Москва: учак кырсыгынан 41 адам мерт болду

Куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан "Sukhoi Superjet 100-95" учагы конгондон кийин.

5-майда “Аэрофлот» компаниясынын учагы "Шереметьево" аба бекетине чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кетти.

Орусиянын Тергөө комитети "Sukhoi Superjet" учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учактын ичинде баары 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

Ал эми жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор экени кабарланууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвадагы учак кырсыгы 41 адамдын өмүрүн алды

"Sukhoi Superjet" учагы асманга көтөрүлгөн соң жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.

Интернетке тараган жана Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видео тасмада куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине келип конуп жатканын көрүүгө болот.

Аталган учак Москва убактысы боюнча "Шереметьево" аба бекетинен саат 17:57де учуп чыккан. Ал эми 18:25те диспетчерге авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген. Ошондон беш мүнөттөн кийин келип конгон. Видеотасмаларда көрүнүп тургандай, конгондо анын арткы бөлүгү жалындап, күйүп жаткан.

Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган. "Аэрофлот" компаниясынын маалымат катчысы бул белгиленген убакыттан тез болгонун билдирүүдө. Бирок "Интерфакс" өз булактарына таянуу менен учактын арткы бөлүгүндөгү жүргүнчүлөр чыгууга үлгүрбөй калганын айтып жатат.

Пилот Денис Евдокимов асманда баратканда учакка чагылган тийген деген маалыматты ырастады. Ошондон кийин учактын айрым шаймандары иштебей, жер менен байланыш үзгүлтүккө учураган. Пилоттор авариялык конуу тууралуу чечим кабыл алган. Бирок асманда баратканда өрт болгон эмес.

Учкучтун сөзүнө караганда, учактын конуусу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда самолёт жерге катуу урунуп, ошол кезде жалын тутанган. "Интерфакстын" маалыматына ылайык, учак жерге үч жолу урунган.

Орусиянын Тергөө комитети учак кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өрттү толук өчүргөндөн кийинки сүрөттөрдө самолёттун арткы бөлүгү толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

"Сухой" компаниясынын маалыматына караганда, аталган учак 2017-жылы чыгарылган жана 2019-жылдын апрелинде техникалык кароодон өткөрүлгөн.

"Sukhoi Superjet" – жакынкы аралыкка учуучу орусиялык жүргүнчү учак. Ал СССР кулагандан кийин Орусиянын өзүндө жасалган биринчи учак жана 2011-жылдан бери бир канча өлкөдө, негизинен Орусияда колдонулат.

5-майдагы кырсык бул үлгүдөгү учак катышкан жетинчи окуя. 2012-жылы Индонезияда болгон кырсыкта 45 адам көз жумган. Калган окуяларда бактыга жараша адам өмүрү кыйылган эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.