Россиялык укук коргоочулар Сахаров атындагы сыйлыкты алышты

"Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлдөрү Европарламенттин Сахаров атындагы сыйлыгын тапшыруу салтанатында, Страсбург, 16-декабрь 2009-жыл

16-декабрда Европа парламенти советтик окумуштуу, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты россиялык “Мемориал” укук коргоо борборуна тапшырды. “Эркин ой-жүгүртүү үчүн” сыйлык адам укуктарын жана эркиндиктерди коргоо чөйрөсүндө иш алып барган адамдарга же уюмдарга ыйгарылып келет.
“Мемориал” бейөкмөт уюму постсоветтик өлкөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышына байкоо салат.

Европа парламенти сыйлыкты тапшыруу салтанатында уюмдун негиздөөчүсү Сергей Ковалев, директору Олег Орлов жана изилдөөчү Людмила Алексееванын иш-аракеттерин өзгөчө белгиледи.

Парламенттин төрагасы Йержи Бузек сыйлык Россиядагы калган укук коргоочулардын аракеттерин да жогору баалоо болуп саналаарын айтты:

- Европа парламенти бул сыйлык менен адам укуктары үчүн күрөшүп жаткан адамдарга, бул күрөштө өмүрүнөн ажыраган эр жүрөк адамдарга таазим этет. Наталия Эстемирова бүгүн биздин арабызда болмок.

“Мемориалдын” Чеченстандагы өкүлү Эстемированы быйыл 15-июлда белгисиз бирөөлөр Грозныйдагы үйүнөн уурдап кетип, ошол эле күнү кечинде анын сөөгү кошуна Ингушетияда табылган.

Ковалев сыйлыкты алып жатып, Россиядагы укук коргоочулардын коопту шарттарда иштеп жатышканына басым жасады:

- Бул сыйлык биринчи кезекте “Мемориалдын” кызматкери, быйыл Чеченстанда өлтүрүлгөн Наталья Эстемировага таандык. Мен андан ары Москвада киши колдуу болгон адвокат Станислав Маркелов, журналисттер Анна Политковская жана Анастасия Бобурованы, Санкт-Петербургда ок жеп каза тапкан этнолог Николай Гиренкону, Дагестанда өлтүрүп кетишкен Фарида Бабаеваны жана башкаларды атай кетет элем.

Эстемированын өлүмүнөн кийин уюм Чеченстандагы ишмердүүлүгүн токтоткон. “Мемориалдын” директору Орлов жумурияттагы иш кайра жандандырылат деп ишендирди. Ал Европарламентке россиялык жарандык уюмдардын бир нече маселе боюнча кайрылуусун тапшырды. Орлов Еврошаркет менен Москва ортосундагы сүйлөшүүлөрдө энергия, соода, коопсуздук маселелери менен катар адам укуктары жаатындагы абал тууралуу кептин козголушу оң болмок деп белгиледи. Европа кеңеши Россиядан эларалык нормаларга дал келбеген жарандык коом жөнүндөгү мыйзамдардын өзгөртүлүшүн талап кылууга тийиш, - деди Орлов.

Уюмдун дагы бир өкүлү Алексеева сыйлыкты алгандан кийин “Мемориалдын” активисттери мурдагыдан да чоң коркунучка, кысымга кабылбайт деп үмүттөнөөрүн айтты.

"Мемориал" Кадыровго 2 миң 350 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилген

Эстемированын киши колдуу болушунан кийин Орлов бул кылмышка Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун катышы бар деп айыптаган. Кадыров аны сотко берип, моралдык зыян үчүн 340 миңдей доллар төлөтүүнү көздөгөн. Орус президенти Дмитрий Медведев Кадыровдун дарегине айтылган айыптоону “примитивдүү” деп атап, аны четке каккан.

Москва соту Орлов жана “Мемориал” Чечен президентине жала жабуу үчүн күнөөлүү деген бүтүмүн чыгарган. Уюм жана анын директору Кадыровго 2 миң 350 доллардай айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Ушу тапта “Мемориал” аппеляциялык арызынын каралышын күтүп жаткан кез. Бул аралыкта Кадыров да ага төлөнчү айып пулдун көлөмү көбөйтүлсүн деген арыз менен сотко кайрылды.