Робот Марста кычкылтек өндүрдү

"Perseverance" көлүк-роботунун камерасы тарткан сүрөт, Марс, 2021-жылдын март айы.

НАСАнын "Perseverance" көлүк-роботу Марс планетасында биринчи жолу көмүр кычкыл газын кычкылтекке айлантты. Адам дем алган газдын башка планетада өндүрүлүшү келечекте "Кызыл планетага" адамдарды жөнөтүүгө шарт түзмөкчү. Буга чейин көлүк-роботтун тик учагы Марста алгач ирет асманга көтөрүлгөн.

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө администрациясынын (НАСА) "Perseverance" ("Персеверанс") өзү жүрүүчү көлүк-роботу Марстын Йезеро кратерине конгондон бери Жерге сүрөттөрдү гана жөнөтпөстөн, тарыхта кала турган кеминде эки миссияны ишке ашырды.

20-апрелде алты дөңгөлөктүү көлүк-роботко бекитилген, 4-5 литрлик канистрдын көлөмүндөй MOXIE (Mars Oxygen In-Situ Resource Utilization Experiment") аппараты көмүр кычкыл газынан (CO2) 5 грамм кычкылтек (O2) чыгарды. Мынча кычкылтек бир космонавтка 10 мүнөт дем алууга жетет.

Элестүү айтканда, MOXIE Жер планетасындагы өсүмдүктөрдүн көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтек чыгаруусун шарттаган фотосинтез процессине окшош көрүнүштү Марста кайталады. Болгону анын кычкылтек чыгаруу технологиясы бак-дарактардыкынан толугу менен айырмаланып турат.

"Кызыл планетанын" атмосферасынын 95% көмүр кычкыл газынан, калганы көбүнесе молекулярдык азот жана аргон газынан турат. Өз кезегинде көмүр кычкыл газы 1 көмүртек атомунан (C) жана 2 кычкылтек атомунан куралат.

Дагы караңыз Эрдоган: 2023-жылы Айга конобуз


MOXIE аппараты көмүр кычкыл газын алып, аны 800 Цельсий градуска чейин ысытты. Натыйжада кычкылтекти өзүнчө бөлүп алып, көмүртек моноксидин Марстын атмосферасына чыгарып жиберди.

Бул башка планетанын шартында адамга керектүү жаратылыш ресурсу өндүрүлгөн биринчи эксперимент болуп калды.

"Марста көмүр кычкыл газын кычкылтекке айландыруу абдан маанилүү кадам болуп калды. MOXIE дагы көп ишти аткарышы керек. Бирок кайсы бир күнү Марска адамдарды жөнөтүүнү көздөп турган шартта бул технологиянын иштеп кеткени чоң үмүт жаратат. Кычкылтык бизге дем алуу үчүн гана керек эмес. Бул газ болочокто Марска баруучу астронавттардын кайра "Кызыл планетадан" ракетасы менен Жерге учуп келиши үчүн отунду күйгүзүүгө да керек болот", - деп билдирди НАСАнын Космос технологиялары боюнча башкармалыгынын жардамчы администратору Жим Ройтер.

"Perseverance" робот машинасынын кычкылтек чыгаруучу "МOXIE" аттуу жабдыгы.

"Perseverance" көлүк-роботунун бул жабдыгы бир саатта 10 грамм кычкылтек чыгарууга ылайыкташкан. Көмүр кычкыл газын ысытуу маалында машинага зыян келбеши үчүн MOXIE аппараты ысыкка чыдамдуу материалдардан жасалган.

20-апрелдеги сыноо "Perseverance" Марска конгондо кычкылтек аппаратына эч кандай зыян келбегенин көрсөттү. Бул жабдык Жер планетасынын дээрлик эки жылына тете Марстын бир жылында кеминде тогуз жолу кычкылтек чыгарууга аракет кылмакчы.

Марста асманга көтөрүлгөн биринчи дрон

MOXIE жабдыгынын ийгиликтүү экспериментинен бир күн мурда көлүк-робот менен кошо жөнөтүлгөн чакан тик учак Марста алгачкы жолу асманга көтөрүлгөн. "Ingenuity" деп аталган бул дрон 19-апрелде Марстын бетинен 3 метрге чейин көтөрүлүп, 39 секунддан кийин кайра конгон.

Натыйжада "Ingenuity" адамзат тарыхындагы башка планетадан уча алган биринчи учуучу аппарат болуп калды. Көлүк-робот тик учактын Марстын бетинен көтөрүлгөнүн көрсөткөн видео, сүрөттөрдү Жерге жөнөттү.

