Улюкаев чагымдын курмандыгы болгонун айтты

Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев.

Москванын Замоскворецкий райондук соту Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевдин ишин карады. Улюкаев ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталууда. Экс-министр ага тагылган дооматтардын бардыгын четке кагып, атайын уюштурулган чагым деп атады.

Сот залына төрт адвокаттын коштоосунда келген Алексей Улюкаев колунан электрондук китебин түшүргөн жок. Ал журналисттерге ушул тапта Антон Чеховдун чыгармаларын окуп жатканын, камалгандан бери президент Путин менен сүйлөшпөгөнүн жана ага козголгон кылмыш иши жөн гана өзүнө каршы атайлап уюштурулган чагым экенин айтууга үлгүрдү.

Ал эми сотто жасаган билдирүүсүндө Улюкаев тергөөчүлөр кылмыш ишти бир гана "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечиндин көрсөтмөлөрүнө таянып козгошконун жана ага каршы уюштурулган чагымга Федералдык коопсуздук кызматы жана "Роснефть" компаниясынын өкүлү Олег Феоктистов да аралашканын айтты.

-Тарыхый жагын алганда менин башыма түшкөн сыноонун жыйынтыгы кандай болбосун элге пайда алып келет, - деди сезилерлик арыктай түшкөн Улюкаев.

Мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев өткөн жылдын 15-ноябрь күнү "Роснефть" компаниясынын кеңсесинде Игорь Сечинден пара алып жаткан жеринен кармалган. Эртеси эле күнү Путин аны "ишенимдин кеткенине байланыштуу" кызматтан алган.

Тергөөнүн ырасташынча, айыпталуучу «Башнефть» компаниясын сатып алууну оң баалоо үчүн эки миллион доллар талап кылган. Тергөө ошондой эле пара талап кылып жатып, Улюкаев "Роснефть" компаниясынын өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнүн да билдирген.

"Либералдуу миссия" фондунун өкүлү Кирилл Роговдун айтымында, "Башнефть" компаниясынын айланасындагы ишке Улюкаев эч кандай таасир көрсөтө алмак эмес:

- Бул эч кандай реалдуулукка жатпайт. "Башнефть" боюнча чечим узакка созулган талкуулардан соң кабыл алынган. Бул өкмөттүн чечими, ошол себептен Улюкаевдин ага таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жок болчу. Узакка созулган талаш-тартыштан соң Улюкаев, кабинеттин башка мүчөлөрүндөй эле өз пикирин өзгөрткөн. Анткени бир гана Улюкаев эмес көбү бул келишимге башында каршы болушкан.

Алексей Улюкаев менен Игорь Сечин. 2016-жылдын сентябрь айы.

​Ал эми 61 жаштагы экс-министр сотто жасаган билдирүүсүндө акча салынган чемоданды тапшырууну ФСБ кызматкерлери алдын ала атайлап уюштурганын, Сечин пара берүүнү пландаганын, бирок көздөгөнү ишке ашпай калганда, телефон чалып аны өз кеңсесине чакырганын кошумчалады. Улюкаевдин айткандары боюнча "Роснефттин" маалымат катчысы Михаил Леонтьев комментарий бербестигин айтты:

- Кылмыш фактысын далилдеген бардык материалдар сотко берилген. Улюкаев тандаган коргонуу тактикасын айыпталуучунун кыйын абалын эске алуу менен комментарийлебейбиз.

16-августта өткөн процессте судья Лариса Семенова адвокаттардын ишти кайрадан тергөөчүлөргө жөнөтүү өтүнүчүн четке кагып, сот 1-сентябрда улантыларын билдирди.

Улюкаевдин ишин иликтөө ушул жылдын май айынын соңунда жыйынтыкталган. Ал эми өткөн аптада Замоскворецкий райондук сотунда алдын ала угуулар жүрүп, анда экс-министрдин үй камагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын февраль айына чейин узартуу чечими кабыл алынган.

"Роснефттин" башчысы Игорь Сечин айыптоо тараптан күбө катары сотко катышары күтүлүп жатат. Ал президент Путиндин жакын санаалаштарынын бири катары саналат жана Орусиядагы эң таасирлүү адамдардын тизмесине кирет.

Улюкаев сотко келатат.

Улюкаев 2000-2004-жылдары каржы министринин (Кудриндин), 2004-2013-жылдары Борбордук банктын төрагасынын биринчи орун басары кызматтарында, 2013-жылдан тарта камалганга чейин экономика министри болуп эмгектенген.

Ал акыркы убакта кармалган ири аткаминерлердин бири. Былтыр жайында 400 миң доллар пара алууга шектелип Киров облусунун губернатору Никита Белых кармалган. Сентябрда ИИМдин полковниги Дмитрий Захарченконун үйүнөн тогуз миллиард рубль чыгып, көпчүлүктү таң калтырган.

Орусиянын Кылмыш кодексине ылайык, Улюкаев азыр тагылган күнөө боюнча соттолсо, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.