Ким Путиндин «астынан өттү»

Ким Чен Ын менен Владимир Путин. 25-апрель, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында кездешти.

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусунун өзөгүн да Корей жарым аралындагы кырдаал, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан маселе түздү.

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Владивосток шаарындагы Федералдык Ыраакы Чыгыш университетинин кампусунда өттү. Алгач алар дээрлик эки саат бою көзмө-көз сүйлөштү. Андан кийин жыйынга эки мамлекеттин тиешелүү жетекчилери кошулду. Жолугушуудан соң Ким Чен Ын Путин менен «абдан маанилүү» сүйлөшүү болгонун айтты.

«Биз азыр эле эки тараптуу кызыкчылыктарды жактаган маселелер боюнча мазмундуу пикир алмаштык» деген Ким орус президенти менен Корей жарым аралындагы «маселени тынч жөнгө салуунун жолдору талкууланганын» кошумчалады:

Ким Чен Ын.

«Биздин Орусиядагы сапарыбыздын максаты – Путин менен жеке жолугуп, дүйнө кызыгып көз салып жаткан Корей жарым аралындагы жана жалпы аймактагы абал боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле аймактагы саясий кырдаалда туруктуулукка жетүүдөгү стратегиялык жолдорду карап, аны биргелешип башкаруу маселесин талкуулоо эле. Мындан тышкары, жаңы доордо биздин салттык алакаларыбызды өнүктүрүү да биздин максатыбыз».

Өз кезегинде Путин Ким Чен Ын менен Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча каршылыктарды жөнгө салуу багытында сүйлөшүү болгонун айтты. Ал Ким Чен Ын менен жолугушуу зарылчылыгы пайда болгонун да кошумчалап, эки мамлекеттин кызматташтыгынын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги тууралуу талкуу жүргүзгөн.

Владимир Путин.

«Албетте, биз Корей жарым аралындагы кырдаалды сүйлөштүк. Кырдаалды келечекте жөнгө салыш үчүн эмне керек экенин жана аны кантип жасоо тууралуу да пикир алмаштык», - деди Путин.

Ким Орусия менен Түндүк Корея чектешкен Ыраакы Чыгыштагы Владивостокко 24-апрелде чопкутталган поездде келген.

Путин менен Кимдин биринчи бетме-бет жолугушуусу Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандан кийинки убакка туш келди.

Трамп менен Ким буга чейинки эки саммитте өзөктүк келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес. Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда президент Трамп саммитти чукулунан токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок адистер Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип жатышат.

Дагы караңыз Түндүк Кореянын жаңы жүрүшү

Трамптын администрациясы 18-апрелде үчүнчү жолугушууну өткөрүүнү сунуш кылды, бирок Пхеньян ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып жатат.

Март айында Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга анын өзөктүк программасы үчүн жаңы санкция салган.

Ал арада 18-апрелде Түндүк Кореянын маалымат каражаттары армия «күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын» сынаганын кабарлады. Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги маалымдагандай, сыноо мамлекет башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги менен болгон.

Бул АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ки Чен Ындын акыркы сүйлөшүүлөрүнөн берки биринчи сыноо катары мүнөздөлүп жатат. Ошондой эле ал сыноо тууралуу Ким Чен Ындын Орусиядагы сапарына бир жума калганда жарыяланган.

Москва - Түндүк Кореянын Советтер Союзунан берки өнөктөшү. Орусия Кошмо Штаттардын жана Түштүк Кореянын Пхеньянга киргизген санкцияларын «кырдаалды курчутат» деп сындап келе жатат.

Түндүк Кореянын азыркы лидеринин атасы Ким Чен Ир Владимир Путин менен 2001-жылы Москвада, 2002-жылы Владивостокто жолугушкан. Ал 2011-жылы да Москвага келип кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.