Орусия: БШКны таң калтырган шайлоо

Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова.

Орусияда Приморск крайынын шайлоо комиссиясы губернаторду шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин бейшембиде кабыл аларын билдирди. 19-сентябрда БШК жекшемби күнкү добуш берүүдө бурмалоолор болгонун айтып, жыйынтыктарды жокко чыгарууну сунуш кылган. Экинчи айлампада губернаторлук кызмат үчүн башкаруудагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жана коммунисттер партиясынын талапкерлери ат салышкан.

Шаршембиде Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова Приморск крайынын губернаторун шайлоону "жараксыз" деп таанууну сунуш кылган.

Памфилова комиссиянын жыйынында билдиргендей, колдогу маалыматтардын анализи мындай чечимди дароо кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди. Чечим кабыл алынса, жаңы шайлоо үч айдан кийин болмокчу.

Маалыматтарга караганда 1996-жылдан бери Орусияда бир да шайлоодо экинчи айлампанын жыйынтыгы жокко чыгарылган эмес.

Памфилова көптөгөн мыйзам бузуулар БШКны “айран таң калтырганын” белгиледи жана “бурмалоолорду ким уюштурса да толук иликтөө жүргүзүлөрүнө” убада берди.

Төрайым Приморьедеги шайлоо боюнча президент Владимир Путиндин тынчын албаганын кошумчалады. Ошол эле күнү мамлекет башчынын маалымат кызматы Кремл БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча ыктымал чечимин колдорун билдирген.

БШК регионалдык комиссиянын компетенттүүлүгүнөн да күмөн санайт, эмне дегенде сөз “системалуу, жакшы ойлонулган мыйзам бузуулар” тууралуу жүрүп жатат.

Памфилованын айтымында, аймактагы 19 участокто добуштарды “кошуп көргөзүү” фактысы аныкталган. Бирок добуштар кимдин пайдасына жазылып турганын төрайым айткан жок. Шаршембиде Владивостокко БШКнын комиссиясы барып мыйзам бузуу тууралуу маалыматтарды текшере баштады.

Губернатордун кызматын аткаруучу, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү Андрей Тарасенко кайра шайлоого катышпасын билдирди.

Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ищенко жыйынтыктарды жокко чыгарууга каршы болууда. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 16-сентябрда өткөрүлгөн. Бюллетендер саналып жатканда Ищенко 5-6 процент менен алдыда бараткан. Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен алдын ала санактар бийликтеги партиянын талапкери Тарасенко жеңгенин көргөзгөн. Ищенко атаандашы үчүн 40 миңдей бюллетень жапырт салынганын билдирген.

Байкоочулар бир катар участоктордо Тарасенкого 100 процент добуш берилгенине да көңүл бурушкан.

17-сентябрдан бери шайлоодогу бурмалоолорго каршы Ыраакы Чыгыштагы бул аймакта акциялар болууда. Коммунисттик партия бир катар чөлкөмдөрдө бурмалоо болгонун айтып, сотко бергени жатат.

Партиянын төрагасы Геннадий Зюганов Путинди Приморьедеги шайлоонун айланасында болуп жаткандарга көңүл бурууга үндөдү жана кырдаал жөнгө салынбаса, 22-сентябрда өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрөрүн айтты.

Сынчылар коммунисттер Путиндин башкаруу системасынын бир бөлүгү экенин айтып келишет. Бирок регионалдык деңгээлде партия “Бирдиктүү Орусияга” чыныгы атаандаш болуп чыгууда.

9-сентябрда Орусияда 21 аймактын губернаторлорун шайлоо болгон. Төрт региондо, анын ичинде Приморск крайында башкаруудагы партиянын талапкери биринчи турда жеңе албай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.