Анткен менен 3-майда жарык көргөн баяндаманын авторлору бул жөн гана механикалык эффект экенин айтышууда. Себеп дегенде башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн түшүп кеткен.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму жалпысынан Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигин абалы кескин начарлап кеткенин белгиледи.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 3-майда жарык көргөн баяндамасында 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттар, абал изилденип чыккан. Бул ирет Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап, ал эми өлкө бийликтери жана саясий күчтөр медиа каражаттарын көбүрөөк дезинформацияны жайылтуу каналдары катары колдонуп жатканы белгиленет.
Журналисттер иштеген абалга баа берүү үчүн өлкөдөгү саясий, укуктук, экономикалык, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук көрсөткүчү эске алынат. Быйыл Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу эки тепкиче жогорулаган. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавельенин айтымында бул Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жакшырды дегенди билдирбейт.
"Кыргызстан рейтингде эки тепкичке көтөрүлгөнү менен анын упайы өзгөргөн жок. Дегеним, бул жогорулоо механикалык эффекттен улам болду. Анткени башка мамлекеттердин рейтинги өтө төмөн түшүп кетти. Кыргызстанда сөз эркиндигинин айланасындагы кырдаалдын кескин начарлап кетиши былтыркы көрсөткүчкө таасирин тийгизген. Анда Европа-Борбор Азия аймагында эң начар жана дүйнөдө Бутандан кийинки эле орунду ээлеген.", - деди Кавелье "Азаттыкка" курган маегинде.
Эске сала кетсек, былтыр “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Пресса эркиндиги” аттуу рейтингинде Кыргызстан бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашкан. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюмдун тизмесинде көрсөткүчтөрү чукул төмөндөгөн өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 57 позициясын жоготкон Бутандан кийинки эле экинчи сапка чыккан.
Буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.
“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”, - деген президент.
Жанн Кавелье жалпы чөлкөмдө абал оорлошконун белгилейт.
"Жалпысынан кырдаал Чыгыш Европада жана Борбор Азияда начарлап кетти. Эки өлкө өз категорияларын өзгөртүштү. Грузия "сөз эркиндиги маселе туудурган мамлекет" деген категориядан бул багытта "кырдаал оор" деген категорияга өттү. Ал эми Өзбекстан оор кырдаалдан абдан оор кырдаалга которулду. Былтыр Кыргызстандын рейтинги кескин төмөндөп кеткенден кийин быйыл деле эч кандай жакшы жылыш болгон жок. Тескерисинче, дагы оорлошту. Маселен, коррупциянын бетин ачуу менен алектенген 11 көз карандысыз журналист быйыл январда камалды. Орус мыйзамын кайталаган, президент Садыр Жапаров кол койгон "чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам да өлкөдөгү сөз эркиндигине кандайдыр бир сокку ургандай болду. Тактап айтак, быйыл Кыргызстандын саясий рейтинги кескин төмөндөдү. Кыргызстан аймакта Азербайжан жана Өзбекстан менен биргеликте саясий көрсөткүчү начар мамлекеттердин ичинен рекордсмен болуп саналат", - деди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү.
"Кремлдин зыяндуу саясий таасири Еврошаркетке чейин жетүүдө"
Баяндамада Орусия көз карандысыз журналистикага каршы жүрүшүн улантып жатканы, Украинага согуш ачканы өлкөдөн 1500дөй кабарчы чыгып кеткени белгиленген. Москванын 2024-жылкы Дүйнөлүк эркин пресса индексинде эки тепкичке жогорулашы башка мамлекеттердеги бул тармактагы абалдын начарлашына байланыштуу негизделген. Орусияда “чет элдик агент” же “ыңгайсыз уюм” деп таанылган журналисттердин жана медиа каражаттарынын саны өсүүдө. Бул багытта Орусия менен эки эле өлкө атаандаша алат. Бул 167-орунга жайгашкан Беларус жана 175-орунду ээлеген Түркмөнстан. Беларуста бийлик экстремизм шылтоосу менен журналисттерди куугунтуктоону улантып жатса, Түркмөнстанда чексиз ыйгарым укуктарга ээ президент көз карандысыз медиага тыюу салган.
Быйылкы индексте Грузия былтыркыга салыштырмалуу 26 позицияга төмөндөп, 103-орунга түшкөн. Буга бийликчил партиянын Москва менен алакасын жакшыртып, эркин прессага каршы жүргүзгөн саясаты түрткү болгону белгиленет. Төмөндөө Азербайжанда дагы байкалат. 164-орунду ээлеген бул өлкөдө президенттик шайлоонун алдында маалымат каражаттарына каршы репрессия жүргөн.
Дагы караңыз "Кезектеги репрессия". Азербайжанда тогуз журналист камалдыСогуш жүрүп жатканына карабастан Украина былтыркыга салыштырмалуу 18 тепкичке көтөрүлүп, 61-орунду ээлеген. Буга коопсуздук жана саясий көрсөткүчтөрдүн жакшырышы себеп болгону белгиленет. Тактап айтканда, өлтүрүлгөн кабарчылардын саны азайган.
158-орунду ээлеген Түркиянын бийлиги журналисттерди камап, Интернеттеги цензура аркылуу маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук жаратып, сот аркылуу куугунтуктап жатканы белгиленет.
“2024-жылы дүйнө калкынын жарымынан көбү добуш берүү бекеттерине барары күтүлүүдө. "Чек арасыз кабарчылар уюму" 2024-жылкы сөз эркиндиги индексинде аныкталган бир маанилүү өзгөрүү тууралуу эскертет. Бул Индекстеги беш көрсөткүчтүн бири, саясий көрсөткүчтүн төмөндөшү. Мамлекеттик жана саясий күчтөр, саясий ориентациясына карабастан пресса эркиндигин коргоодо абдан төмөн роль ойноп жатышат”, - деп жазылат уюмдун директору Анн Бокандэ тараткан билдирүүдө.
Баяндамада 2023-жылдын октябрь айында Газа тилкесинде башталган согушта буга чейин болуп көрбөгөндөй сандагы медиа кызматкерлердин өмүрү кыйылганы белгиленет.
Андан тышкары жасалма интеллектин өнүгүшү жана аны тескөө инструменттеринин жоктугу саясий максатта колдонуп кетүү коркунучун жаратары жазылган.
Көп мамлекеттердин өкмөттөрү социалдык түйүндөргө жана интернетке көзөмөлдү күчөтүп, аны чектеп, аккаунттарды блоктоп, жаңылыктарды өчүртүү менен алек экени баяндамада белгиленет. Вьетнамда социалдык тармактарда өз пикирин айткан журналисттердин баары темир тор артына кетүүдө. Ал эми Кытайда дүйнөдө эң көп сандагы журналисттер камакта болгонуна карабастан өкмөт маалымат таратуу каналдарын тыкыр көзөмөлдөп, цензура саясатын жана аңдоо жүргүзүдө.
Чыгыш Европа менен Борбор Азияда маалымат каражаттарында Орусиядагы репрессияларды туураган цензура күч алды дейт "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье.
"Бул мамлекеттердин өкмөттөрү Орусиянын басымы алдында же жалпы аймактагы адам укуктарынын абалынын начарлашынан пайдалана калып өз медиа айдыңына болгон таасирин күчөтүп, авторитаризмди бекемдөө үстүндө иштеп жатышат. Маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдар көз карандысыз медианы жок кылуу аракеттеринин бири. Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери сөз эркиндигин басмырлоону токтотуп, өз мамлекеттеринин рейтингдеги ордун басууга ниеттенип, так реформаларды өткөрүү керек",- дейт ал.
Баяндамада Орусиянын таасири Сербияга чейин жеткени белгиленет. Ал жакта мамлекеттик каналдар орус пропагандасын трансляция кылып, ал эми бийлик Орусиядан чыгып кеткен журналисттерди коркутуп-үркүтүү менен алек.
Буга чейин индекстин эң төмөнкү саптарын Кытай, Вьетнам жана Түндүк Корея ээлеп келсе, быйыл алардын ордуна Ооганстан, Сирия жана Эритрея конду.