Россия: Жарыяланбаган жарандык согуш

Москва -- Ашынган улутчулдардын маршы.

Белгилүү орус жазуучусу Виктор Ерофеев Die Welt гезитиндеги макаласында Россияда эбактан бери эле "жарыяланбаган жарандык согуш" болуп келатканын кеп кылды.
Ерофеев XIX кылымдагы окуяларга кайрылып, адегенде батышчылар менен славянчылар, аларга улаш либералдар менен консерваторлор карыша кармашып киришкенин, 1825-жылы декабристтердин көтөрүлүшү коомду биротоло эки лагерге бөлүп жибергенин эске салат.

Коомдук ойдогу ошо кармаш 1917-жылдагы революциянын натыйжасында чындап согушка айланды. Андан соң Сталин чыкты, ал түз эле "адамдын табигый насилине каршы согуш ачты", диктатор өлгөндөн кийин либералчыл маанайдагы диссиденттер "башкы тап душман" болуп жарыяланды. Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында кайра куруу келди, аны менен бирге коом кайра экиге ажырап, демократтар менен коммунисттердин басташмайы башталды.

Кырдаал Путин бийликке келгенде өзгөрдү. "Жарандык согуш кайрадан орустарга мүнөздүү келген классикалык тейине түштү,- деп улантат өз оюн Ерофеев. - Мунун арты улутчулдар менен европалыктар үйүтүндөгү либералдар ортосундагы тирешке айланды".

Бийлик бу согушту коңулга айдап киргизгенге, гезит беттеринен, телеэкрандардан сүрүп чыгарганга аракет жасады. "Өтө калпыс каталык ушунда болду",- дейт Ерофеев. Ошонун айынан орус коомунда "эки идеологиянын келишкис кагылышы" тутанды. Мамлекеттик бийлик моюнтуктай албаган же жүгөндөгүсү келбеген улутчулдар кутуруп, либералдарга качырып тийип кол салып, аларды удулу келген жерлерде уруп-сабаганга, атүгүл өлтүргөнгө өтүштү.

Ерофеев орус коомунда жарыяланбаган жарандык согуш ушу тапта бир нече багытта жүрүп жатканын айтып, анын орчундуу мөлчөрлөрүн атап өтөт. Тактап айтканда, бандиттер менен коррупционерлер өз атаандаштарын түк аянбай тындым кылып жатышат. Милиция болсо өз билгенин жасап, анысы үчүн жаза тартпай, таза эле тайраңдап кетти. Либералдар улутчулдарды сынга алып, алардын кесенген кегине калды. Батыш болсо мунун баарын Путин түзгөн режимдин авторитардык табиятынан көрүп жатат. "Бирок бул жаңылыш пикир", -деп жазат Ерофеев.

Муну ыспатташ үчүн жазуучу кайрадан тарыхка кайрылат. Анын жүрүшүндө Россия "бузулгус миф" болуп калыптанды. "Мамлекеттик жогору бийликти өзгөчө бир аялуу ыйыктай санаган идея", "чылгый империялык аң-сезимге чыланган эпсиз чоң өлкө үчүн сыймыктанган ой-санаа" ушул мифтин карманган казыгы, таянган түркүгү болуп калды.

Анын, арийне, тышкы душмандары бар. Аларга итатайы тутулуп, ит терисиндей жек көрүү аркылуу гана "бул миф өз идеалдарын бекемдей алат".

Бардык башка мифтердей эле орустардын улуттук бул мифин да жаңылап, жасат-жанын өзгөртүп, Медведев ойлогондой, "модернизациялап чыкканга болбойт". "Ага эч кандай мезгилдин таасири тийбейт",-деп жазат Ерофеев. Ал Батышты жининдей жек көрөт, анын жападан жалгыз пайдасын Россияга "жаңы машиналарды, компютерлерди берип жатканынан" гана көрөт.

Өздөрүн "элдик өч алуучулар" эсептеген бул күчтөр улуттук ушул мифти сактап калганы баарына кайыл. Алардын ырайымсыздыгы ызырынган ыраңына чыгып, түктүйүп турат.

Жазуучу белгилегендей, илгери мындай жосун мыкаачыдай көрүнөт эле, бирок азыр "турмуштун кадыресе нормасы" болуп калды.