Орусиядагы шайлоого кыргыздар да катышты

10-сентябрда Орусиянын 82 аймагында шайлоо өттү. Шайлоо дээрлик бардык аймактарда "Единая Россия" партиясынын жеңиши жана шайлоочулардын эң төмөн активдүүлүгү менен аяктады.

Орусиянын 16 субъектисинде жаңы губернаторлор, алты аймагында жергиликтүү парламенттин депутаттары, 11 аймагында шаардык думанын депутаттары, ошондой эле Алтай аймагы менен Москвада райондук муниципалдык депутаттар шайланды.

Бул кийинки жылы Орусияда өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы ири иш-чара катары бааланууда. Адыгей, Мордовия, Бурятия сыяктуу 16 субъектте губернаторлукка "Единая Россия" партиясынын өкүлдөрү көп добуш чогултушкан. Москва шаарында гана оппозициячыл бирикмелердин өкүлдөрү 125 район боюнча өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүшкөн.

Орусияда өткөн аймактык жана жергиликтүү шайлоолорго кыргызстандыктар да катышканы тууралуу "Кыргыз конгресси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү Кубанычбек Кожоев билдирди:

- Псков облусу боюнча "Кыргыз конгрессинин" өкүлү бар. Алидин Каримов райондун башчылыгына талапкерлигин койду, тилекке каршы өтпөй калды. Мурун дагы Хакас республикасындагы биздин өкүл Азизбек Чериков "Справедливая Россия" партиясынын тизмеси боюнча шаардык кеңешке өтпөй калган. Биз азыр ушундай аракеттерди жасап жатабыз, тажрыйба топтоп, татыктуу адамдарыбызды алдыга түртүп жатабыз. Андан тышкары көп эле региондон жердештер шайлоого барышканын уктук, биз дагы Москвада катыштык. Шайлоо комиссиясынын ишине жардам бердик. Шайлоого адамдардын аз катышып калганын бир нече фактор менен түшүндүрсө болот. Биринчиден, сентябрдын башы болуп калды, адамдар жолдо, эс алууда жүрүшөт. Экинчиден, маалымдоо иштери солгун жүрдү, үчүнчүдөн, Орусияда баары жыргап кеткен жок, санкциялардын кесепети, жалпы калктын маанайы начар дегендей.

Орусияда бул жолку шайлоолор калктын эң төмөн активдүүлүгү менен аяктады. Москвада шайлоочулардын 14,8 пайызы гана катышкан, ал эми эң жогорку активдүүлүк Мордовияда губернаторду шайлоодо 71 пайызды түзгөн.

"Солидарность" кыймылынын лидери Илья Яшин жергиликтүү калкка шайлоо тууралуу маалымат берилбегенин белгилейт.

- Бул шайлоо сырдуу өтүүдө. Москванын бийликтери добуш берүүчүлөр шайлоо жөнүндө билбеши үчүн бардык аракеттерин жасашты. Бирок биз буга жол берген жокпуз. Шайлоо участоктору, шарттары жөнүндө маалыматтар өз убагында таркатылган жок. Ушундай амалдуу ыкманы колдонуп, өкмөттүк кызматкерлердин эсебинен "Единая Россияга" көп добуш алууну көздөштү. Көпчүлүк жерде социалдык кызматкерлер аркылуу үйлөрдө добуш алышты. Бирок биздин аракеттер менен шайлоочуларды тарта алдык.

Москвадагы Хамовники району боюнча талапкерлигин койгон журналист Илья Азар төмөнкүдөй оюн айтты:

- Бийлик маалымат таркатууга эч жардам берген жок. Шайлоого катышуу минималдуу болсо да мэрия, аскер жана социалдык кызматкерлер бийликтеги партияга ыктаган шайлоочуларды алып келишет деп иштешти. Региондордо шайлоо жөнүндө гезиттер да жазышпады, 1-2 күн калганда гана уюлдук байланыш аркылуу билдирүү жөнөтүп коюшту. Мында оппозициядан миңдей талапкер болду. Жок дегенде жүзү өтөт деген үмүт бар. Бирок кандайдыр бир чоң жетишкендик болот дегенден алысмын. Шайлоочулар кайдыгер. Эч ким мындай жергиликтүү шайлоо бир нерсе өзгөртөт деп ойлобойт.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо учурунда мыйзам бузуулар боюнча 500дөн ашык кайрылуу түшкөнүн маалымдаган. Ал эми "Голос" аттуу коомдук уюм Орусия боюнча 700 шайлоо эрежелерин бузуу фактылары катталганын билдирген.

Жалпысынан шайлоодо жергиликтүү бийликке "Единая Россия" партиясынын жана учурдагы орус бийлигине жакын партиялардын өкүлдөрү жеңишке жеткени белгиленүүдө. Москвада гана райондук муниципалдык депутаттыкка оппозициячыл талапкерлер Илья Азар, Люся Штейн жана Илья Яшин эң көп добуш топтошкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.