НАСАнын Марстагы “Инженүити” чакан тик учагы, Марска багытталган кытайлык кеме, Эл аралык космос бекетиндеги экспедиция курамынын апрелдеги алмашуусу; адамзат космоско учууну жүзөгө ашырган эл аралык күн, жана башка соңку космостук кабарлар топтому. 06.4.2021.
АКШнын НАСА (NASA) космос агенттиги Марс планетасынын кыртышына «Инженүити» («Ingenuity” – «Ойлоп тапкычтык») деп аталган чакан тик учакты жайгаштырды.
Бул тик учак НАСА агенттиги быйыл февраль айында Марс планетасына кондурган «Perseverance» («Персевиренс» – «Дилгирлик») марсжүргүсүнө орнотулган болчу.
АКШнын бул космос агенттиги «Твиттердеги» баракчасына алиги марсжүргү өзүндөгү кичинекей тик учакты Кызыл планетанын кыртышына түшүргөндүгү тууралуу маалымат жарыялады. Эми тик учак алгачкы жолу өз алдынча учуп чыгууга даярдалууда.
Өзгөчө жеңил болгон бул тик учак 18-февралда Марска конгон «Персевиренс» марсжүргүсүнүн түбүнө бекитилген бойдон жеткирилген болчу.
«Твиттердеги» сүрөттө марсжүргү Марс кыртышына чакан тик учакты түшүргөн соң, бул кичинекей тик учактан жана анын «аба майданынан» узап кетип бара жаткандагы изи чагылдырылган.
Буга чейин “Инженүити” чакан тик учагы марсжүргүнүн электр жабдуу тармагы менен иштеп келген. Эми ал Марстагы суук түндөрдө өзүндөгү электрдик тетиктер тоңуп калбашы жана жабдууда сууктун айынан жарака кетпеши үчүн керектүү жылыткычты өз алдынча иштетүүсү керек жана бул үчүн ал өзүндөгү электр кубатынын чакан кампасын колдонууга тийиш болот.
Марстагы орточо температура Цельсий көрсөткүчү боюнча болжол менен минус 60 даража (-60 °C). Мындагы басым Жердеги басымдын көрсөткүчтөрүнүн 1 пайызынан ашпайт. Марстын атмосферасы радиациялык нурдануудан дээрлик коргобойт жана анын абасында кычкылтек өтө аз көлөмдө учурайт.
Дал ошондуктан марсжүргүлөр жана тик учактар сыяктуу аспаптар азыркы тапта бул планетаны жакындан иликтөөдөгү эң башкы каражат болуп саналат.
АКШдан башка мамлекеттер да Марска умтулуп келишет
Былтыр (2020-жылы) июлда Кызыл планетага үч башка атаандаш автоматташкан кемелер аттанган. АКШдан башка Бириккен Арап Эмирликтери жана Кытай да өз кемелерин жөнөтүшкөн.
2020-жылы 23-июлда учурулган кытайлык космос кемесинин «Тянвэн-1» («Көккө, б.а. асманга карата суроолор») деген аты көөнө ханзу поэмасынын аталышынан алынган. Быйыл февраль жана март айларында «Тянвэн-1» Марстын түндүк уюлунан жиберген кызыктуу сүрөттөр шардана кылынды.
Бул сүрөттөрдү кытайлык космос кемеси Марстын кыртышынан 340 чакырым бийиктиктен тартып алды (салыштырсак, азыркы тапта Жердин орбитасында айланган Эл аралык космос бекети Жердин кыртышынан болжол менен 400 чакырым бийиктикте жайгашкан).
«Тянвэн-1» кемеси быйыл майдын соңунда же июнда Марстын «Утопия» аттуу чөлкөмүндө марсжүргү кондурушу күтүлүүдө.
Өткөн кылымдын соңунан бери башка өлкөлөр да, – маселен, мурдагы Советтер Биримдиги, ошондой эле Жапония, Индия, Израил жана бир катар европалык мамлекеттер да, – Марска же анын орбитасына өздөрүнүн автоматтык башкарылган кемелерин жиберген өлкөлөрдүн арасында болду.
