Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.
Мындан бир айдай мурда чакалайдын чак түшүндө Чүй облусунун Васильевка айылында бир зөөкүр 9-класстагы мектеп окуучусун ырайымсыз ур-токмокко алган видео тасманы көрүп, төбө чачым тик турду.
Ал ынсапсыз байкуш баланы таш менен жаткыра чапканы аз келгенсип, кудум жыландын башын жанчып жаткандай башы-көзүнө тепкилегени эсимди оодурду.
Адам ушунчалык мыкаачы, ушунчалык ырайымсыз, ушунчалык ташбоор болобу деп, жакамды кармадым. Баарынан да таң калтырганы, тияк-биякка өз тиричилиги менен өтүп жаткан кишилердин бирөө арачы түшүп, байкуш баланы мыкаачынын колунан ажыратып албаганы болду.
Кара күч менен карөзгөйлүк
Деги адамдар эмне болуп баратабыз?! Мерез, карөзгөй, кайдыгер, убал-сооптон коркпогон ыйман-ынсапсыз жандар кайдан чыгып жатат? Айрыкча мындай мыкаачылардын жаштар арасынан көбүрөөк пайда болуп жатышы мени катуу тынчсыздандырат. Балдардын эртеңки күнүн ойлоп, санаам санга бөлүнөт.
"Баламдын мээси катуу чайкалыптыр. Ошол күнү эмне болгонун такыр эстей албайт. Уулумду жөндөн-жөн эле сабап салыптыр. "Башка бирөөгө окшоштурдум" дейт экен. Таанып-тааныбай туруп ушунчалык ур-токмокко алганы эмнеси?! Адам эмей эле жырткыч тура! Баламдын абалын карап туруп, күйүп-күйүп кетем!", – дейт жабырлануучунун атасы Музаффар. Өзү Европага жаңы эле жумушка барган экен. Уулунун кабарын угуп, иштей албай кайра учуп келиптир.
Эгемендик алгандан бери таалим-тарбия кедерине кетти. Жаңы муун кара күчкө, байлык-бийликке сыйынып калды. Азыр кимдин билеги күчтүү болсо, кимдин акчасы көп болсо, ким бийликте отурса ошол урмат-сыйга ээ. Жаштар көбүнесе ошолорду пир тутат, ошондойлорго карап түздөнөт. Негизи эле биздин өлкө спортсмендердин өлкөсүнө айланды. Өлкө башчы баш болуп, калган жетекчилер төш болуп, баары спорт ышкыбоздору. Илгери мамлекет жетекчилери театрларга барып спектакль көрүшчү, классикалык же элдик ыр-күүлөрдү угушчу. А азыркы жетекчилер футболго барышат, анткени өздөрү футболчу.
Чет жактан утушка ээ болуп келген спорчуларды өкмөт жетекчилери шаан-шөкөт менен тосуп алганын бир канча жолу көрдүк. Аларга миллиондогон сом берип сыйлашты. Мен буга эч каршылыгым жок, мейли башкалардан артта калбай, спортту да өнүктүрөлү. Бирок эмне үчүн маданиятка да ошондой көңүл бурулбайт? Эмне үчүн президент эрежесиз эр мушташтын чебери Валентина Шевченкону кабыл алгандай, ушул эле жылы Азиянын «Оскарын» багындырган кыргыздын чыгаан кинорежиссёру Актан Арым Кубат агайды да кабыл албайт? Эмне үчүн ошондой эле акчалар маданияттын мыктыларына, ар кандай эл аралык сыйлыктарды утуп келип жаткан өнөр адамдарына берилбейт? Эмне үчүн аларды да спортчулардай кадырлап-даңктабайбыз?
Дагы караңыз "Соо жери калбаптыр". Наристенин үрөй учурган өлүмүРухий өксүктүн кесепети оор
Атамбаевдин доорунан бери канча ирет УКМКнын кызматкерлерине үй берилгенин көрүп-уктук. Бирок мен маданият кызматкерлери үчүн, мугалимдер, дабагерлер үчүн бир дагы үй курулганын алиге чейин уга элекмин.
Эгер маданиятка мамиле өзгөрбөсө, таалим-тарбия тутуму тез арада жаңы жолго коюлбаса, биз жакынкы келечекте бандиттер менен кылмышкерлердин өлкөсүнө айланабыз. Эң өкүнүчтүүсү, бандиттердин, кара күчтүн кулуна айланган зөөкүрлөрдүн көпчүлүгү ошол спорт менен машыккандардын тобунан чыгып жатат.
