Трансфэгэраш: СССРден корккон Румыния дүйнөдөгү эң кооптуу жолду салган

1968-жылы августта советтик танктар Чехословакияга киргенден бир нече саат өткөндөн кийин Румыниянын коммунисттик диктатору Николае Чаушеску Бухаресттин борборунда миңдеген элдин алдында туруп, басып алууну айыптаган. Ал "Прага жазын" күч менен басуу "Европадагы тынчтыкка жана дүйнөлүк социализмдин өнүгүшүнө олуттуу коркунуч келтирет" деп билдирген.

Николае Чаушеску (ортодо оңдо) 1968-жылы 21-августта Чехословакияга Советтер Союзу кол салгандан бир нече саат өткөндөн кийин Бухарестте чогулгандардын алдында чыгып сүйлөөгө даярданууда.

Кремлге мындай чакырык Румыниянын көз карандысыздыгын тайманбай көрсөтүүсү катары бааланган. Бирок бул кооптуу болчу. Совет өкмөтү Чехословакияны басып киргенден кийинки жумаларда Чаушеску эгер Кремлдин аскердик стратегдери анын өлкөсүнө жазалоочу чабуул жасоону караштырса, ал кандай болорун элестеткен сценарийлерди ойлоно баштагат.

Фэгэраш тоолору Румыниянын түштүгү менен өлкөнүн Трансильвания чөлкөмүнүн ортосун тосуп турат.

Совет армиясынын кара жердеги чабуулу СССРдин түндүк ыптасынан, Румыния менен чек ара тараптан күтүлгөн. Ошондуктан Чаушеску Румыниянын эл жыш отурукташкан түштүгүн Трансильвания чөлкөмү менен бөлүп турган Фэгэраш тоолору аркылуу өткөн жол салуу зарылдыгын түшүнгөн.

Трансфэгэраш жолугуг картасы

Бул жол советтик армия кол салса 2000 техникасы бар танкка каршы дивиязияны түндүккө, тоолор менен курчалган Трансильвания аймагына 24 сааттын ичинде жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептелген.

Ошентип, Трансфэгэраш жолун салуу идеясы пайда болгон.

1971-жылы жайында Трансфэгэраш курулушундагы жумушчулар.

Румын армиясынын отставкадагы полковниги Ион Брату Трансфэгэраш жолунун курулушуна негизинен совет бийлигинин Чехословакияга кол салуусу түрткү бергенин "Азаттыкка" ырастады. Полковник азыр 76 жашта. Ал дээрлик жарым кылым мурун Фагэрэш тоолорунда турган 175 жоокери бар бригаданы жетектеген.

Отставкадагы полковник Ион Брату.

Бул жолду салуу эбегейсиз чоң иш болгон. Фагэрэш тоолору - Румыниянын Түштүк Карпат тоолорундагы эң бийик кырка. Анын чокулары ойдуң жерлерден 2500 метрден жогору турат. "Жол куруу оңой болгон эмес, - деп эскерет Брату. - Суук жана аба ырайынын заматта өзгөрүшү башкы тоскоолдук болду."

Ал чөлкөмдө "жапайы жаныбарлар, айрыкча аюу жана карышкырлар" бар эле. Жол курган жаш жоокерлер алыскы, ээн тоолордун арасында жашоого аргасыз болушкан.

"Жекшембиде мен жигиттердин аялдарын же сүйлөшкөн кыздарын көрчүмүн. Алар кучакташып, өбүшүп, чогуу ыйлаган учурлар болчу", - деп эскерет полковник.

Бирок жумушчуларга жакшы айлык маяна төлөнгөн. "Трансфэгэрашта иштегендердин баарына - жоокерлерден генералга чейин, техниктерден изилдөөчүлөргө чейин жакшы айлык берилген. Кээ бир жумушчулар ошол кездеги орточо айлык акыдан беш эсе көп алышкан".