"Биринчи максат - бул дрондун Марска уча аларын аныктоо үчүн Жерде эксперимент өткөрүү болчу. Аны кылдык. Экинчи милдет, аны Марстын бетинен учуруш керек эле. Аны да кылдык. Биринчи жолу "биз кыла алдык" деп айтып жатам. Үчүнчү максат - андан маалыматты алуу болчу. Бул маалымат инженерлерге болочокто Марска уча алган башка дрондорду жасап чыгууга жардам берет. Биз аны да кылдык", - деп билдирген "Ingenuity" долбоорунун жетекчиси Ми Ми Ан.

"Perseverance" жана анын тик учагы.

Окумуштуулар "Кызыл планетанын" атмосферасын "абдан жука" деп мүнөздөшөт. Анын тыгыздыгы Жер планетасындагы атмосферанын тыгыздыгынын 1 пайызына гана барабар.

Жерде учактар же тик учактардын асманга жеңилирээк көтөрүлүшүнө абанын тыгыз болушу жардам берет. Марста атмосферанын жука болушу тескерисинче учуучу аппараттардын күүлөнүшүнө кедергисин тийгизет. Андыктан "Ingenuity" дронунун бычактары Жердегиге караганда бир нече эсе тезирээк айлангыдай кылып жасалган. Ошондой эле салмагы да болушунча азайтылып, 2 килограммды түздү.

НАСА бул тик учакты бара-бара Марстын бетинен дагы өйдөрөөк көтөрүп, "Кызыл планетанын" көлүк-робот көрө албаган аймактарын асмандан изилдөөнү көздөйт.

"Кызыл планетага" жетүү кыялы

Учурдагы технологиялар астронавттарды Марстын бетине кондурууга мүмкүнчүлүк бергени менен аларды кайра Жерге алып келе албай жатат. НАСА билдиргендей, болочокто Марска баруучу космостук кемелер Жерге кайтып келиши үчүн өтө көп көлөмдөгү кычкылтекке муктаж. Мисалы төрт астронавттан турган экипаж "Кызыл планетадан" космоско учуп чыгышы үчүн 7 тоннадай отун жана аны күйгүзүү үчүн 25 тоннадай кычкылтек керек.

Ал эми космонавттардын өзүнө дем алуу үчүн өтө көп деле кычкылтек кетпейт. Мисалы, Марстын бетинде жашай турган төрт астронавтка бир жылда бир тоннадай кычкылтек жетиши мүмкүн.

Ошондуктан учурда америкалык окумуштуулар Жерден Марска көп көлөмдөгү суюк кычкылтекти жүктөп баргыча, бул газды "Кызыл планетанын" өзүндө өндүрүүнү көздөп турушат. Бирок ал үчүн MOXIE эмес, андан кыйла кубаттуу жана чоң аппараттарды жасап чыгуу зарыл.

"Perseverance" Марстын бетине конуп бараткан учур.

Мындан тышкары Марстын толук изилденбегени адамдарды бул планетага жөнөтүүгө бөгөт болгон дагы бир жагдай. Себеби Марска "Perseverance" сыяктуу көлүк-роботтор жөнөтүлүп, алар "Кызыл планетада" үлгүлөрдү топтоп жүргөнү менен, аларды Жерге жеткире албай жатат.

"Биз Марстан кайтып келе албай жатабыз. Эми ошол үлгүлөрдү алып келүү - биздин кийинки кадамыбыз болот. Эгер аларды Жерге жеткире алсак, анда адамдарды Марстан алып келүүчү технологияны иштеп чыгууга да жол ачылмак", - деп билдирген эле февраль айында "Perseverance" долбоорунун жетекчисинин орун басары Женнифер Троспер.

НАСА "Perseverance" көлүк-роботун былтыр июль айынын соңунда Марска жөнөткөн. Атайын космостук кеме "Кызыл планетага" жети ай дегенде жетип, робот машина 18-февралда Марстын бетине ийгиликтүү конгон.

Бул робот "Кызыл планетадагы" жашоого мүмкүн болгон белгилерди тапканга аракет кылары, анализге керектүү топурак үлгүлөрүн топтору белгиленген.

АКШдан тышкары Кытай, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу бир нече өлкө Марсты изилдөөгө, Күн системасындагы Жерге эң жакын бул планетага космостук аппараттарын жөнөтүүгө аракет кылып келет.