Бухарест тынчый элек

Бухаресттеги демонстрация, 11-август 2018-жыл.

Румынияда дээрлик бир жумадан бери өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акциялар уланып жатат. Шаршемби күнү кечинде Бухаресттин борбордук бөлүгүнө дагы жүздөгөн демонстранттар чогулду. Бирок өкмөт азырынча алардын талабына кулак сала элек.

Бухарестте ысык аптапка жана майрамдар башталганына карабастан митингдер токтой элек. 15-августтун кечинде ондогон демонстранттар кайрадан борбор калаадагы өкмөттүк имараттардын алдына топтолду. Алар адаттагыдай эле Социал-демократиялык партия башында турган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды.

Румын өкмөтү бир ай мурдагы чечими менен өлкөдө 15-августтан тарта беш күндүк каникул жарыялаган. Айрым митингчилер бул жол менен бийлик башындагылар элди алдап жатат дешет.

Алтынчы күн катары менен митингге чыгып жаткан демонстранттар өкмөт мыйзам үстөмдүгүнө жана соттордун көз карандысыздыгына шек келтирип жатканын, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө жол ачканын айтып чыгышты:

- Мен мындай абалга чыдап отура албайм. Эгер бул демонстрациялардан майнап чыкпаса, анда биздин эл ара жолдо калат, - деди митингчилердин бири 19 жаштагы Александу.

Бухаресттеги кагылышуу менен коштолгон 10-августтагы митинг.

Румыниянын Бухарест баштаган бир катар шаарларындагы демонстрациялардын жаңы толкуну өткөн жума күнү башталган. Ал күнкү акцияга катышкан 60 миңден 100 миңге чейин адамдын көбүн жарандык позициясын билдирүү үчүн атайын чет өлкөдөн келген румын мигранттары түзгөн.

Бирок 10-августтагы митинг маалында күч колдонулуп, 500дөй адам жабыркаган. Полиция демонстранттарга суу бүркүп, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонсо, айрым митингчилер тартип сакчыларына таш, шише ыргыткан. Өкмөт бул кагылышты атайын чагымчыл топтор уюштурду деп билдирди.

Кантсе да Румыния соңку бир жарым жылдан бери тынчыбай жатат. Былтыр жыл башында социал-демократтар өкмөттүн башына келгенден көп өтпөй коррупция менен камалган адамдардын боштондукка чыгышына жол ачкан декрет кабыл алууга аракеттенген. Бул чечим баш калаа Бухарест баштаган ири шаарларда он миңдеген адамдардын бир нече күнгө созулган демонстрацияларына себеп болуп, акыры өкмөт бул планынан баш тартууга аргасыз болгон.

Быйыл июль айында бийликтеги партия президент Клаус Йоханнисти коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп келгени айтылып жүргөн прокурор Лаура Кьовешини кызматтан бошотууга мажбурлаган. Бул жагдай да өкмөткө сынды күчөттү.

Себеби, Кьовеши соңку беш жылда жемкорлукка жол берди деген ондогон министрлерди, депутаттарды түрмөгө салган. Ал кызматтан кетип жатып, коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырган:

Лаура Кьовеши.

- Азыркы саясий багыт натыйжалуу сот системасын түзүүгө эмес, ага бөгөт коюуга багытталганы айдан ачык көрүнүп турат. Менин румын коому менен жарандарына бир билдирүүм бар. Коррупцияны жеңсе болот! Артка чегинбегиле!

Виорика Дэнчилэ башында турган өкмөт демонстранттардын талаптарын жана өз дарегине айтылган сындарды четке кагып келет. Митингчилерге саясий жетекчилердин ичинен президент Йоханнис гана жан тартып, өкмөттү коррупцияга каршы күрөштү алсыратты деп айыптап жатат.

Буга чейин Европа комиссиясы жана АКШнын Мамлекеттик департаменти да румын өкмөтүнүн сот системасын өзгөртүү боюнча сунушун "мыйзам үстөмдүгүнө шек келтирет"деп сындаган.

Румыния Евробиримдиктин курамындагы жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө орточо айлык акы 600 долларга жетпейт.

Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрүнүн арасында Румынияда Венгрия менен Польшада да байкалгандай демократиялык институттардын абалы үчүн кооптонуулар барган сайын көбүрөөк айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.