Ишкердин өлүмү: кылмыштуу топтун карааны

Иллюстрациялык сүрөт.

Уралдагы кыргызстандык ишкердин өлүмүндө уюшкан кылмыштуу топтун изи чыкты.

Ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектелген Зарылбек Эгембердиев 20-сентябрга чейин тергөө абагында камакта болот. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, тергөө менен кызматташып жатканы кабарланды. Эгембердиев 20-июлда Челябинск облусундагы Коркино шаарында кармалган.

Буга чейин Екатеринбургда кыргызстандык ишкердин өлтүрүлүшү боюнча эки киши – азербайжан улутундагы Грузиянын жараны менен осетин камакка алынганы маалымдалган.

Орусиялык басылмалар «Таганский ряд» базарындагы белгилүү кыргызстандык ишкер Каримовго кол салууну беш киши уюштурганын, дагы экөө издөөгө алынганын жазышты.

Зарылбек Эгембердиев

«Зама» деген каймана аты бар Зарылбек Эгембердиев Ошто туулуп-өскөн, кийин Орусиянын жарандыгын алган. 2000-2006-жылдары Екатеринбургда кыргыз жана өзбек ишкерлерден акча опузалап, каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бул кылмыштуу топту кыргыз жараны, этникалык өзбек Махамат Иминов (Самат) башкарган.

«Каримов ошол кезде эле ишкер болчу. Балким ошондо эле Иминовдун тобунун көзүнө илинген. Камчы Зарылбекти жакындан таанычу. Экөө жердеш болгон деп айтып жатышат. Бул бала жетим өсүп, Ошто, Жалал-Абадда жүрүп, Кара-Cууда чоңоюптур. Камчы өзү Кара-Суудан болчу», дейт атын жашыруун калтырууну өтүнгөн адам.

Екатеринбургда жашаган мекендештер Иминовдун кылмыштуу тобу тааныш-туугандан түзүлүп, анда кыргыз-өзбек улутундагы 30-40тай бала болгонун айтышат. Ишкерлерден акча опузалап, мекендештер ортосундагы маселелерди кара күч менен чечип берген «каралар» ал кезде күчөп кеткен. Шаарда бир имаратка ээлик кылып, анда топтун мүчөлөрү үчүн өзүнчө спорт клуб, ашкана иштеген.

Кылмыштуу топ 2006-жылы Махамат Иминов баш болуп, беш мүчөсү камакка алынганда тарап кеткен.

«Бешөө соттолуп, ар кайсы жактагы абакка бөлүнгөн. Ошондо башка балдары чачыраган. Иминов Кыргызстандын жараны болгон, аны кийин мекенине которушкан. Ошол жакта абакта өлтүрүп коюшкан дешет» дейт булак.

Дагы караңыз Кыргыз диаспора башчысынын сырдуу өлүмү

Ал эми Зарылбек Эгембердиев Нижний Тагилдеги №5 күчөтүлгөн режимдеги абакта 12 жылдык жазасын өтөп, өткөн жылы октябрда эркиндикке чыккан. Түрмөдө Эгембердиев ур-токмокко алынып, өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, укук коргоочуларга кайрылган экен.

Уралдагы «Укуктук негиз» укук коргоочу уюмдун башчысы Алексей Соколов Эгембердиев менен 2015-жылы кездешкенин айтат.

«Зарылбекке абакта психологиялык жана физикалык кысым көрсөтүлүүдө деп бизден көмөк сурашкан. Бул абакта жаза өтөгөндөргө зомбулук көрсөтүлүп, аларды баш көтөртпөй, адамдык кадыр-баркын тепселеп, сындырып, аларды буйруктарды эч каршылыксыз аткарууга көндүргөн окуялар болгон. Биз ага биринчи жолу барганда Зарылбек абактын кызматкерлери аны кандайдыр бир кагаздарга кол койдуруу үчүн ур-токмокко алышканын айткан. Анын денесинде тактар бар болчу. Түрмө кызматкерлери колун артка кайрып туруп, үч-төрт күнгө торго кишендеп асып койгонун айтып даттанган. Колунда кишендин тактары да бар болчу. Биз бул боюнча прокуратурага, Тергөө комитетине арыз жазганбыз. Бирок кийин Тергөө комитетинен барганда, ал адвокаты аркылуу эч кандай доосу жоктугун айтып, арызынан баш тартып койгон».

Соколовдун белгилешинче, абакта Зарылбек Эгембердиев психологиялык зомбулукка кабылып, бирөөнүн буйругун эч каршылыксыз аткарууга үйрөтүлгөн.

«Эркиндикке чыккандан кийин эмне кылып жүргөнү белгисиз. Базарда элди коркутуп жүргөнүн көргөндөр болуптур. Бирок өзү мындай кылмышка бармак эмес. Бирөөлөрдүн колундагы курал болду. Камчыны баары эле билишчү. Бирөө анын акчасы бар экенин айтып койду», дейт Екатеринбургда бир топ жылдан бери иштеген кыргызстандык.

Дагы караңыз Мигранттарды карактаган "каралар"

Маркумдун баштыгында 19 млн. рубль акча бар болчу. Айрым маалыматтар боюнча кол салгандар 2-4 миллион рублды алып кетишкен. Орусиянын укук коргоо органдары учурда табылган каражат тууралуу кабарлай элек. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Топтошуп киши өлтүрүү», «Адамдын денесине оор залал келтирүү менен карактоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримов быйыл 2-июлда өлтүрүлгөн. Ага үч адам кол салган. Сөөгү 5-июлда Ош облусунун Кара-Суу районуна жеткирилип, жерге берилген. Артында жубайы жана үч баласы калды.

20 жылдан ашык Уралда жашаган Каримов «Кыргызстан-Урал» уюмун жетектеп, коомдук жана жеке ишмердиги менен белгилүү болчу. Жети жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келген. Каримов «Замандаш» ассоциациясынын жигердүү мүчөсү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.