Рохинжа мусулмандарынын көйгөйү саммитте каралды

Мьянмадагы куралдуу кагылыштан Бангладешке агылган рохинжа мусулмандарынын саны 600 миңден ашты.

Мьянмадан Бангладешке агылган жүз миңдеген рохинжа мусулмандарынын маселеси АСЕАН саммиттинде көтөрүлдү. Филиппинде өткөн саммитте Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш көйгөйдү аймактагы туруксуздуктун очогу деп атады. Ал эми Канада өкмөтү болсо рохинжа мусулмандарына жардам сунуш кылды.

65 жаштагы Нур Жахан Мьянамадан алты тууганы менен бирге үй-жайын таштап качып чыгууга аргасыз болгон. Жөө, ачка, суу кечип, токой аралап отуруп алар Бангладешке бир нече күндө араң жетишкен.

"Аскерлер үйлөрүбүздү өрттөп, адамдарды өлтүрүп киришти. Биз чыдабай калдык", - дейт ал көзүнө жаш алып.

Нур Жахан үйүнө кайткысы келбейт. "Бул тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес" дейт ал.

Нур Жахан - 25-августтан бери Бангладештин Кокс-Базар аймагына журт которууга аргасыз болгон жүз миңдеген рохинжа мусулмандарынын бири. Күтүүсүздөн качкындардын чоң агымына туш болгон Бангладеш бул маселени чечиш үчүн рохинжаларды кайра Мьянмага кайтаруу чараларын караштырып жатат. Бул тууралуу Бангладештин тышкы иштер министри Шахидулла Хака билдирди. Анын айтымында, качкындарды кайтаруу процесси декабрда башталышы мүмкүн.

Рохинжа мусулмандарынын маселеси Филлипиндин баш калаасы Манилада өткөн Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттердин башчыларынын саммиттинде (АСЕАН) да көтөрүлдү. Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш 14-ноябрда саммитте сүйлөгөн сөзүндө бул маселе жалпы аймактагы туруксуздук менен радикалдашуу булагына айланарын айтып тынчсызданды:

- Мьянмадан Бангладешке агылган жүз миңдеген качкындардын акыбалы боюнча терең тынчсыздануумду жашыра албайм. Бул узакка созулган трагедия аймактагы бейстабилдүүлүктүн жана радикализациянын болжолдуу булагы.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш.

​Ушул эле күнү Мьянманын өкмөттүк армиясы атайын баяндама жарыялап, коопсуздук күчтөрүнүн дарегине айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Август айында Мьянмадагы өкмөттүк аскерлер жана рохинжа-согушкерлери кагылышып, 400 киши мерт болгон. Алардын арасында карапайым тургундар да бар.
Мындан соң рохинжа мусулмандарынын жоон тобу чек аралаш Бангладешке баш калка издеп качууга аргасыз болгон.

Эл аралык укук коргоочулар кандуу окуяны сынга алышкан. Эл аралык Мунапыс уюму рохинжаларга каршы зомбулукту "этностук тазалоо" деп мүнөздөгөн.


Рохинжа мусулмандарынын көйгөйүн Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да көтөрүп, Канада бул кризисти чечүүгө жардам көрсөтүүгө дилгир экенин билдирди.

- Мьянмадагы Ракхайн штатында болгон окуяларга байланыштуу ал аймак боюнча атайын өкүлүмдү дайындадым. Ага дипломатиялык аракеттер менен Канада мусулман азчылыгына жардам көрсөтө ала турган жолдорду аныктоону тапшырдым. Канада АСЕАНдын кризисти адилеттүү жөнгө салуу боюнча гуманитардык жана саясий аракеттерин колдоону улантат. Биз ошондой эле качкындарды кайтаруудагы коопсуздукту камсыздоо боюнча Мьянма менен Бангладештин өкмөттөрү менен иштөөнү улантабыз.

Маниладагы саммитке катышкан өлкө лидерлери.

Саммиттин алкагында болгон бир катар талкуулардан кийин Мьянманын бийлиги өлкө аймагына рохинжа мусулмандарына багытталган эл аралык гуманитардык жардамды киргизүүгө макул болду.

Андан тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Мьянмага 15-ноябрда бараары маалымдалды. Ал өлкөнүн жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугуп, Ракхайн штатындагы гуманитардык кризисти талкууламакчы.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, август айынын соңунан бери Бангладешке оогон рохинжалардын саны 600 миңден ашты. Муну дүйнөлүк уюмдун Качкындар агенттиги ырастап, эл аралык коомчулукту бул көйгөйгө көңүл бурууга үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.