Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Балдарды согуш темасынан оолак кармайлы


Бишкектеги мектептердин биринде мугалим Украинадагы согушту жактаган көз карашын окуучуларга таӊуулашка аракет кылыптыр.

Фейсбук колдонуучу Аида Сасыбаева Сокулук районунда бир топ жыл мурда дагы бир педагог “илимий макаладан” африкалык, азиялык жана европалык адамдардын мээсинин көлөмү айырмаланары жөнүндө окуганын маашырлана айтып бергенин өзүнүн баракчасында эскерди.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

  • Эскертүү: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

Расизмден сактаналы

“Европалык адамдардын мээси азиялыктарга салыштырмалуу чоң. Азиялыктардын мээси африкалыктардыкынан чоӊдук кылат”, – дептир ал мугалим. Ошондо Аида: “Эмне, сиз Нельсон Манделадан акылдуусузбу?” – деп каяша кылыптыр.

Класстагы балдар каткырып, буга ызаланган расист эки окуучуну куугунтукка алыптыр. Чыр-чатак ырбай берип, акыры сотто анын күнөөсү толугу менен далилденип, мектептен кетирилиптир. Класстагы балдардын баары жана мугалимдердин көпчүлүгү, мунун ичинен славян тектүүлөр да окуучуларды колдоптур...


Орусиянын Украинадагы согушу кандайча аяктаса да, геосаясаттагы карөзгөйлүк балдардын аң-сезимин ууктурбашы керек. Айрыкча мектепке мындай үгүттү жолотпоо зарыл.

Чоӊдордун жаңжалы балдардын жан дүйнөсүн кандай жабыктырарын түшүнүү үчүн абхаз жазуучусу Фазил Искандердин бул чыгармасынан үзүндү келтирели.

Класска бомбаны алып кирбегиле

“Мен эскерген мезгил Германия менен тынчтык келишим түзүлгөн учурга, б.а. 1939-жылга туура келет. Мен он жашта элем. Биз саясатка эрте кызыга баштап, бул кызыгуу бикфорд билигинде тутанган оттой болуп ар бирибиздин жан дүйнөбүздү бүлүк түшүрчү. Көбүнчө эби жок баланын колундагы граната жарылгандай бул трагедиялуу кырсык ичибизде болуп, сырттан байкалбай кала берчү.

Элес-булас билгеним, гезиттерде Риббентроп менен Молотовдун беле, сүрөтү пайда болгондо, ага чейин жалаӊ каррикатуралык кейпинде көрүп келген гитлерчилерди эми актагандай кароого көнө албай, катуу иренжигенбиз. Алардын чыныгы кешпири көзгө суук көрүнчү...”.


“...Акыры, бир күнү көкүрөктөгү ошол жарылуу болду – андай жаман нерсени өмүрүмдө көрө элек болчумун.

Балдар, – деди Александра Ивановна, – эми “фашист” дегенге болбойт.
Класста бул сөз эмнеден улам айтылганы эсимде жок, азыр себебин ойдон чыгарсам кесир болор. Балдардын бири шеригине ачууланып, аны фашист деди беле же бирөө башкасынан фашисттерди алдаган кайраттуу пионер жөнүндөгү китепти сурады беле, билбейм. Ал кезде мындай китептер көп болчу.

Мугалим муну грамматикалык эрежелерге киргизилген өзгөртүүдөй эле айта салды. Бирок бул сөздөрдө ал өзү да, биз да күтпөгөн бир нерсе бар экен. Башка көптөгөн сөздөрдөн айырмаланып, булар кулактын кырынан кеткен жок, бирок акылга да сиӊип кетпеди. Абада калкып калгандай болду. Ошол калкыган бойдон секунд сайын катый берди, улам дааналанып, окуганга ыӊгайлуу боло берди. Мунун дагы бир далили, акыркы сабактын соңунда адаттагыдай эле кобурашып же өздөрүнүн ой-санаасына алаксыган балдар акырындык менен бул сөздүн ашкере анык сезилген таасирине тартылып, баары тынчый берди да, акыры класста беш-он секунддай тунжураган жымжырттык өкүм сүрүп калды.


Баары Александра Ивановнадан айткан сөзүн бирдеме деп түшүндүрүүнү күтүп турду, бирок ал унчукпай койду. Улгайган эжейибиздин бырыш баскан жүзүндө кызыл темгилдер пайда болуп, бир уурту билинер-билинбестей диртилдеди.

Ошондогу өзүм туйган, кайсы бир деӊгээлде бүтүндөй класска таасир эткен уялуу сезимин мен эч качан унутпайм”.

(Фазил Искандердин “Мектеп вальсы же Уят-сыйыт кудурети” повестинен)

Соңку сөз ордуна

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бүткүл дүйнөнү каршылаш эки жаатка бөлүп салгандай. Эки тарап теӊ бири-бирин айыптап, фашист дейт.

Ырас, бул күндөр да өтөт. Кечээги кас душмандар бүгүн экономикалык шериктер болуп калган сыяктуу эле, бүгүнкү согушуп жаткан эки мамлекет эртең кайрадан элдешип, дос болуп кетиши толук ыктымал – ушундай болушу керек! Дал ушул себептен улам балдардын жүрөгүн утурумдук саясаттын зыяндуу таасиринен, “башкаларга” карата жек көрүүчүлүктүн уусунан сактоо зарыл.

Ушул кезде Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен ордо калаанын мэриясы мектептерде согушту жана маңызы боюнча фашисттик идеяларды үгүттөөгө, бул темадагы талкуу, талаш-тартыштарга кескин тыюу салышы керек.

Жолдош Турдубаев

XS
SM
MD
LG