Илгери да спорт мектептери бар эле, бирок андай жайларда балдардын адеп-ахлагына да өзгөчө көңүл бурулчу. Башкача айтканда, машыктыруучулар: "Силер эч качан бирөөлөргө зомбулук көрсөтпөгүлө, алсыздарды коргогула, ар дайым калыс, адилет болгула!" – деп, байма-бай кол алдындагылардын кулагына куйуп турчу экен. Самурайлардын кадимтен келе жаткан салтында же чыгыштын ушу таймашында кара күчкө эле эмес, адамдын адебине, адамгерчилигине да басым жасаларын билебиз. Жогоруда белгилеп кеткендей, советтик спорт мектептеринде тарбия жагы көңүл сыртында калчу эмес.
Ал эми азыркы спорт клубдарында "аябай ур! сок! чап! жык!" деген сөздөрдөн башка нерселер айтыларына күмөнүм бар. Антпесе мындай болбойт эле. Аларды да көзөмөлдөп, "аттестациядан" өткөрө турган убак келди деп ойлойм. Кайсы жерде болбосун, балдардын булчуңун өстүрүп жаткандарды тыкыр текшерип, керек болсо өздөрүн тарбиялап, шакирттеринин адамгерчилик жагына да көңүл бурууга милдеттендирүү зарыл. Болбосо кара күчүнө дөгүрсүгөн бандиттердин саны жыл сайын көбөйө берет.
Дагы караңыз "Ок өпкөсүн тешип кеткен". Аскердеги өкүмзордук, бир офицер кармалдыТаалимсиз билим – эң коркунучтуу курал
Жакынкы жылдардан бери мугалим билим гана берет, ал эми тарбияны ата-эне өзү бериш керек деген сөздөрдү көп укчу болдук. Атүгүл мындай кепти мен мектеп деректирлеринен да эшиттим. Ачык айтканда, бул – билим берүү тутумунун талкаланып бүткөнүнүн, кургуйга кеткенинин анык белгиси. Жалпы коом үчүн мындай ары опурталдуу, ары ашкере зыяндуу түшүнүк мугалимдердин мээсине качан жана кимдер тарабынан сиңдирилгендигин билбейм. Бирок бул кыянат иш билим берүү тармагы эле эмес, жаамы Кыргызстандын, кыргыз улутунун душмандары тарабынан атайын жасалганында шегим жок.
Алмустактан бери адамзат мугалимди жаш муундардын чыныгы адам болуп жетилиши үчүн бүт күч-аракетин үрөгөн Насаатчы, Тарбиячы, Устат катары билет. Мугалим окуучунун адеп-ахлагына маани бербесе, анын журум-турумуна көз салып турбаса, андайды кантип мугалим деп айтабыз?
Анүстүнө ата-эненин баары эле балдарына мугалимдердей тарбия бере албайт. Алардын көпчүлүгүнүн агайлардай илим-билими, тажрыйба-көндүмү, ыкма-усулу жок. Ал эми мугалим жогорку окуу жайда төрт-беш жыл таалим дагы, тарбия дагы бериш үчүн билим алган эмеспи. Тиричиликтин айынан жер кезип кеткен ата-энелердин он миңдеген балдары тууралуу айтпай эле коёлу. Тагдырдын өгөй балдарына айланган андайлардын өксүгүн бир гана мугалимдер толтурбаса, эч ким толтура албайт.
Ошол себептүү билим берүү тутумунда реформаны дал ушул жактан баштоо абзел. Билимге кандай дыкат көңүл бурулса, тарбияга да андан кем эмес маани берилүүгө тийиш. Бул үчүн мугалимдик кесип коомдогу эң ардактуу кесипке айланышы шарт. Мугалимдин кадыр-баркы ар кандай саясатчынын, белгилүү спортчу, бизнесмендин кадыр-баркынан төмөн болбошу керек.
Мугалим тиричилигине алаксыбай, окуучуларга ойдогудай таалим-тарбия бериши үчүн өкмөт аны материалдык жактан толук камсыз кылууга милдеттүү. Мугалимдер өздөрүн өстүрүүгө, улам илим-билимдерин жаңылап турууга да мүмкүнчүлүгү (мисалы, бош убактысы) болушу абзел.
Дагы караңыз Балдарды таяктап, тилдөө тарбия эмес...Устаттардын баркына жетели
Дагы бир кечиктирилгис милдет – Гапыр Мадаминов сыяктуу тубаса педагогдорду эл арасынан көбүрөөк таап чыгып (таланты, шык-жөндөмү бар, бирок Гапыр агай жаш кезинде туш болгондой бюрократиянын айынан жол таппай жүргөндөр жок эмес), алардын демилгелерин ар тараптуу колдоого алуу зарыл.
Гапыр агайдын мисалында бир эле мыкты мугалим жүздөгөн, атүгүл миңдеген илим-билимдүү, адеп-ахлагы да ийги балдарды тарбиялап чыга аларын көрдүк. Эгер бүт Кыргызстан боюнча Гапыр агай сымал жүз мугалим болсо, жакынкы беш-он жылдын ичинде биз Жапония же Финляндия сыяктуу билимдүү дагы, адеп-ахлактуу дагы өлкөгө айланарыбыз шексиз.
