Орусияда аскердик кампа жарылды

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу.

Каменка кыштагындагы аскердик кампада жарылуу 5-августта саат үчкө жакын башталган. Алгач аянтта өрт чыгып, кампада сакталган миналар жарыла баштаган. Кампада артиллериялык курал-жарактар - 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу.

Жарылуудан сегиз киши жабыркаганы белгилүү болду, алардын бири бала. Эки аскер кызматкери менен өрт өчүргүч Ачин шаарындагы ооруканага жеткирилди. Кампадагы төрт жоокердин дайыны азырынча белгисиз.

Жергиликтүүлөр жарылуудан улам үйлөрүндө терезелер күбүлүп түшүп, имараттарда жарака пайда болгонун айтышты.

«Түштө эле башталган. Үйлөр силкинип, жарылуу болгондой сезилди. Бирок биз жаныбыздагы комбинатта иштер болуп жатса керек деп ойлодук. Башында эч кандай расмий билдирүү болгон эмес. "Вотсаптан" гана аскердик бөлүктө кампалар жарылып жатканы айтыла баштады. Анан кошунам келип Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машинеси үн күчөткүч аркылуу шаардан кетүүгө чакырып жатканын айтты», - дейт Ачиндин тургуну Бутьянова.

Бийлик Каменка кыштагындагы 11 миң кишини, 20 чакырым аралыкта жайгашкан эки конуштун жашоочуларын эвакуациялаган.

«Эвакуациялангандардын так санын эч ким айта албайт. Жарылуу токтобогондуктан, ал жакка транспорт барган жок. Адамдарга "жөө чыккыла" деп кабарладык. Аларды автобустар күтүп жатат. Канча адам чыкса да, баарын алып кетебиз. Эки калктуу конуштун жашоочулары жана балдар лагери эвакуацияланып жатат», - деди Ачин шаарынын мэри Илай Ахметов.

Ачин-Назарово трассасы жабылып, темир жол каттамдары чектелди. Орусиядагы ири комбинаттардын бири эсептелген Ачиндеги «РусАла» ишин токтотту.

«Жумушчуларыбыздын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн ишти токтотуп, адамдарды эвакуациялоо тууралуу чечим кабыл алынды» деп айтылат комбинаттын билдирүүсүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик кампадагы өрттү өчүрүүгө «Уран-14» эки роботу жөнөтүлгөнүн кабарлады. Министрликтин маалыматы боюнча, бул кампанын материалдык-техникалык жабдуусунун эскилиги жетип, 2022-жылы толук жабылмак.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.