Дүйнө: Украинаны колдогон, Орусияны айыптаган акциялар (сүрөт баян)

Орусиянын Мехикодогу элчилигинин алдындагы митинг. 26-февраль.

Каршылык акциясына чыккан жаран Орусиянын паспортун өрттөдү. Орусиянын Израилдин Тел-Авив шаарындагы элчилигинин алдындагы митинг.

Берлинде митингге чыккандар Орусияны SWIFT финансылык системасынан чыгарууну талап кылышты. 25-февраль.

Германия. Франкфурт. 26-февраль

Колумбиянын баш калаасы Богатада согушка каршылыгын билдирген демонстранттар. Алар колуна согушту айыптаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. 

Женева шаарындагы каршылык акциясы. 26-февраль.

Мехико шаары. 26-февраль. 

Каршылык акциясы Орусиянын Мехико шаарындагы элчилигинин алдында болду. 26-февраль, Мексика.

Коста-Риканын борбору Сан-Хосе шаарындагы митинг. Орусиянын элчилигинин алдында чогулгандар. 26-февраль, 2022-жыл.

Бразилия. Сан-Паулу шаарындагы митинг. Демонстранттар колуна "Орусия, Путинди токтот!" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыгышты. 26-февраль.

Түштүк Корея. Орусиянын Сеулдагы элчилигинин алдындагы митинг. 27-февраль, 2022-жыл.

Токиодогу митинг. 26-февраль, 2022-жыл.

Румыния. Бухарест шаарында Украинаны колдогон митинг. 26-февраль.

Словения. Любляна шаарындагы согушка каршы митинг. 25-февраль.
 

Рим. 25-февраль, 2022-жыл.

Буэнос-Айрес, Аргентина. 25-февраль, 2022-жыл.

Будапешт. Венгриядагы согушка каршы митинг. 26-февраль.

Түркияда жашаган украиналык аял. Анкарадагы нааразылык акциясы. 26-февраль, 2022-жыл.

Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарындагы митинг.

Мальта. 26-февраль, 2022-жыл.

Украинадан чыга албай калган студенттердин жакындары Нью-Делидеги Орусиянын элчилигинин жанында нааразылык акциясына чыгышты. 25-февраль, 2022-жыл.

Лондондогу согушка каршы акция. 26-февраль, 2022-жыл.