1960-жылы октябрда СССР дүйнөдө алгачкы жолу Марска кеме учурган. Андан бери дүйнө өлкөлөрү Кызыл планетаны карай кишиси жок 46 кеме учурушту. Алардын 19у гана тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды.
Ушул он жылдыкта Марска киши баласы жетиши ыктымал
АКШдагы жеке менчик “Спейс-Икс” ("SpaceX") компаниясы Марска киши жиберүү тууралуу долбоор жөнүндө кыялданып чектелбестен, аны жүзөгө ашыруунун техникалык жаатын да иликтөөдө.
2021-жылы 1-декабрда бул компаниянын негиздөөчүсү жана аткаруучу деректири Илон Маск өз компаниясы 2026-жылы кишилерди Марска жеткирүүгө өзгөчө ишенип турганын айтып, “эгерде удул келчү болсо”, анда 2024-жылы деле бул мүдөө жүзөгө ашырылышы ажеп эместигин кошумчалаган.
Маск мырза кишиси жок кемени Марска эки жыл ичинде жөнөтөбүз го деген жоромолун да айтты.
Мында бутага карата эки жылдык аралык жөн гана айтылган жок: Жер жана Марс планеталары ар бир 26 айда бир жолу бири-бирине ыңгайлуу тогошуп, планеталар аралык учууларга ыңгайлуулук жаратып турат).
Арийне, планеталар аралык учууга камылгалар алкагында бул компания учурган төртүнчү ракета (SN11) быйыл 30-мартта жарылууга дуушарланды. Бул тууралуу Илон Маск өзү “Твиттердеги” барагында тастыктады жана “Жок дегенде кратер (жарылуудан кийинки чуңкур) керектүү жерде (орун алды)”, – деп жазды.
Бирок бул майнапсыз аяктаган сынактар компания үчүн кезектеги өндүрүштүк көйгөй катары гана каралууда.
Жакынкы орбитадагы иш-аракеттер да кызуу жүрүүдө
Эл аралык космос бекетинин “Твиттердеги” баракчасында 5-апрелдеги жарыяда бул бекеттегилер космонавттардын (астронавттардын) жана жүк ташуу кемелеринин жаңы тобун кабыл алуу үчүн камылга жүрүп жатканын маалымдалды.
“НАСА сыналгы каналы учурда ободо түз чагылдырууда. НАСА астронавттары бекетке убактылуу жалгашкан “Крю Драгон Ресилиенс” жеке менчик кемеси аркылуу космостук бекетти айланып чыгышмакчы. Алар ушул жайда жаңы космостук кемелердин келип жалгашуусу үчүн даярдоо максатында кеменин бекеттеги ордун алмаштырууда”, – деп Эл аралык космос бекетинин жамааты жазды.
“Крю Драгон” (“Crew Dragon” – “Экипаждык ажыдаар”) – бул “Спейс-Икс” компаниясынын 7 кишиге чейинки сандагы астронавттарды ташый ала турган космостук кеме системасы; азыркы тапта анын Эл аралык космос бекетине жалгашып турган өрнөгү “Ресилиенс” (“Resilience” – “Туруктуулук” же “Ийкемдүүлүк”) деп аталган.
Орусиянын “Роскосмос” мамлекеттик космос агенттиги Казакстандагы Байкоңур космос майданында «Союз МС-18» кемеси орбитага учууга уруксат алгандыгын кабардады.
5-апрелде «Союз-2.1а» ракетасы учууга толук даяр болгондугун "Роскосмос” тастыктады. Эми «Союз-2.1а» ракетасы 9-апрелде «Союз МС-18» кемесин орбитага алып чыгат.
«Союз МС-18» кемеси Эл аралык космос бекетине узак мөөнөттүк экспедициянын жаңы тобун жеткирмекчи.
