Румыния: импичмент тартиби анык эмес

Траян Бэсескуну депутаттар 5 жыл мурда импичмент менен кызматтан кетире алышкан эмес.

Румыниянын Конституциялык соту президентти кызматтан кетириш үчүн өлкөдө добуш берүүгө укуктуу калктын көпчүлүгү референдумда парламенттин чечимин колдошу керек деп билдирди. Өткөн аптада парламент президент Траян Бэсескуга импичмент жарыялоо чечимин чыгарган.
Президент Бэсескуга каршы аракеттин башында солчул премьер-министр Виктор Понтанын өкмөтү турат. Парламентте анын тарапкерлери басымдуулук кылышат. Мына ошол өкмөттүн ишениминде, 2010-жылы президент Бэсеску өз алдынча эле бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу боюнча чечим чыгаруу менен премьер-министрдин да укуктарын өзүнө ыйгарып алган.

Европадагы азыркыдай экономикалык кризистин маалында мындай чарага барган өлкөлөр аз эмес. Ошон үчүн президенттин андагы чечимин чындап эле натуура болгон дегенге элдин көпчүлүгү макул болобу? Бул боюнча румыниялыктар референдумда так жообун бериши керек.

Айтмакчы, Бэсескуга депутаттар 2007-жылы да импичмент жарыялашкан, бирок референдумда эл, тетирисинче, президент кызматта калышын жактаган болчу.

Азыр эми премьер-министр Понта анын өкмөтү “сот кандай чечим чыгарбасын, ага баш иет” деп билдирди.

Президентке каршы кыймылдын башында премьер-министр В.Понта турат

"Өкмөт бардык чечимдерди ишке ашырууга аракет кылат жана референдумду да өткөн айдагы жергиликтүү шайлоону уюштургандай эле бейтарап, мыйзамдуу жол менен өткөрүүгө бүт аракетин жумшайт", - деди премьер-министр Виктор Понта.

Өлкөнүн Конституциялык сотунун соңку чечимине ылайык, референдумга мамлекетте канча добуш берүүчү болсо, алардын жарымынан көбү “президент кетсин” деп добуш берсе гана, мамлекет башчысы кызматынан кетет. Мунун алдынан өкмөт референдум жөнүндөгү мыйзамга толуктоо сунуш кылып, анда референдумга катышкан гана жарандардын жарымынан көбүнүн “ооба” деп добуш бергени, президентти кызматтан кетирүүгө жетиштүү болушу керек деген ой айткан.

Азыр эми соттун чечимине карабай, өкмөттөн референдумду өткөрүүгө жооптуу деп дайындалган өкүл Виктор Добре өкмөттүн өткөн аптадагы чукул чыгарган жарлыгы баары бир күчүндө экенин билдирди.

Еврокомиссия, Германия жана АКШ акыркы күндөрү румын өкмөтүнө кайрылып, демократиялык институттарды, өзгөчө Конституциялык сотту урматтоого чакырышты.

Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Крин Антонеску эл аралык коомчулуктун камтамачылыгын басканга аракет кылып жатат.

"Румыниянын президентинин иши азыр убактылуу токтотулган. Бардык иш конституциялык жол менен жасалды. Конституциялык соттун акыркы чечими да муну ырастайт. Румыния кризиске түшкөн жок же өзгөчө бир оор абалда жашап жаткан жери жок. Ал мыйзамдын үстөмдүгү менен гана жашаган демократиялык жумурият катары кыраакылыгын жана аткарымдуулугун далилдей турган нормалдуу абалда жашап жатат", - деди Сенаттын спикери, азыр убактылуу президент Антонеску.

Анткен менен Румыния 2007-жылдан бери мүчө болгон Евробиримдик бул өлкөдө солчул күчтөр канчалык тездик менен баардык мамлекеттик институттарды ээлеп алышканына “тынчсызданып жатканын” билдирди.

Еврокомиссиянын ал билдирүүсүнөн бир күн мурда Германиянын канцлери Ангела Меркель румын өкмөтүнүн башчысы Виктор Понтага адаттан сырт, өтө орой экскертүү жиберип, Понта апрелде бийликке келгенден бери Евробиримдиктин демократиялык нормаларын такай бузуп жатканын ачык эле айткан.

Понта бүгүн-эртең Брюсселде соңку күндөрү өзүнүн коалициясы тарабынан жасалып жаткан талаштуу аракеттер боюнча отчет бериши шарт.