Орусия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди.