Пандемия Орусиянын авиабизнесине сокку урду

Москвадагы Шереметьево аэропорту.

Орусиядагы эксперттер пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам авиакомпаниялар чыгашага батып, ири зыянга учураганын айтып жатышат. Мунун кесепети жүргүнчүлөргө таасир этип, чектөөлөр алынгандан кийин учакка билет кымбаттай турганы күтүлүүдө.

Мартта коронавирус пандемиясынан улам карантин чаралары киргизиле баштаганда орусиялык авиабизнестин чыгымы 70 миллиард рубль болору айтылган.

Росавиациянын маалыматы боюнча бул кезде аба каттамдары 90 пайызга токтогон.

Авиаэксперт Роман Гусаров «арзан билеттердин доору» бүткөнүн, пандемиядан кийин орусиялыктардын көбүнүн аба каттамы менен учууга мүмкүнчүлүгү жетпей каларын айтты:

"Тилекке каршы, карантин чаралары алынгандан кийин аба каттамдарына суроо-талап кескин түшүп кетет. Калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелип, жумушсуз калгандар көбөйөт. Мындан улам жүргүнчүлөрдүн саны да азаят. Азыр ар кандай божомолдор бар. Бирок авиатармактын адистери пандемия көпкө токтотулбай, карантин чаралары алынбаса, жүргүнчүлөр 50 пайызга кыскара турганын болжоп жатышат. Бул Орусия боюнча. Кайра буга чейинки калыпка келиши үчүн бир нече жыл талап кылынат. Бул арада жүргүнчүлөрдү төмөн тариф менен ташыган авиакомпанияларга – лоукстерлерге оор болот. Алар жүргүнчү топтой албайт, рейстерин толтура албай, чыгымдарын көтөрө албай калышат. Мындан улам тариф саясатын карап чыгышы керек, айрым каттамдардан кетүүгө туура келет".

Дагы караңыз Кыргыз авиациясынын багы ачыла элек

Гусаровдун айтымында, пандемиядан кийин учакта жүргүнчүлөрдөн беткап, мээлей кийүү сыяктуу коопсуздук эрежелери сакталып калышы мүмкүн. Ал эми бирөөдөн инфекция же вирус жуктуруп албоо үчүн 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо талабын аба каттамдарында калтырууга мүмкүн эмес. Авиаэксперт пандемия маалында адамдарда учакта учуу коркунучу да пайда болгонун белгиледи:

"Авиация жүргүнчүлөрдү каалаган убакта, каалаган жерине жеткирүүгө даяр. Тилекке каршы, пандемия токтоп, чектөөлөр алынып, анан адамдарда жабык жайда көпчүлүк менен учуу коркунучу жоголмоюнча аба каттамдарынын мурдагыдай иштей албайт. Мунун баары коронавирус дагы кандай жайыларына жана өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжасына байланыштуу".

13-майда орус өкмөтү авиакомпанияларга 23,4 миллиард рубль бөлдү. Өкмөттүк субсидиянын 60 пайызына чейин кызматкерлердин айлыгына коротууга болот. Буга улай эле бир нече авиакомпания 1-июндан тарта ички аба каттамдары ачыларын жарыялашты.

Акыркы жылдары орусиялык авиакомпаниялар бир жыл ичинде 120 миллиондой жүргүнчү ташууга жетишкен. Жалпы аба каттамдарынын дээрлик жарымы «Аэрофлот» жана ага тиешелүү «Победа», «Россия», «Аврора» компанияларына туура келет.

Дагы караңыз "Ачык асман": тобокелдик жана мүмкүнчүлүк

Орусияда эл аралык аба каттамдар 27-мартта токтотулуп, «Аэрофлот» 1-августка чейин билет сатылбай турганын маалымдаган. Учурда учактар чет өлкөлөрдө калган орусиялыктарды кайтарууга гана көтөрүлүп жатат.

Апрелдин аягында Орусиядагы туроператорлордун ассоциациясы коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык каатчылыктан улам орус рыногунан авиакомпаниялардын 20 пайызы кете турганын болжолдогон.

Ал эми "Bain&Company" агенттигинин эсебинде орусиялык авиакомпаниялардын сатылбай калган же сата албаган билеттерин толуктоо үчүн эле 350-450 миллиард рубль керек.

Кыргызстандан Орусияга бул кезде бир гана кыргызстандык жүргүнчү ташуучу - «Авиа Траффик» компаниясынын учактары каттайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​