Маданиятка, рухий баалуулуктарга да өзгөчө көңүл бурбасак болбойт. Элдик жомокторду, ыр-күүлөрдү, каада-салтты бала бакчадан баштап балдардын дилине сиңдирүү зарыл. Орустун көрүнүктүү педагогу Василий Сухомлинский "гүл кармаган адам жамандык кылбайт" деп айткан. Ошондуктан биз балдарыбызга бала бакчадан баштап "колуна гүл карматышыбыз" керек. Эгер коомдо маданияттуу, адамгерчилиги бийик кишилер көбөйсө, көп маселелер өзүнөн-өзү чечилет. Анткени маданияттуу адамдын уят-абийири, ыйбаа-адеби болот, т.а. андай кишилер эч качан жамандыкка барбайт.
Өлкөбүздө маданияттуу адамдар канчалык көп болсо, мыйзамдар да ошончолук так сакталат, тартип да оңолот. Өсүш да болот, өзгөрүү да болот. Жемкорлук да өзүнөн-өзү жоголот. Маданияттуу адам жогорку кызматка барса да эч качан мамлекеттик мүлккө кол салбайт, буга анын алган тарбиясы, абийири, ар-намысы жол бербейт.
Ал эми илим-билимдүү делгендерден да уурулар, жеп-ичкичтер чыгып жатканын көрүп жатабыз. Себеби алардын кесиптик билими болгону менен рухий көрөңгөсү бош, алар Айтматовду окуган эмес, "Манасты" уккан эмес, кыргыздын керемет күүлөрүн эшитпеген. Дүйнөлүк маданияттан кабарсыз.
Мына ошол себептүү билим берүү тармагында адабияттан тышкары музыкага (айрыкча элдик, классикалык музыкага), сүрөт өнөрүнө, башкача айтканда, гуманитардык предметтерге да өзгөчө маани берилүүгө тийиш.
Түзөтөбү же бузабы?
Биздеги түзөтүү мекемелери (түрмөлөр) да реформага, кескин өзгөрүүгө муктаж деп ойлойм. Азыр Кыргызстандын абактарында ар кандай себептер менен түшкөн канчалаган жаштар отурат. Адам төрөлгөндө эле ууру-кески, кесеп же бандит болуп төрөлбөйт. Аны андай тагдырга үй-бүлөсү, чөйрөсү, жашоодогу түрдүү жагдайлар туш кылат. Ал канчалык оор кылмыш кылбасын кайра оңолууга, кайрадан адам болуп түзөлүүгө толук укугу бар.
Перулук жазуучу Варгас Льосанын "Акыр замандын согушу" деген романында расмийлер "бүттү, булар эми адам болбойт, мындайларды же асып (же атып) жок кылыш керек, же өмүр бою түрмөгө камаш керек" деген, бүтүндөй Бразилиянын үшүн алып жүргөн не бир коркунучтуу кылмышкерлер, киши өлтүрүүнү кесипке айландырган канкорлор, чуулгандуу ууру-кескилер бир кишинин таасиринен түз, периштедей таза адамга айланышат.
Акыйкатсыз бийликтин эзүүсүнө каршы көтөрүлгөн дыйкандардын жол башчысы, тарыхта Консельейро (Устат) деген ат менен белгилүү болгон инсан өзүнүн пайгамбардай такыба жүрүм-туруму, алпейим пейили, адамдык бийик касиети жана диний үгүт-насааты менен бузукуларды кайра жууруп жасагандай өзгөртөт. Ал тигилердин эч кимисин айыптабайт, сен "тигиндей-мындай экенсиң" деп айтпайт, тек жакшы сөзү, изги адеп-ахлагы, туура амал-аракети менен таасир этет.
Айтайын дегеним, биздин абактар да мындан ары иш жүзүндө кишилерди түзөтүүчү, камалгандардын пейилин оңолтуучу мамлекеттик мекемеге айланышы абзел. Түрмөгө түшкөн адам мурдагыдан да бузулуп, коомдогу кооптуу элементке айланбашы үчүн алар менен күчтүү психологдор, социалдык педагогдор, диний аалымдар иш алып барышы зарыл. Аларды оң жолго түшүрүү үчүн манасчылар, таанымал педагогдор, акын-жазуучулар, дагы башка өнөр адамдары, эл арасында кадыр-баркы бар кишилер менен байма-бай жолугуштуруп туруу керек деп эсептейм. Эгер түрмөдө да соттолгондорду инсаний жактан өстүрүп-жетилте турган рухий-маданий аянтча түзүлсө, жүздөгөн кишилердин оңолорунда шегим жок.