Негизги экипаждын курамында “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров, ошондой эле НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) бар. (Буларды сак-сактап даяр турган кошумча экипажда “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Антон Шкаплеров менен Олег Артемьев жана америкалык НАСА агенттигинин астронавты Энн Макклейн бар).
«Союз МС-18» кемеси туңгуч космонавт Юрий Алексеевич Гагариндин ысымын алган. Ал мындан 60 жыл илгери, 1961-жылы 12-апрелде, космос мейкиндигине алгачкы учууну ийгиликтүү жүзөгө ашырган советтик космонавт болгон.
Ал эми 2021-жылы 22-апрелде башка төрт астронавт – Роберт Шейн Кимбро (командир), Меган МакАртур, француз Тома Песке (французча Thomas Pesquet) жана жапон Акихико Хошиде “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 2-экипажы катары космоско учурулат.
Алар “SpaceX” компаниясынын “Crew Dragon Endeavour” (мында “эндевор” сөзү “умтулуу” дегенди туюнтат) кемеси менен келип, эл аралык космостук бекетке жалгашат. Бул топ орусиялык космос бекети менен арган кесиптештери менен чогуу Эл аралык космос бекетинде узак мөөөнөттүк 65-экспедициянын мүчөлөрү катары иштей баштамакчы.
Буга чейин иштеп жаткан “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын жамааты (Виктор Гловер, Соити Ногути, Шеннон Уокер жана Майкл Хопкинс) Жерге кайтып келишет.
НАСА жана Роскосмос кызматташтыгы улантылат
Орусиянын өкмөтү АКШ менен космостук кызматташтык келишимин 2030-жылга чейин узартты. Бул кызматташтык – Москва менен Вашингтондун ортосундагы карым-катнаштыктын алигиче сакталып калган азганактай өрнөктөрүнүн бири.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 3-апрелде космостук кызматташтык келишиминин узартылышын жактырып, кол койгонун Москва шардана кылды.
Алгачкы космостук кызматташуу келишими 1992-жылы түзүлүп, төрт жолу узартылып келди. Бул келишим эки өлкөнүн космостук агенттиктери НАСА менен Роскосмостун ортосундагы кеңири өлчөмдөгү космостук долбоорлорду жана изилдөөлөрдү үзүрдүү жүзөгө ашыруу кызматташтыгынын пайдубалы болуп берди.
Бул иш-аракеттерге, маселен, Эл аралык космос бекетиндеги биргелешкен ырааттуу ишмердик кирет. Келишимдин алкагында Эл аралык космос бекетине астронавттарды жана өндүрүштүк заттар менен жабдууларды жеткирүү жана бекеттен кайра Жерге астронавттар менен жабдууларды ташуу боюнча Орусия зор салым кошуп келди.
Космос жаатындагы эки тараптуу кызматташуу АКШ Орусияга каршы анын 2014-жылы жазында Украинанын Крым жарым аралын каратып алгандыгы үчүн чектөөлөрдү киргизген учурда дагы улантыла берди.
Киши баласы космоско учууну жүзөгө ашырган эл аралык күн
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин (09.3.1934 – 27.3.1968) советтик «Восток-1» космос кемеси менен 106 мүнөттүн ичинде орбитаны бир ирет айланып, аман-эсен жерге конгон. Ал оболу Казакстандагы “Байкоңур” космос майданынан Москва убакыты боюнча таңкы 09:07де учуп чыккан. Орбитада жүргөндө ал өзүнүн алган таасирлери тууралуу үн тасмага сүйлөгөн, тамак жеген, суусундук ичкен, айтор, өндүрүштүк жеңил сыноолорду жүргүзгөн.
Юрий Гагарин атмосферага сүңгүп кирген кемеден катапульт ыкмасы аркылуу бөлүнүп чыгып, парашют менен жерге конгон. Ошентип, 106-мүнөттөн соң, саат 10:53тө дүйнөдөгү туңгуч космонавт учуусун аяктаган.
