса, бул Украинаны 2 миллиард доллар кирешеден куру калтырарында. Словакия 800 миллион долларды, Польша 300 миллион доллар кирешени жоготот. Бул, атүгүл, Европа биримдигин чыныгы энергетикалык көз карандысыздыктан айрыйт.

Ал эми Эстониянын премьер-министри Таави Рыйвас расмий Таллин газ кууру боюнча жаңы долбоор Евробиримдиктин Үчүнчү энергопакетине шайкештигинен күмөн санашып жатканын белгиледи.

Латвиянын премьер-министри Лаймдота Страуюма долбоор боюнча “олуттуу тынчыздануу” аларда да бардыгына токтолуп, биримдиктин аткаруучу органдарын маселени кылдат иликтөөгө чакырды.

Евробиримдиктин Үчүнчү энергопакети аларга газ саткан компания бир эле учурда көгүлтүр отту ташый турган куурларга ээлик кылышына тыюу салат.

Орусиянын “Газпрому” Батыш Европадагы өнөктөштөрү – британ - голландиялык Shell, Германиянын Е.ON, Австриянын OMV, Франциянын ENGIE компаниялары менен “Түндүк агым -2” куурун төшөө үчүн биргелешкен ишкана түзүүнү караган келишимге быйыл сентябрда кол койгон. Ал ишканада акциялардын контролдук пакети же 51%ы “Газпромго” таандык болот.

Азыр иштеп жаткан "Түндүк агым-1" долбоорунун Германиядагы газ терминалы.

Бул долбоор боюнча орус газын Батыш Европага чыгарууда Украинаны эле эмес, Польша, Словакияны да буйтап өтүп жаткандыктан ага каршылыгын аталган өлкөлөр да билдиришкен.

Маселен, словак премьер-министри Роберт Фицо келишим жаңы түзүлгөн кезде эле бул кадамды европалык чоң өлкөлөрдүн Евробиримдикке мүчө кичине өлкөнү садага чабышы катары сыпаттаган болчу:

- Саясий жагынан бир нече ай, жыл бою газ боюнча кырдаалды (Украинаны, Европаны көгүлтүр от менен камсыздоо боюнча) турукташтыруу жөнүндө айта берип, андан кийин Украинаны эле эмес, Словакияны алар каалабаган кырдаалга кептеген чечим кабыл алуу жарабайт. Бизди жөн эле акмак кылып жатышат.

Мерчемделген жаңы куурдун кош учунда турган Орусия менен Германия “Түндүк агым-2” долбоору Европага газ жеткирүүдө, өзгөчө кыш мезгилинде Украина менен Орусия ортосундагы пикир келишпестиктер жараткан проблемалардан арылтат деген ойдо тургандай.

Долбоор ошондой эле Германияны орус газын Батыш Европага таратууда башкы бөлүштүрүүчү түйүнгө айлантышы керек.

“Газпром” долбоордун чыгымын 11 миллиард доллар деп саноодо. Орусия украин маршрутунан баш тартуучу мөөнөт катары 2020-жылды мерчемдеген.

Ошентип, Москва газ боюнча кызматташтыкта Украинадан кутулууга умтулуп жатса, ушундай эле мүдөө Киевде да бар.

Маселен, “Нафтогаз” ишканасынын башчысы Андрей Коболев өткөн аптада эгер Орусия базар баасын сунуш кылбаса, Украина 2016-жылдын биринчи чейрегинен тарта газды Европадан сатып ала баштайт деп ырастады.