1971-жылы Трансфэгэраштагы курулуш учурунда тартылган сүрөт.

Жол куруу милдети негизинен жаш жоокерлерге жүктөлгөн, ал эми тоодогу туннелдерди жардыруу үчүн шахтерлор тартылган.

1970-жылдан 1974-жылга чейинки курулушта каза болгондордун саны тууралуу талаш пикирлер бар. Расмий маалыматтарда 40 киши каза болгону айтылса, бейрасмий эсептерде бул сандан кыйла көп экени белгиленип жүрөт. 1970-жылы июлда болгон бир кырсыкта жети жоокер бороон-чапкында таш кулап, суу киргенде набыт болгон.

Мурдагы жоокер эскерүүсүңдө иштин оор болгонун, шашылыш жүргөнүн, ошол кезде тоодон кулаган таш бульдозерди "чымынды тепсегендей" эле басып калганын айтып берди. Кийин ал ташты жардырганда бульдозердин калганы жерди оюп кирип кеткендиктен, жумушчулар оюкту толтуруп, көмүп салышкан. Көмүлгөн техника "дагы эле ошол жерде турат" дейт мурдагы жоокер.

Николае менен Елена Чаушеску 1974-жылы 20-сентябрда Трансфэгэраштын расмий ачылышына катышкан. Ал иш-чарада "Биздин коомдун саясий күчү болгон Коммунисттик партия жашасын!" деп жазылган ураан илинип турган.

Чаушеску 1971-жылы жолду көргөнү барганда тоо туризмин өнүктүрүү үчүн шагыл төшөлгөн жерди эки тилкелүү жолго айландырууну буйруган.

"Мындай чечим Чаушескуга мүнөздүү болгон", - деп эскерет журналист Лавиния Бетеа 2015-жылы румыниялык документалдык тасманы тарткан топ менен маектешкенде.

"Иш учурунда же алдыдагы долбоорлордо ал инженер-дизайнерлердин сунуштарына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизген. Анан адистер ал өзгөртүүлөрдү ишке ашыруунун жолун издеп убара тарткан", - деп кошумчалаган ал журналист.

Трансфэгэраш жолунун 1974-жылы сентябрда ачылгандан кийинки сүрөтү.

Жолдун расмий түрдө ачылышы 1974-жылы 20-сентябрда өткөн. Бирок аны куруу иштери дагы бир нече жылга созулган.

Бул жол булут аралаган бийиктикте болгондуктан, күздөн тарта жайдын башына чейин жабылат. Бирок жылуу мезгилде туристтер абдан көп каттаган маршрутка айланды.

Жолдун атагын 2009-жылы ушул жерде тартылган телекөрсөтүү да чыгарган. Ошол жылы ноябрь айында 6,7 млн британдар Top Gear автошоусун көрүшкөн. Трансфэгэрашты айланып, үч машине жарышка түшкөн.

Шоу туу чокусуна жеткен маалда анын алып баруучусу Жереми Кларксон: "Бул дүйнөдөгү эң мыкты жол", - деп жар салган.

1970-жылдары Трансфэгэраштагы жапайы аюу менен сүрөткө түшкөн туристтер.

Жолду курган солдаттар менен жумушчулар тууралуу аскер журналисти мындай эскерет: "Алар чындап шыктанып иштешкен. Аскерлер коммунизмге же Чаушескиге берилгендиги үчүн эмес, бул иш маанилүү долбоордун бир бөлүгү болуп жатканын түшүнүп, шыктанышкан".

Трансфэгэраштагы унаалар. 2022-жыл, август айы.

Полковник Брату үчүн тоодогу ошол түйшүктүү жылдар - баа жеткис эскерүү. Ал жолдун курулушу "кызыктуу турмуштук тажрыйба" болгонун айтып, "жаштык жана жигер кандай кыйынчылык болсо да жеңерин» кошумчалады.

Авторлор: Амос Чапл, Цезарь Амарией
Которгон: Айгерим Акылбекова