Ал Сталинграддан 110 чакырым алысыраакта жерге конууга тийиш болчу, бирок Саратов облусундагы Энгельс шаарына жакын Смеловка жана Подгорное кыштактарынын ортосунда, Волга (Эдил) дарыясынын жээгинен 1,5 – 2 чакырымдай алысыраакта жерге конгон. (2011-жылы гана жашыруун сыр ачыкка чыгып, Гагарин 108 мүнөт эмес, 106 мүнөт учкандыгы Орусияда расмий тастыкталган).
Он жыл мурда, 2011-жылы, советтик космонавт Юрий Гагариндин космоско учкандыгынын 50 жылдык мааракесинин ирегесинде БУУнун Башкы жыйыны 12-апрелди “Адамзаттын космоско учуу күнү” (International Day of Human Space Flight) деп жарыялаган.
БУУнун 2011-жылдын 7-апрелиндеги A/RES/65/271 номурлуу токтомунда: "1961-жылы 12-апрелде космоско адамзаттын туңгуч ирет учуусу жүзөгө ашырылган, аны СССРдин Орусияда төрөлгөн жараны Юрий Гагарин аткарган", – деп айтылган.
1963-жылдан тартып мурдагы СССРде, андан кийин КМШнын бир катар өлкөлөрүндө 12-апрель “Космонавтика күнү” катары белгиленип келет.
АКШда болсо 2001-жылы, Юрий Гагариндин космоско учкандыгынын 40 жылдык мааракесине карата, 12-апрелди “Юрий түнү” деп аташкан. Эл аралык деңгээлде майрамдалган бул иш-чараны “Дүйнөлүк космос кечеси” деп да коюшат.
Дал ушул 12-апрелде, 1981-жылы, б.а. Гагарин учкандан 20 жылдан кийин, НАСА “Космос унаа системасы” (STS-1) программасынын алкагында өзүнүн алгачкы космостук чөлмөк кемеси болгон “Колумбия” кемесин орбитага учурган болчу.
Анын 2 кишилик экипажынын командири – Жон Уоттс Янг (John Watts Young; 1930 – 2018) жана учкучу – Роберт Лорел Криппен (Robert Laurel Crippen; 1937-ж. туулган) болчу. Кеме 10-апрелде учмак, бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам гана 2 күнгө кечиккен. Ал орбитада 2 күн 6 саат болгон.
Кыргызстандык туңгуч космонавт – Салижан Шарипов мырза. Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген.
Космосто жаңырган алгачкы кыргызча обондуу ыр – "Жылдыздуу жердешим" ыры Эл аралык космос бекетинде 2005-жылдын 12-апрелинде жаңырган.
Космонавтика күнүнө карата кыргызстандык космонавтка белек катары ыр арноо демилгесин Гүлнара Тойгонбаева көтөргөн. Анын "Азаттыкка" айтымында, ырдын обонун ал курбусу Жамила Муратова экөө, ал эми сөзүн Кыялбек Урманбетов жаратышкан.
"Биз үчүн бул чындыгында эле маанилүү окуя болду. Салижан (Шарипов) мага жолукканда буларды айтты: “Мен Жерди терезеден карап, ушул ырды угуп жаттым. Бул таасир жана эмоцияларды мен эч качан унутпайм”. Космосто жүргөн жердешибиз Салижан Шарипов абдан сүйүнгөнүн жашырган жок", – деп ырчы Тойгонбаева "Азаттыкка" маек курган маалында шыктанып айткан.
Кыргызстандыктар Юрий Гагарин Тамга айылына, Жети-Өгүзгө эс алууга келгенин саймедирлеп айтып келишет.
Эгерде Гагарин бүгүн тирүү болсо, балким, ал “кансыз согуш” аяктаган доордогу космосту иликтөөдөгү эл аралык кызматташтыкты кош колдоп чыкмактыр?..