Батышты чочуткан аскерий машыгуу башталды

Орусия менен Беларустун президенттери Батыш-2013 машыгуусунда. Гродно, 26-сентябрь, 2013-жыл.

Орусия менен Беларус Батыш-2017 аскерий машыгуусун баштады. Аталган эки өлкө машыгууга тартылуучу аскерлердин саны эл аралык келишимдердеги нормалардан ашпайт деп ырастоодо. Бирок Батыш мамлекеттери НАТОнун чыгыш флангында өтүп жаткан машыгууларга байланыштуу тынчсызданууларын билдирип жатышат.

Батыш-2017 машыгуусу Беларуста жана Орусиянын Батыш аскерий округунун аймагында 14-сентябрдан 20-сентябрга чейин уланмакчы.

Расмий Москва менен Минск машыгууга тартылган аскерлердин жалпы саны 12 700дөн ашпайт деп ырастоодо. Минскидеги пресс-конференцияда беларус армиясынын генералы, Коргоо министрлигинде тышкы байланыштар департаментин жетектеген Олег Воинов буларды айтты:

- Батыш-2017 биргелешкен машыгуусу коргонуу максатын гана көздөйт. Анын өткөрүлүшү жалпы Европа коомчулугу, ошондой эле коңшу мамлекеттер үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт. Ал аяктаган соң Беларустун куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы, аскерий техникасы туруктуу жайгашкан жерлерине кайтат. Орусия куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү болсо Беларустун аймагынан чыгып кетет. Машыгууга катышкан өздүк курамдын жалпы саны 12 700дүн тегерегинде болот. Анын ичинде Беларустун аймагындагы машыгууга 10 200дөй аскер кызматчысы тартылат. Мунун 7 миңден бир аз ашууну Беларустан, 3 миңдейи Орусиядан болот.

Ал эми Орусия коргоо министринин орун басары Александр Фомин машыгуу учуруда “Литвага, Польшага же Украинага кол салуу үчүн плацдарм даярдалат делген жоромолдордун бири да чындыкка шайкеш келбейт" деп белгиледи.

Батыш-2017 машыгуусу боюнча чет өлкөлүк аскерий атташелер үчүн Орусиянын корго министрлигинде маалымат берилген учур. Москва, 29-август, 2017-жыл.

Фоминдин ырастоосунда, Орусиядан машыгууга тартылуучу аскерлердин жалпы саны 5500дүн гана тегерегинде болот. Мындан сырткары машыгууда эки тараптан 70тей учак жана тик учак, онго жакын аскерий кеме, аскерий техниканын башка түрлөрүнөн 680дей даанасы, мунун ичинде 250дей танк колдонулмакчы.

Батыш аскерий өкүлдөрү анткен менен бул сандарга анчалык ишенбей келишет. Алар НАТОнун Чыгыш флангындагы машыгууну Орусиянын “күчүн көрсөтүүсү” катары сыпатташты. Ага бери дегенде 100 миңдей аскер тартылат, атүгүл орус аскерлери менен техникасы машыгуудан кийин Беларуста калып калат деп да болжошууда.

Машыгуунун Беларус Коргоо министрлиги даярдаган картасы. Минск, 29-август, 2017-жыл.

Өзгөчө Түндүк альянстын Беларуска чектеш мамлекеттери камтамачылыгын билдирип жатышат:

- Биздин эң башкы тынчсыздануулар менен чочулоолорубуз Орусия тараптан, балким Беларус тараптан да ачык-айкындыктын жоктугуна байланыштуу. Батыш машыгуусуна маалымат берилгенден кыйла көп аскер катышары анык, - дейт Литванын коргоо министри Раймундас Кароблис.

Стратегиялык деп мүнөздөлгөн Батыш машыгууларын Орусия соңку кездери төрт жылда бир өткөрүп келүүдө. Буга чейинкилери 2009, 2013-жылдары болгон. Бирок быйылкы жылдын өзгөчөлүгү - машыгуулар Крымдын аннексиясынан кийин болуп жатат. Ошондой эле Батыш Украина чыгышында Орусияны айыптаган аскерий аракеттер башталгандан бери биринчи жолу өтүп жатканы жана Москва менен НАТОнун мамилеси чыңалган учурга туш келгени да тынчсызданууларды күчөткөндөй болду.

Орусия менен Беларустун машыгуусуна бул жолу Түндүк Альянс болгону үч гана байкоочусун жөнөтө алары кабарланган. НАТО жетекчилиги муну жетишсиз жана Орусия машыгууга тартылган күчтөрдүн расмий санын төмөндөтүү менен ЕККУ уюмунун аскерий аракеттерде ачык-айкындыкты талап кылган, Вена документи деген келишиминин шарттарын сактабай жатат эсептөөдө. Ө​ткөн аптада Эстонияга сапары учурунда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столенберг буларды айткан:

- Акыркы кездери бизде Орусиянын Батыш машыгуулары боюнча көп суроолор жаралды. Биз бул машыгуулардын табиятына, аларда ачыктыктын жоктугуна тынчсызданабыз. Союздаштар менен кошо машыгууга кылдат байкоо салып, ар бир кырдаалга даяр турабыз. Орусияны Вена документинин тамгасын жана духун сактоого чакырабыз. Чыңалуу күчөгөн кезде тобокелчиликтерди жана түшүнбөстүктөрдү алдын алуу үчүн ачык-айкындуулук абдан маанилүү.

Москва да катышуучусу болгон Вена документинин жоболоруна ылайык, эгер машыгууга тогуз миңден ашуун аскер тартылса, күн мурунтан маалымат берилиши керек. Эгерде 13 миңден ашуун аскер катышса ЕККУ өлкөлөрүнөн байкоочулар чакырылат.

Батыш -2017 машыгуусунун Беларустагы бөлүгүндө ага үч өлкөнүн коалициясынан турган шарттуу душман кол салган учур сыналмакчы.

Батыш-2017 машыгуусуна каршы Минсктеги акция. 8-сентябрь, 2017-жыл.

Машыгууга каршылык Беларустун ичинде да бар.

Оппозиция лидери Николай Статкевич баштаган 200дөй активист өткөн жума күнү да борбор Минксте уруксат берилбеген акцияга чыгышып, бийликтин чечимине нааразылык билдирип жатышты.

Крымдын 2014-жылкы аннексиясынан кийинки жараяндар НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарапты тең аскерий турумдарын чыңдоого, машыгууларды дембе-дем уюштурууга алып барды.

Ушул күндөрү НАТОдон жана ага өнөктөш 14 мамлекеттен 1800дөй аскер катышкан машыгуу Украинада өтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.